Башар Асад: Алепподогу жеңиш чоң жетишкендик

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Сириянын президенти Башар Асад Алепподогу жеңиш өлкөдөгү беш жылдан бери уланып келаткан согуштун аякташына карай чоң кадам экенин билдирди.

Бирок оппозициячыл топтордун жеңилүүсү менен согуш бүтүп калбайт деп кошумчалады. Козголоңчу оппозициячылар Алеппонун эски шаарынан чыккандан кийин, жайкын тургундарды шаардан аман чыгарып кетүү үчүн беш күндүк мелдешүү сурашкан.

Бирок Асаддын армиясы чабуулду улантып жаткандыктан от атышууну токтотуу сунушун четке какты. АКШ жана батыштын 5 өлкөнү согушту токтотуу чакырыктарына карабастан Асад ушундай чечим кабыл алды.

Сириянын "аль-Ватан" гезитине берген маегинде президент Асад: “Алеппону алуу биз үчүн жеңиш, бирок чынында ушуну менен согуш бүтүп калат дегенди билдирбейт. Ошентсе да Алепподогу жеңиш согуштун аякташына карай чон кадам. Террористтер башка аймактарда да бар, албетте биз аларга каршы согушту улантабыз“,-деди.