Донбасста каршылашкан тараптар жаңы ок атышуу жана жоготуулар болгонун билдирүүдө

ок атышуу Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Украина чыгышындагы жаңжалдашып жаткан тараптар бири-бирин кайра жаңыланган ок атышуу жана жоготуулар боюнча айыптап жатышат.

Донбасстагы операция жүргүзүп жаткан армиянын штабынан билдиришкендей, өткөн түнү бир аскер кызматкери окко учту. Ал эми өздөрүн аймактык түзүм катары жарыялаган ДЭР өкүлдөрү эки жайкын тургун каза тапканын айтты.

"Бардыгы болуп 86 жолу ок атуу болгонун каттадык. Биздин бир аскер кызматкери каза тапты, тогузу жаракат алды",-деп билдирди Донбасстагы операция жүргүзүп жаткан армиянын штабы.

Бул билдирүүгө караганда, украин аскерлернин турумдарына Донецк, Луганск, Мариупольск багыттарынан ок атуулар болгон. Aрмиянын штабынан билдиришкендей Авдеевка районунда жикчилер "Град" деп аталган реактивдүү системадан жүзгө чукул снаряд атышкан.

Сүрөттүн автордук укугу AP
Image caption Aрмиянын штабынан билдиришкендей Авдеевка районунда жикчилер "Град" деп аталган реактивдүү системадан жүзгө чукул снаряд атышкан.

Ошол эле учурда ДЭР өкүлдөрү дагы ушундай эле оор курал менен аткылады деп укриан аскерлерин күнөөлөп жатат.

Жекшембиде Донецктин чет жакасындагы Авдеевка районунда ок атышуулар жанданганы кабарланып, азырга чейин уланууда. Эки тарап тең ок атууну биринчи баштады деп бири-бирин күнөөлөштү.

Бул чакан шаарды украин аскерлери көзөмөлдөп тургандыктан өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Шаарда электр жарыгы жок жана жылуулук чектөө менен берилип жатат. Кырдаалга байланыштуу дүйшөмбү күнү украин Президенти Петр Порошенко Германияга иш сапарын токтотту. Шейшембидеги жыйында ок атышууну токтотуу үчүн болгон чараларды колдонобуз деди Президент.

АКШнын мамлекеттик департаменти Донбасстагы согушуп жаткан тараптарды ок атышпоого чакырган билдирүүсүн жарыялады. Мамлекеттик департамент өз билдирүүсүндө Минск келишимин колдоорун белгилеген. БУУнун Коопсуздук кеңеши дагы Донбасстагы кырдаалдын курчуп жатканына кабатырлануусун билдирип чыкты. Коопсуздук кеңеши Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын айтты.

Тема боюнча башка макалалар