"Лестер" башкы машыктыруучусу Раньерини кызматтан алды

Клаудио Раньери Сүрөттүн автордук укугу MICHAEL REGAN\getty images

Англиянын Премьер-лигасын утуп, сенсация жараткан окуядан тогуз айдан кийин "Лестер Сити" футбол клубу башкы машыктыруучусу Клаудио Раньерини кызматтан алды.

"Жетекчилик айласыз бул кадамга барганын моюнуна алат. Машыктыруучуну алмаштыруу канчалык оор болбосун, ал клубдун кызыкчылыгы үчүн болду",- деп айтылат билдирүүдө.

Раньери менен бирге анын эки ассистенти да клубдан кетет. Эми клуб жаңы машыктыруучу издеп баштады. Талапкерлер тууралуу азырынча эч кандай маалымат айтыла элек.

Азыр клуб лигада 17-орунда турат, анын лигадан чыгып калышын бир упай гана кармап турат. Алдыдагы оюндарга команданы машыктыруучунун жардамчылары Крейг Шекспир жана Майк Стауэлл даярдайт. Дүйшөмбүдө "Лестер" командасы "Ливерпулга" каршы ойнойт.

"Лестер" өз тарыхында биринчи жолу Англиянын чемпиону болду. 2015-2016-жылдагы сезондо италиялык машыктыруучу мүмкүнчүлүгү өтө төмөн бааланган команданы чемпиондукка алып чыккан.

Тектеш темалар