Парламенттин кезексиз сессияга чогулуу маселеси чечиле элек

Түшкө чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен фракция лидерлеринин жыйыны өткөн. Бирок жабык эшик артында өткөн жыйында бирдиктүү чечим кабыл алынган эмес.

"Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынганына байланыштуу кезексиз сессия чакыруу маселеси чечиле элек деп билдирди парламентте жүргөн кабарчыбыз.

Түшкө чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен фракция лидерлеринин жыйыны өткөн. Бирок жабык эшик артында өткөн жыйында бирдиктүү чечим кабыл алынган эмес. Ал жыйынга УКМК төрагасы да катышты деп маалымдады кабарчыбыз Азиза Култаева.

Кечээ күнү Текебаевдин камалышына байланыштуу кезексиз сессия чакыруу демилгесин бийликчил саналган КСДП фракциясынын депутатты Жанар Акаев интернеттеги социалдык баракчасына жазып чыккан эле.

Мындай пикирди «Өнгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракциялары колдоп жатат. Бирок бүгүнкү жолугушуусунда фракция лидерлери бир келишимге келе алган жок. Кечке чейин дагы сүйлөшүүлөр болуп, жыйынтык жарыяланмакчы.