Стокгольмдо жүк унаасы жөө кишилерди тебеледи

Стокгольм, Швеция Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Стокгольм, Швеция

Швециянын борбору Стокгольмдо жүк ташуучу унаа жөө кишилерди тебелетип дүкөнгө келип урунду. Окуя шаардын чордонунда болгон.

Стокгольмдун башка жактарынан октун добушу угулду. Метролор жабылды. Полиция элди шаардын борборунан алыс болууга чакырды.

Жүк ташыган унаа пиво жаcаган заводдон айдалып кеткени кабарланды. Окуя болгон - соода аймагында, адатта эл көп жүрөт. Сүрөттө чоң унаа дүкөндү сүздүрүп, түтүн чыгып жатканын көрсө болот.

Жергиликтүү медиa кеминде үч киши өлгөнүн кабарлады. Премьер-министр Стефан Лофвен бул окуяны террордук чабуулга окшош деп айтты.