АКШнын кубаттуу бомбасынан кийин «ИМ» тобу жоготууга учурады

Узундугу 9 метр, салмагы 10 тоннага чукул, дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомба 2003-жылы сыноодон өткөн Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Узундугу 9 метр, салмагы 10 тоннага чукул, дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомба 2003-жылы сыноодон өткөн.

Ооганстандагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун турумдарына жолдонгон АКШнын эң кубаттуу бомбасынан кийин туннелдерге жашырынып алган 36 согушкер набыт болду. Бул тууралуу Ооганстандын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Аба чабуулу учурунда жайкын тургундар жапа чеккен жок деп кошумчалаган аталган мекеме.

"Аба чабуулдарынын жыйынтыгында «ИМ» экстремисттик тобунун терең туннел кылып казып алган маанилүү башкалкалаган жайлары жок кылынды. Ошондой эле топтун 36 согушкери набыт болду»,-деп айтылат Ооганстандын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.

Жума күнү түн ичинде АКШ дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомбасын Ооганстандагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун турумдарына жолдогонун кабарлаган.

Узундугу 9 метр, салмагы 10 тоннага чукул, дүйнөдөгү эң чоң өзөктүк эмес бомба 2003-жылы сыноодон өткөн. Бирок буга чейин согуштук аракеттерге колдонулган эмес.

Бомбаны Пакистан менен чектеш Нангахар провинциясынын Ачин районундагы «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун согушкерлери колдонуп келген туннелдерге ташташкан.

Ооганстандагы америкалык аскерлердин кол башчысы генерал Жон Николсон:

«Жихадчыл топтор жоготууларга карабастан өздөрүнүн турумдарын сактап калыш үчүн колго жасалган жардыргычтарды, туннел, бункерлерди колдонуп жатышат. Бул ошондой тоскоолдуктарды жок кылууга абдан ылайыктуу курал жана биздин алдыга жылуубуздун ылдамдатат »,-деп билдирген эле.

АКШ Президенти Дональд Трамп бул аба чабуулун «чоң ийгилик» деп атады.

Тектеш темалар