КЭДР ракета сыноосун өткөрүүнү уланта берерин айтты

Ишембиде Түндүк Корея аскердик салтанаттуу жүрүш өткөрдү. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ишембиде Түндүк Корея салтанаттуу аскердик жүрүш өткөрдү.

Эл аралык кысымга жана АКШ менен чыңалуу күчөп жатканына карабастан Түндүк Корея ракета сыноосун уланта берет деп билдирди Би-би-сиге КЭДРдин Тышкы иштер министринин орун басары.

"Биз көптөгөн ракеталык сыноолорду өткөрөбүз, бир апта сайын, айлык жана жылдык сыноолорду»,-деди интервьюсунда Хан Сонг-Рёль.

Эгерде АКШ аскер каражаттарын колдонсо, анда согуш башталып кетет деди КЭДР дипломаты. Мунун алдында АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтондун Пхеньянга карата «стратегиялык чыдоо доору» бүттү деп билдирген болчу.

Пенс жекшембиде Сеулга иш сапары менен келген. Ал келердин алдында КЭДРдин кезектеги ракеталык сыноосу ийгиликсиз болгону жарыяланды. Иш сапары учурунда Пенс Түндүк Кореянын дарегине ачуу сындарды айтты.

Түштүк Кореянын Президентинин милдетин аткарып жаткан Хван Хион менен бирге жасаган билдирүүсүндө:

"Соңку эки аптада дүйнө биздин Президенттин Сирия жана Ооганстандагы аракеттерин көрүп, анын күчүнө жана чечкиндүүлүгүнө күбө болду»,-деди. Ал ошондой эле Түштүк Кореяга колдоо билдирип, «биз 100 пайыз силер мененбиз» деген.

Марттын башында Түндүк Корея төрт баллистикалык ракетасын сыноодон өткөргөн. Муну Япониядагы америкалык аскер базаларына сокку уруу машыгуусу катары түшүндүргөн эле. КЭДРдин бул аракети эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылды. АКШ менен Япония БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылды.

АКШ Президенти Дональд Трамп «чөлкөм коркунучтун жаңы деңгээлине чыкты» деп билдирген эле.

Ким Чен Ын болсо өлкө жакында континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрө турганын айткан. (AbA)

Тектеш темалар