Франция президенттигине талапкерлер кимдер?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Франциядагы шайлоону түшүндүрөбүз

Жекшембиде Франция президенттик шайлоонун биринчи айлампасын өткөрөт. Президенттик шайлоонун биринчи турунда он бир талапкер ат салышууда.

Бул соңку жылдардагы эмне менен бүтөрүн болжоп айтуу өтө кыйын шайлоо өнөктүгү болууда, ким жеңип чыгарын айтканга эч ким даабай турат.

Алдыга суурулуп чыккан эки талапкер эки аптадан кийин кайрадан жарышка түшөт. 23-апрелде жекшембиде боло турган шайлоонун алдындагы талапкерлердин алдыңкы катарында кимдер бар экенине назар салалы.

Францияда сурамжылоонун соңку жыйынтыгы боюнча президенттик жарышта тѳрт талапкер алдыда баратат.

Эммануэль Макрон талапкерлердин эң жашы - ал болгону отуз тогуз жашта. Ал өзүн ортомчул атап, солчулдардын да, оңчулдардын да добушун алгысы келип жатат.

Ротшилдердин мурдакы банкири иш аптасын 35 саат менен ийкемдүү уюштурган бизнес программасын сунуш кылууда.

Ал социалисттердин өкүлү Франсуа Олланд президент болуп турганда экономика министри болуп иштеген. Ал биринчи жолу шайлоого баратат.

Маркон Евробиримдикке оң караган жана Германия менен тыгыз мамиле күтүүгө чакырган бирден бир талапкер экенин айта кетүү керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Беш талапкердин төртөө гана экинчи турга өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Сүрөттө: (солдон оңду карай) Франсуа Фийон, Бенуа Амон, Марин Ле Пен, Эммануэль Макрон жана Жан-Люк Меланшон.

Жан Люк Меланшон акыркы күндөрдө эле оозго алынган саясатчы катары жаңылык болууда. Ал ашынган солчулдардын колдоосуна таянып, Францияны НАТОдон чыгарып кетүүнү көздөп жатат.

Ал социалисттердин мурдакы өкмөтүндө айрым убакыт бою билим берүү министри болуп иштеген. Ал ошондой эле Евробиримдикке сын мамиледе болуп, анын экономикалык либерализми демократиялык өзгөрүүлөрдү жүргүзүү аракетин таш каптырды деп айтып келатат.

Саясий майдандын экинчи жагында ашынган оңчулдардын Улуттук Фронт партиясынын талапкери Марин Ле Пен турат, ал дагы Европалык Биримдикке каршы чыгып жатат. Ал адегенде алты ай Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эгер ал максатында жетпесе , ошондо гана референдумга - элдин таразасына коюу керек дейт.

Аталган талапкердин айтымында, француз жарандары социалдык турак жай алууга артыкчылыктуу укуктары болуш керек жана легалдуу иммиграция жылына он миң адам менен чектелиши зарыл.

Төртүнчү талапкер мурдагы оңчул премьер- министр Франсуа Фийон. Ал адегенде эле күчтүү талапкер катары оозго алынып баштаган, бирок анын аялы менен эки баласы мамлекеттин каражаттарынан мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталып жаткандыктан, шайлоо өнөктүгү жаңжалдар менен коштолууда.

Ал расмий иликтөө бүткүчө четтеп турарын айтып алып, кайра бул оюнан баш тартты. Парасаттуу католик өзүн саясий чайкоочулуктун» курмандыгы болуп жатканын айтып арызданууда.

Бул саясатчы экономикалык либералдык платформада үгүт жүргүзүп, мамлекеттик сектордо жарым миллион иш орундарын кыскартарын айтып, өзүн Франциянын Тетчери катары көргөзгүсү келип жатат.

Айрым айырмачылыктарга карабастан, бул төрт талапкердин бири-бирине окшоштугу, жакындыгы да чоң, ошого жараша аларга берилген добуштардын жыйынтыгы да көп айырмаланбашы мүмкүн.

Тектеш темалар