"Көзүңүз канча турат?»: Ливандагы киши органдары менен соода кылгандар

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ливандагы адам органдарынын соодасы

Абу Жаафар жашоосуна каражатты кайдан иштеп табары жөнүндө мага айтып берип жатканда анын көздөрү жанып сыймыктанып турду.

Ал башында сыра саткан жайда күзөтчү болуп иштеп жүргөн. Анан кишинин органдары менен соода кылгандар менен таанышкан экен. Негизги тапшырмасы - өзүнүн органдарын сатууга аргасыз болгон муктаж кишилерди табуу.

Сириядан миңдеген качкындардын Ливанга агылып келип жатышы ага көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан.

"Ооба, мен кишилерди пайдаланам»,-дейт ал. Бирок алар өз өлкөсү Сирияда деле өлүп калышы мүмкүн эле деп актанууда. Анын сөзүнө караганда, адам органдарын сатуу - качкындар өз өлкөсүндө башынан өткөргөн үрөй учурган көрүнүштөргө салыштырганда шоона эшпей калат.

"Мен аларды пайдаланам, алар дагы мындан пайда көрүшөт»,-дейт ал. Анын офиси Бейруттун түштүгүндөгү калк жыш жайгашкан райондордун бириндеги эски имараттагы чакан кофейня. Дубалдары көктөп кеткен бул жайдын төр тарабы эски мебелдерге толгон, ар бир бурчта капаска салынган попугайлар турат.

Дал ушул жерде соңку үч жылда 30 качкындын органын сатууну уюштурганын ал өзү айтып берди.

"Адатта бөйрөктү сурашат. Бирок мен башка органдарды деле таап бере алам»,-деп айтып берүүдө Жаафар.

"Бир жолу бирөө көзүн сунуш кылды эле. Бирок мен кардар таба албай койдум. Мен муну далилдөө үчүн анын көзүн сүрөткө тартып, Whatsapp аркылуу балдарга жөнөттүм. Ошондон кийин гана кардар табылды»,-деп кебин улады ал.

Ал иштеген жердеги тар көчө качкындарга толгон. Болжолу Ливандагы ар бир төртүнчү киши бул жакка коңшулаш Сириядан качып келген. Алардын көбү Ливандын мыйзамдары боюнча иштей алышпайт. Көпчүлүк бүлөлөр араң эле тирчилик кылууда.

Ѳзгөчө оор абалга палестиналык качкындар кабылган. Сирияда алар мурда эле качкын эсептелчү. Ошондуктан БУУнун качкындар боюнча агенттиги аларды кайра катай албайт. Алар качкындар толгон лагерлерде баш калкалап, жарыбаган гумжардам алышат.

2015-жылы майдан кийин келген сириялык качкындар өтө оор абалга дуушар болду. Анткени Ливандын бийлиги БУУдан ушул датадан баштап качкындарды каттоону токтотууну өтүнгөн.

"Качкын макамын албагандар үчүн бул жерде өтө оор,-дейт Абу Жаафар. Алар эмне кылышы керек? Алар аргасыз, өз органын саткандан башка жашап кетүүгө жол жок».

Качкындардын айрымдары, көбүнесе балдар көчөдө кайыр сурашат. Өспүрүмдөр бут тазалап, чоң көчөдө унааларды аралап майда-барат нерселерди сатышат. Айрымдары сойкулукка барууда.

Абу Жаафар органын сатууга кызыкдар болгон талапкерди тапкандан кийин, белгиленген күнү анын көзүн таңып, жашыруун жерге алып барат. Айрым учурда дарыгерлер ижарага алынган үйлөрдү убактылуу клиникага айландырып, операция алдында донордун канын базалык анализге алышат.

"Операция бүткөндөн кийин мен аларды үйүнө жеткирип коем",-дейт.

"Алардын операция болгон жаратындагы жиби алынганга чейин бир жумага чукул кам көрөм. Жибин алгандан кийин гана алар менен биздин ишибиз жок,-деп кебин улады Жаафар. - Мындан ары кандай болору менин жумушум эмес, кардар акчасын алды, бүттү".

Анын акыркы жолку кардары атасы жана агалары каза тапкандан кийин Сириядан качып келген 17 жаштагы сириялык улан болду.

Ал Ливанда үч жыл жашап, жумуш жок, карзыдары көбөйүп, беш карындашын жана апасын бага албай калгандан кийин аргасыз кадамга барган экен. Абу Жаафардын жардамы менен оң бөйрөгүн 8000 долларга сатууга макул болгон.

Эки күндөн кийин ичип жаткан дарыларга карбай дагы деле жаны ооруп турганы байкалып турду. Ал отуруп, кайра туруп, диванга кайра жатып, ыңгайлуу жай издеп жаткандай абалда эле. Анын жүзү кубарып, таңуусунан кан чыгып турат.

Абу Жафаар бул акыркы кызматына канча төлөшкөнүн ачык айткан жок. Ал органдарды андан ары кайда алып барышары тууралуу дагы билбейт. Балким чек арадан ары алып чыгып кетишсе керек деп ойлойт.

Жакынкы Чыгышта диний ишенимдерден улам органдарды донор катары алышпайт, дээрлик бул өтө сейрек көрүнүш. Абу Жаафар Ливанда өзү сыяктуу ортомчу болуп иштеген кеминде жети киши бар деп тасыктоодо. Ал бул кылып жаткан иши мыйзамга каршы келерин жакшы билет. Мындан коркпой турганын айтты. Мобилдик телефону өзү жашаган үйгө жакын жерде боек менен дубалга жазылып турат. Бул райондогулар андан коркуп, аны сыйлап турушат экен.

Биз аны менен сүйлөшүп жаткан учурда артына кыстарып алган тапанчасы байкалып турду.

"Мен эмне менен алектенип жатканымды билем, мыйзамсыз нерсе. Бирок мен кишилерге жардам берип жатам",-дейт ал.

"Мен аны мындай карап эле билем. Кардар ал акчаны колдонуп, мүмкүн өзүнүн, бүлөөсүнүн жашоосун оңдоп алат,-деп кебин улады Жаафар.-Балким унаа сатып алып, такси болуп иштеп каражат табат же башка өлкөгө кетип калышы мүмкүн".

"Мен кишилерге жардам берип жатам. Ошондуктан мыйзам маанилүү эмес".

Дал ушул мыйзамдар кишилерди кыйын абалга калтырып, алардын иштөөсүн жана жардам алуусун чектеп жатат деп эсептейт Жаафар.

"Мен эч качан операцияга мажбурлабайм. Мен болгону кимдир бирөөнүн өтүнүчү менен ага жардам кылам",-дейт.

Ал тамеки түтөтүп жатып, кашын серпти дагы, "Өзүңүздүн көзүңүзгө канча сурайсыз?",-деди.

Абу Жаафар - өзгөртүлгөн ысым. Ал Би-би-сиге аты-жөнүн жашыруункалтыруу шарты менен сүйлөп берди.