Түштүк Кореяда жаңы президент шайланды

Мун Чжэ Ин кызматына расмий киришти Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мун Чжэ Ин кызматына расмий киришти

Түштүк Кореядагы мөөнөтүнөн мурун өткөрүлгөн шайлоодо жаңы президент болуп "Тобуро" демократиялык партиясынын талапкери 64 жаштагы Мун Чжэ Ин шайланды. Жекшембиде өткөн добуш берүүдө ал шайлоочулардын 41 пайыз добушун алган.

Мун Чжэ Ин кызматына расмий киришкен салтанатта КЭДР менен мамилени жакшыртуу үчүн ылайыктуу шарт болсо Пхеньянга барууга даяр экенин билдирди.

Түштүк Кореяда коррупциялык жаңжалдан кийин мурдагы президент Пак Кын

Хеге импичмент жарыяланып, мөөнөтсүз шайлоо дайындалган эле. Мурунку президентке пара алган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган деген айыптоолор тагылууда.

Айыптоолордун көпчүлүгү Пак Кын Хенин жакын курбусу Чхве Сун Силге байланыштуу. Тергөө Чхве Сун Силди эч кандай мамлекеттик кызматты ээлбей туруп, бирок президент менен жакын болгонунан пайдаланып, мамлекеттик башкаруу иштерине аралашкан, саясый чечим кабыл алууга таасир этип, жеке кеңешчилери болгон деп айыптап жатат.

Ошондой эле Чхве Сун Силь өзүнүн таасирине таянып, өлкөдөгү айрым корпорацияларды өзүнө таандык фондко миллиондогон акча которууга мажбур кылганы боюнча да иликтөө жүрүүдө.

Пак Кын Хе бул иштерге катыштыгы жок экенин айтып, айыптоолорду четке кагып келүүдө.