Маделейн Риивз: Манчестерде элдин үрөйү учуп турат

Маделейн Риивз өзү Кыргызстанда жашап, кыргыз тилинде сүйлөгөндү үйрөнүп келген британдык окумуштуу. Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Маделейн Риивз өзү Кыргызстанда жашап, кыргыз тилинде сүйлөгөндү үйрөнүп келген британдык окумуштуу.

Террордук чабуул болгон Манчестер шаарындагы Манчестер университетинин социалдык антропология боюнча окутуучусу Маделейн Риивз бул шаардын эли көп улуттуу болсо да, ынтымактуу жашап келгенин, бирок соңку кандуу окуядан үрөйү учуп турганын Би-Би-Сидеги маегинде айтып берди.

М. Риивз: Менин үйүм Манчестерде, бирок стадиондон алысыраак. Ошондуктан мен өзүм тынч элемин, студенттерим да аман-эсен. Менин бир нече студентим ушул концертке барган эле. Бирок алардын эч кимиси жабыркаган жок.

Би-Би-Си: Манчестерде азыр кырдаал кандай?

М. Риивз: Мен өзүм шаарга чыга элекмин. Мен үйдө өзүмдүн ишимди кылып атам. Эртең менен саат он бирде биздеги чоң соода борборунда адамдарды эваукация кылышты. Азыр Манчестерде элдин үрөйү учуп турат. Бул стадиондо келгендер жаш балдар эле, көбү жаңы экзамен тапшырып бүткөн мектепте окуган балдар болчу. Эмне үчүн балдар чогулган жерде ушундай каргаша окуя болгонун биз түшүнө албай жатабыз.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Маделейн Риивз: Манчестерде элдин үрөйү учуп турат

Би-Би-Си: Манчестер Британиядагы калкынын көбү мусулман болгон шаарлардын бири эмеспи. Мурда-кийин динге байланыштуу кандайдыр бир чыр же чыңалуу болгон эмес беле?

М. Риивз: Биздин Манчестер шаарыбыз аябай ачык шаар. Калкы көп улуттуу шаар. Буга чейин эч кандай жаман мамиле болгон эмес. Биз негизи аябай ынтымактуу жашайбыз. Көп улуттагы адамдар тынчтыкта жанаша жашап келатат. Мисалы, жакында эле кыргыздар биздин үйгө келишкен кыргыздар көрүп алып аябай таң калышкан. Мусулмандар башка эл менен аябай тынч, жакшы мамиледе жашашат.

Би-Би-Си: Эми террордук чабуулдан кийин бул мамиле өзгөрүшү мүмкүнбү?

М. Риивз: Менимче, мунун таасири болбойт деген чоң үмүт-тилегим бар. Мисалы, Ослодо жардыруу болгондо анын эли дүйнөгө биримдикти көрсөттү. Мына биз дагы бүгүн Манчестерде биримдикти көрсөтүш үчүн эскерүү эскерүү иш чарасын өткөрөбүз.

Би-Би-Си: Демейде чоң шаарларды бутага алышат эмсепи. Террордук чабуул үчүн эмнеге бул жолу Манчестерди тандап алышты деп ойлойсуз?

М. Риивз: Балким, чоң шаардагы чоң стадион болгон үчүндүр. Жыйырма миң киши ушул концертте болгон экен. Аябай чоң жардыруу кылыш үчүн оңой жер болгон. Себеби келгендерди бүт текшере алышпайт. Эмне үчүн Манчестер болгонунун бир себеби ушул эле болушу мүмкүн.