Акматалиев: Нарындагы университетти сындагандар окуу жайдан кабары да жок

2008-жылы курулуп баштаган Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл алган.
Image caption 2008-жылы курулуп баштаган Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл алган.

Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштардын катуу талкуу жараткан чыры боюнча кылмыш иши козголду. Бүгүн алардын элдешкени кабарланды. Би-Би-Си Нарын мамлекеттик университетинин мурдагы ректору, коомдук ишмер Алмазбек Акматалиевди кепке тартып, бул окуянын алдын алса болот беле деп сурады.

А. Акматалиев: Бул окуя мен үчүн чындап күтүүсүз болду. Буга себеп боло турган кандайдыр бир тенденция деле жок болчу. Себеп жок болгон соң, анын алдын алууга деле анчейин негиз жок эле. Бирок бул окуя баарына бирдей сабак болуп, кайсы тарабы болбосун жыйынтык чыгарышы керек.

Сүрөттүн автордук укугу Sputnik
Image caption А. Акматалиев: Бул окуя мен үчүн чындап күтүүсүз болду.

Би-Би-Си: Тыянакты кантип чыгаруу керек жана анын кандай жолдорун көрүп турасыз?

А. Акматалиев: Биринчиден, мушташ чыкты, токмоктоду деп айтылып жатат. Бул кадимки эле тентектик. Мыйзам боюнча кыргыз, тажик же башка дебей, кимиси болсо да жооп бериши керек. Экинчиден, ар бир орган кайсы жерден, эмне болуп кемчилик кетти, бул иштин артында бирөөлөр турганбы, кандай тенденциялар болуп жаткан, ошону кылдат талдап чыгышы зарыл. Себеби 3-4 жылдан бери эле Кыргызстандагы диний радикалдар "шийит университети Нарында ачылыптыр, тезинен жабыш керек. Алар мусулман эмес, жоготуш керек" деген чакырыктарды айтып келе жатышкан. Мындай чакырыктын өзү туура эмес. Анын бул окуяга таасири барбы? Бар экендиги аныкталса, алар жооп бериши керек. Бул суроо Нарындагы окуя болбогон күндө да дайым мамлекеттин көзөмөлүнөн чыкпашы зарыл.

Image caption А. Акматалиев: Бул Кыргызстанда радикал динчилдер күчөп бара жатканынан кабар берет деп эсептейм. Интернеттеги пикирлерди карап көрсөңөр ойлондурбай койбойт.

Би-Би-Си: Социалдык тармактардагы талкууларды карай турган болсок, бул окуяны дин же улутка да байланыштырып жатканын байкоого болот. Ушундай ойлоого негиз барбы? Мындай пикирлер эмнеден кабар берет?

А. Акматалиев: Бул Кыргызстанда радикал динчилдер күчөп бара жатканынан кабар берет деп эсептейм. Интернеттеги пикирлерди карап көрсөңөр ойлондурбай койбойт. Ачыктан ачык "шийиттер мусулман эмес, жоготуш керек" деп жазып жатышат. Экинчиден, укук коргоо органдары менен жергиликтүү бийлик мындай көрүнүштөр болбошу үчүн алдын ала анализ кылганды үйрөнүшү керектигин көрсөттү. Албетте университеттин жетекчилиги да мындай иштен четте калбашы зарыл. Алар студенттерге кайсы жерге, кандай элге келгенин туура түшүндүрүшү керек. Кыргыз эли, анын ичинде нарындыктар билим-илимдин маанисин беш колдой түшүнүп турат. Андан күмөн саноо туура эмес. Ага мисал, акыркы дүнүйөсүн сатса да, уул-кызын окутканга далалат кылып жатышпайбы.

Би-Би-Си: Агартуу тармагынын өкүлү катары айтсаңыз, бул университет эмнеге, кандай программага таянып иш алып барат?

А. Акматалиев: Бул уникалдуу университет деп ишенимдүү айта алам. Себеби Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандагы үч университет биригип, Орто Азия университети деп аталат. Ошондуктан аталган үч өлкөнүн президенттери убагында Карим Ага Хан төртүнчү менен келишимге келишкен. Окуу жайдын эң негизги максаты - тоолуу шартта жашаган элге сапаттуу билим берүү. Биз ошону түшүнүп, университет үчүн отуз гектардан ашуун жерди бөлүп берип, керек болсо Нарын - Ак-Талаа жолун бираз өзгөрткөнгө да туура келген. Себеби бул абдан маанилүү долбоор.

Image caption Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин студенттери менен жергиликтүү жаштардын катуу талкуу жараткан чыры боюнча кылмыш иши козголду.

Би-Би-Си: Окутуу программасынан күмөн санагандай көз-караш да байкалып калды. Окуунун жүрүшүндө динге мамиле кандай?

А. Акматалиев: Университет эч кандай динге негизделген эмес. Ошондой пикир жазып жаткан адамдар өздөрү караңгы адамдар экен деп жыйынтык чыгардым. Анткени өздөрү программа тууралуу эч нерсе билишпейт. Аны мына биз билебиз. Нарында эле эмес, Ага Хандын орто мектеби Ошто да иштеп жатат. Жыйынтыгын карап көргүлө. Казакстанда Нарындан кичине болгон Текели деген шаарда, Тажикстандагы тоолуу Бадахшанда да иштеп келүүдө.

Маалым болгондой, 8-июнда аталган университеттин шаардын ичиндеги имаратына жүздөн ашуун жергиликтүү жаштар келип, чет өлкөлүк студенттердин чөгөлөп кечирим сурашын талап кылган. Студенттердин бири тизелеп туруудан баш тарткан соң, кайым айтышуу абдан күчөгөн.

2008-жылы курулуп баштаган Нарын шаарындагы Борбордук Азия университети 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл алган. Бул жер миңден ашык студентке ылайыкталган. Учурда ал жерде 70 студент билим алууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар