Орусияда «өлүм тобунун» администратору боюнча иликтөө жыйынтыкталды

Филип Будейкин Сүрөттүн автордук укугу SVETLANA KHOLYAVCHUK/TASS

Орусиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербургдагы башкармалыгы интернеттеги «өлүм тобу» деп аталган топтун администратору Филип Будейкиндин кылмыш ишин иликтөөнү соңуна чыгарды.

Иштин материалдары прокуратурага жөнөтүлөт. Эгерде айыптоолор боюнча далилдер жетиштүү деп табылса андан ары сотко өтмөкчү.

Тергөө комитетинин маалыматына караганда 2016-жылдын апрель-май айларында Будейкин "ВКонтакте" социалдык тармагы аркылуу өспүрүмдөр арасында суицидди пропаганда кылып, ага барууга түрткөн деп айтылат.

Тергөөчүлөр Будейкин Астраханда 15 жаштагы окуучу кызды өзүнө салууга жеткирген деп ырастайт. Ошондой эле Тюмен облусунда өспүрүм кызды дагы өзүнө кол салууга чейин алып келип, бирок аны дарыгерлер аман сактап калышканы айтылат тергөө матералдарында.

21 жаштагы Будейкин 2016-жылдын 16-ноябрында камакка алынган. Ага карата 2016-жылдын май айында кылмыш иши козголгондон кийин "Новая газета" басылмасы «өлүм тобу" тууралуу жазып чыккан. Иликтөө жүрүшүндө социалдык тармактарда өспүрүмдөрдү суицидке түрткөн топ бар экени аныкталган.

Басылмадагы маалымат боюнча 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын апрелине чейин ушундай топтордо турган 130 өспүрүм өзүнө өзү кол салган.

Орусиянын балдар Акыйкатчысы Анна Кузнецова белгилегендей 2016-жылдагы өспүрүмдөр арасындагы өзүн өзү өлтүрүү учурларынын көбү ушуга байланыштуу. Ошол эле учурда өлкөнүн Ички иштер министрлиги «өлүм тобунун» өспүрүмдөрдүн өзүнө кол салуусуна тийгизген таасири өтө аз экенин белгилейт. 2017-жылдын мартында жарыяланган статистикага таянсак, мындай топтордун өспүрүмдөрдүн өлүмүнө алып келген таасири 1 пайызды түзгөн.

Өспүрүмдөрдү социалдык тармактар аркылуу өлүмгө түртүү окуясы коомчулукта катуу талкууларды жараткан. Орусиянын парламенттинде мындай топторду кылмыш жообуна тартуу үчүн атайын мыйзам долбоорун депутат Ирина Яровая сунуштап чыккан.

26-майда Дума бул мыйзамды үчүнчү окуудан жактырды. Эгер кабыл алынып калса, мыйзамга ылайык интернетте "өлүм тобун" түзгөндөр алты жылга чейин эркинен ажыратылат. (AbA)

Тектеш темалар