Тарых түрмөгү: Түрк тарыхына арналган китеп көйгөйү
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Тарых түрмөгү: Түрк тарыхына арналган китеп көйгөйү

15-16-июнда Стамбул шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин, ошондой эле түрк академиясынын катышуусунда жалпы түрк тарыхы боюнча жыйын өтүүдө. Түрк тарыхына арналган 8-класстар үчүн китеп жазууда буга чейин дагы бир топ жолугушуулар болгон. Ал эми Стамбулда өтүп жаткан жыйында бул окуу китебинин акыркы концепциясы каралып, биротоло жыйынтык кабыл алынмакчы. Бирок кыргызстандык өкүлдөр бул жыйынга катышкан жок. Анын чоо-жайы жөнүндө тарыхчылар Кыяс Молдокасымов менен Мурат Иманкулов кеп кылат.