Лондондогу түнкү кол салуу: күбөлөрдүн айткандары

Окуя болгон жер курчоого алынып, полиция иликтөөсүн улантууда. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Окуя болгон жер курчоого алынып, полиция иликтөөсүн улантууда.

Британияда соңку төрт ай ичиндеги төртүнчү жолу катталып жаткан кол салуу боюнча күбөлөр Би-би-сиге айтып беришти.

Окуя Лондондун түндүгүндөгү Финсбери-парк районунда мечитке жакын жерде болуп, фургон кишилерди тебелетип кеткен.

Кеминде бир киши каза тапты. Кол салгандардын бири камакка алынып, бийлик окуяны потенциалдуу теракт катары карап жатат.

Халид Амин, окуянын күбөсү:

Image caption Халид Амин, окуянын күбөсү.

"Фургон чукулунан солго бурулуп, атайын кишилерди сүздүрүп кеткени көрүнүп турду. Бир киши унаанын алдында калды, башкалар жүгүрүп келип аны чыгарууга аракет көрүштү. Унаадагылардын экөө качып кетти. Бирөөнү кармап калышты. Ал болсо, «Силер баарыңар мусулмансыңар. Мен бардык мусулмандарды өлтүрүүнү каалайм» деп кыйкырды. Сөзмө сөз ушунтип айтты».

Адил Рана, күбө:

Image caption Адил Рана, күбө.

«Унаада үч киши бар эле. Бирөөсүн унаадан сүйрөп түшүп, асфальтка басышты. Элдер «полицияга чалгыла» деп кыйкырып жатышты. Унаадан дагы экөө качып кетти. Полиция бир сааттан кийин гана келди. Бул акылга сыйгыс. Лондон көпүрөсүндө болгон кол салууда окуя болгон жерге алты минутада жетишкен. Тез жардам беш минутада жеткен. Бүгүн тез жардам 45 минутада келди. Мен эмне үчүн мындай болгонун билгим келет? Биз мусулмандар көчөдө өзүбүздү коопсуз сезбей жатабыз».

Фабиан Али, күбө

Сүрөттүн автордук укугу BB c
Image caption Фабиан Али, Моххамед Мохид күбө

"Биз дал ушул учурда кафеге кирген элек. Бир маалда эле катуу доош чыкты. Мен көчөгө жүгүрүп чыксам кишилер туш келди качып, кыйкырып башаламан болуп жатышыптыр. Фургон эшиктери ачылып туруптур. Тик учак учуп, бул жер курчоого алынды. Бизге азыр эч нерсе айтышкан жок. Бул терроризмби эмне экенин биз билбейбиз».

Моххамед Мохид, күбө

"Унаа кишилерди сүзгөндө андан бирөө качып жөнөдү. Полиция абдан бат келди. Баарыбызды кууп чыгып, окуя болгон жерди курчоого алды. Башында биз бул жөн гана авария деп жатканбыз. Жерде жаткан кишилерди көргөндө гана бул жөн эле авария эмес, бул - теракт экенин түшүндүк. Мен оор жаракат алган жети-сегиз кишини көрдүм. Алардын бири ордунда каза тапты".

Трагедия болгон жерге жакын үйлөрдө жашаган аял:

"Тротуарда үч-төрт кишиге полиция жардам көрсөтүп жатты. Кеминде эки киши жерде жатты. Полиция кызматкерлери тез жардам унаасы келгенге чейин алардын биринин жүрөгүнө массаж жасап жатышты…Мунун баары абдан жаман көрүнүш эле. Менимче, аларда баары жакшы болот деп үмүттөнөм".

Мухбин Хуссейн, "Британдык мусулман жаштары" кыймылынын негиздөөчүсү:

Кол салуудан качууга мүмкүн эмес эле. Исламофобия өөрчүп жатканын байкагандыктан биз мындайды күткөнбүз. Кеп майда-барат окуялар тууралуу эле эмес, бул жерде баары: оозеки мазактоодон, кишилерге жана мечитке кол салууга чейин. Кандайдыр бир деңгээлде бул балким башка кол салууларга - Манчестер менен Лондонго жооп сыяктуу болду окшойт».

Тектеш темалар