Путин менен Трамп Гамбургда жолугушту

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Путин менен Трамп Гамбургда жолугушту

Гамбургда «Чоң жыйырманын жыйыны учурунда АКШ жана Россия президенттеринин көптөн күткөн жолугушуусу болуп өттү. Доналд Трамп менен Владимир Путин биринчи ирет жолугуп сүйлөшүштү. Жолугушуу эки саатка созулду.

Бүт дүйнөнүн көңүлү ушул жолугушууга кадалып турат. Анткени бул жолугушуу АКШда Трамптын шайлоо штабынын Кремль менен болгон тымызын байланыштарын иликтөө жүрүп жаткан учурда болду.

Дональд Трамп биринчи болуп сөз баштап, жолугушууга кубанычта экенин белгилеп, Гамбургдагы сүйлөшүүлөр талкуунун башталышы гана деп билдирди. Трамп ошондой эле Путин менен көп маселени талкуулаганга мүмкүнчүлүктү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп, бул жолугушуу Россияга да, АКШга да, жана башка кызыкдар тараптардын баарына оң натыйжаларды алып келерине үмүттөнөрүн айтты.

Путин өз кезегинде Трамп менен эл аралык эң курч маселелерди талкуулай турганын айтты:

"Телефондогу сүйлөшүүлөр эч убакта жетиштүү болбойт. Эгер биз эл аралык курч маселелерди чечүүнү кааласак, анда биз сөзсүз жолугуп турушубуз керек. Мен сиз менен жекеме-жеке жолукканым үчүн кубанычтамын. Президент мырза мен биздин жолугушуу оң натыйжаларды алып келет деп үмүт кылам",-деди Путин.

Рейтер агенттиги билдиргендей, Трамп сүйлөшүүлөрдүн алдында АКШдагы шайлоо процессине Россиянын кийлигишкени жөнүндө журналисттердин берген суроолоруна жооп берген жок.

АКШдагы президенттик жарыштын жүрүшүндө Трамп Россия менен мамиле түзгөнгө каршы эместигин көп жолу айткан. Анын ичинде эгер жеңип калса "Путин менен абда-а-ан жакшы мамиледе болорун" баса белгилеп айткан эле.

Республикачылдардын талапкерин мындай сөздөрү үчүн сындашып, ал эми анын шайлоо штабына Москва менен тымызын байланышта дегендей шек түшкөн.

Трамптын башкы атаандашы болгон Хиллари Клинтон эгер Трамп жеңишке жетке "Кремлде майрам болот" деген эле.

Путин менен Трамп бүгүнкү күнгө чейин бири-бирин негизинен мактап келишти. Мисалы, Путин Трампты "ачык жана түз айткан адам", анын "көз карашы жаңыча" деп сүрөттөгөн. Трамп болсо Россиянын лидерин "бекем" жана "акылдуу" деп атап келди. Бирок кийинки учурда АКШ президенти мактоо сөздөрүн азайткандай болду.

Трамп менен Путин 7-июлда «Чоң жыйырманын» саммитинде жолугуша турганы жөнүндө шейшембиде 4-июлда белгилүү болду. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул жолугушуу кол алышып учурашуу эле эмес, "кадыресе отуруп сүйлөшүү" болорун билдирген.

Анын айтымында, биринчи жолугушууда Трамп менен Путин эл аралык терроризмге каршы күрөш, Сирия, Украина темасын жана "куралсыздануу маселесин" да талкуулашат.

Кремлдин өкүлү бул жолугушуунун башкы максаты барган сайын күчөп көбөйүп жаткан конфликттер менен проблемаларды чечүүнүн эффективдүү кылуу үчүн жумушчу диалогду түзүү" деп атады.

Тема боюнча башка макалалар