Кенже Трамптын өзүн ашкерелеген каттары

Кенже Дональд Трамп менен Джаред Кушнер инаугурация салтанатында. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кенже Дональд Трамп менен Джаред Кушнер инаугурация салтанатында.

Дональд Трамптын уулу жарыялаган Россияга тийиштүү электрондук каттардын мазмунунда чоң чыр чыгып кете тургандай ашкерелөөлөр бар деп жатышат.

Президенттин улуу баласынын электрондук каттарды өзү жарыялагандан башка аргасы калган эмес окшойт. Анткени ал каттарды Ак үйдүн кожоюнунун артынан түшүп алган New York Times газетасы жарыяламак экен.

Эгер иш чынында эле ушундай болсо, анда кенже Трамптын кылганын коркуп кетип аргасы түгөнгөндө өзү колго түшүп бергендей жоруса болот. А бирок анын өзү "толук ачык-айкындык" үчүн ушул ишке барганын, өзүн сактап калуу максаты болгон эмес деп жатат.

Анткен менен анын жарыяланган электрондук каттарынын ичинде эң кеминде төрт үзүндү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу.

"Бул өтө жогорку деңгээлдеги жана абдан этият болчу маалымат, бирок бул Россиянын жана анын өкмөтүнүн Трамптын талапкерлигин колдоо максатында болуп жатат"

Кенже Трамп адегенде өзүнүн твиттеринде каттарынын биринчи үч барагын жарыялап, бирок эң сенсация болгон төртүнчү барагын калтырып койгон. Аны Бетховендин "Тогузунчу" симфониясын "Кубаныч одасы" жок же Чайковскийдин "1812-жыл" увертюрасын замбиректин канонадасыз калганы менен салыштырса болот.

Келтирилген үзүндү чындыгында эң маанилүү. Анын автору, кокустан эл аралык табышмакка айланган Роб Голдстоун, музыкалык промоутер болочок президенттин уулуна Россия анын атасына жардам бергиси келип жатканын ачык эле айтып жатат.

Ага чейинки абзацта ал Россия демократтардын талапкери Хиллари Клинтон жөнүндө «расмий документтер жана маалымат» сунуштап жатканына токтолот. Андан кийин ал жаманатты кыла турган материалдарды түздөн түз чоң Дональд Трамптын өзүнө анын жардамчысы Рон аркылуу жиберүү жагын талкуулайт. (айтмакчы, Рон адвокат жалдабаса болбойт окшойт).

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Трамптын уулу россиялык юрист менен эмнеге жолуккан?

"Эгер баары сен айткандай болсо, бул мага абдан керек өзгөчө жайдан кийин"

Эгер үтүр жок экенин көңүлгө албасак, анда кенже Трамптын Голдстоунга берген жообундагы бул саптар сөз эмне жөнүндө болуп жатканын, эмнеге чалынып жатканын ал сонун түшүнүп турганын көрсөтүп турат.

Иш жүзүндө россиялык тараптан Трамптын шайлоодогу атаандашын жаманатты кыла турган документтерди алышка анын шилекейи куюлуп жатат.

Бул саптагы акыркы сөздөр кенже Трамптын мындай маалыматты качан жарыялоо керектигин ойлонуп жатканын көрсөтөт.

Кенже Трамп менен Голдстоундун жолугушуусу июндун башында болгон. "Жайдан кийин" деген сөзү шайлоо өнөктүгүнүн кайнап турган учурун билдирет.

Анткени так ушул маалда эки партия өздөрүнүн улуттук курултайларын өткөзүп, талапкерлерин расмий жарыя кылышкан.

Айтмакчы, Демократиялык партиянын сервери дал ушул убакта талкаланып, анда сакталып турган миңдеген каттар Wikileaks сайтында жарыяланган. Америкалык атайын кызматтар мунун баары россиялык бийликтин түздөн түз тапшырмасы менен болгон деп жатышат.

"Эмин мени ушул бейшембиде Москвадан учуп келе турган россиялык өкмөттүн юристи менен сени жолуктурууну өтүндү"

Бул аял - Наталья Весельницкая - россиялык бийликтер менен байланышы жок экенин айтканы менен, Голдстоун аны кенже Трампка "өкмөттүк юрист" катары тааныштырууда.

Голдстоун бүтүндөй президенттик өнөктүктү оңкосунан сая турган өтө жашыруун жолугушуу уюштурган болуп, кенже Трампты гипноздоп жатышы мүмкүндүгүн да эске алыш керек. Бирок ал чынында өзүнүн кардары, популярдуу ырчы эмин Агаларов менен жолуккусу келип жатат.

Бул кенже Трамптан жоопкерчиликти албайт, бирок россиялы өкмөттүн күнөөсүн жокко чыгарат.

"Көчүрмөсү: Джаред Кушнерге, Пол Манафортко"

Электрондук каттардын эң башында Ак үйдү сарсанаа ойго сала турган адамдардын - Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен анын ошол убактагы шайлоо штабынын башчысы Пол Манафорттун аттары турат.

Кенже Трамп New York Times газетасындагы маегинде аларды "Трамп-тауэрдеги" жолугушууга чакырганын билдирет, бирок анда эмне сөз болорун айтпайт.

Бул шектүү ойго түртөт, анткени алардын экөө тең кенже Трамптын электрондук каттары жөнүндө билишкен, анын ичинде алгачкы каттардагы жаманатты кыла турган «документтер жана маалыматтар» тууралуу да кабары болгон. Анткени ошол каттардын көчүрмөсү алардын компьютеринин экранында жолугушуу болордон бир күн мурда эле пайда болгон. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар