Сауд Аравиясында юбкачан жүргөн кыз камакка алынды

Саудиялык модель Хулуд тарыхый жерде юбкачан сейилдеп жүргөнү тартылган видео үчүн камакка алынды. Хулуд бул роликти анын өзүнө айтпай туруп коомдук сайтта коюп салышканын айтууда. Сүрөттүн автордук укугу TWITTER

Саудиялык модель Хулуд тарыхый жерде юбкачан сейилдеп жүргөнү тартылган видео үчүн камакка алынды. Хулуд бул роликти анын өзүнө айтпай туруп коомдук сайтта коюп салышканын айтууда.

Модель кыздын камакка алынганын Сауд Аравиянын полициясы билдирди. Сурак учурунда Хулуд бул роликти анын өзүнө айтпай туруп ачылган аккаунтта жарыялап салышкан деп билдирди.

Ал ошол эле учурда сейилдөө убагында аны эркек бир тууганы коштоп жүргөнүн, бул Сауд Аравиянын мыйзамына ылайык келерин айтты.

Полициянын билдирүүсүндө Хулуддун иши Эр-Рияддагы Башкы прокуратурага өткөнү айтылат. Эгер кыз күнөөлүү деп табылса, анда штраф төлөп, түрмөгө түшүшү мүмкүн.

«Сауд Аравиясы аялдарды алардын кийими үчүн куугунтукка алып жатканы бийликтин патернациалисттик жана дискриминациялык көз карашынан алдыга эч жыла электигин көрсөтөт»,-деди Сара Ли Уитсон, Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча директору.

«Аялдар кийген кийими үчүн куугунтукталып жатканда, Сауд Аравиянын коомду өзгөртүү жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча пландары эч убакта ишке ашпайт», - деп кошумчалады ал.

Бул жерде 31 жаштагы кронпринц Мохаммед бин Салман жарыялаган Vision 2030 деп аталган масштабдуу план айтылып жатат.

Snapchat коомдук сайты жарыялаган видеодо Ушайкир деп аталган байыркы сепилдин жанында чолок көчө менен бараткан кыз тартылган. Бул тарыхый эстелик Надж провинциясында, Эр-Рияддан 155 км аралыкта.

Надж-Сауд Аравиянын эң эле консервативдүү райондорунун бири. Бул жерде XVIII кылымдын аягында ваххабизмдин негиздөөчүсү Мухаммад ибн Абд аль-Ваххаб төрөлгөн.

Сауд Аравиянын шариатка жана патриархалдык салттарга негизделген мыйзамдары аялдардын укуктарын аябай эле чектейт.

Аялдар башына жоолук салынып, бүт денесин бутуна чейин жаап турган кийим кийип жүрүүгө тийиш.

Аларга ошондой эле автоунаа айдоого жана тууган болбогон эркектердин чөйрөсүндө жүрүүгө тыюу салынат. (КС)

Тектеш темалар