Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгынан 8 адам каза тапты

Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгынан 8 адам каза тапты Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгынан 8 адам каза тапты

Бүгүн таңкы саат 06.00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында үч машина кагылышып сегиз адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Оор жүк ташуучу унаа ичинде эки, «Хонда Степвагондо» тогуз жана «Хонда Одиссейде» сегиз адам болгону кабарланууда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бишкек-Ош трассасындагы жол кырсыгы

Жол кырсыгында төрт эркек, үч аял жана беш жаштагы кыз мерт кетти.

Оор абалда дагы үч адам Шамалды-Сай шаардык ооруканасына тез жардам унаасы менен жөнөтүлдү.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Жол кырсыгында төрт эркек, үч аял жана беш жаштагы кыз мерт кетти

Учурда каза тапкандарды өздүгүн тактоо иш-чаралары жүрүүдө. (ES)