Түркияда Cumhuriyet журналисттеринин соту башталды

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“Жумхуриет” гезитинин соту

Түркияда оппозициялык Cumhuriyet газетасынын террористтер менен байланышта деп айыпталып жаткан 17 журналистинин үстүнөн сот башталды. Аталган газетанын кызматкерлери чоң мөөнөткө түрмөгө соттолуп кеткен жатат.

Журналисттерге боштондук талап кылып, плакаттарын көтөрүп, соттолуп жаткандардын туугандары Стамбулда соттун алдында чыгышты. Алардын айрымдары сот залына кирүүгө аракет кылышты.

Түркияда өткөн жылы ишке ашпай калган төнкөрүштөн кийин журналисттерди террорчулар менен байланышта деп айыптаган сот кысымдары күчөдү.

Cumhuriyet оппозициядагы газета

Cumhuriyet ("Республика") өлкөдөгү эң эски газеталардын бири. 1924-жылы негизделген. Газетанын редакциясы Стамбулда жайнашкан, Анкара менен Измирде өкүлчүлүгү да бар.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Активисттер камалган журналисттерге боштондук талап кылышууда

Cumhuriyet - азыркы күндө президент Режеп Тайып Эрдоганга ачык оппозицияда болуп жаткан газета. Бир жыл мурдакы төңкөрүш аракеттеринен кийин жабылбай сакталып калган саналуу газетанын бири.

Би-Би-Синин түрк кызматынын журналисти Онур Эремдин айтымында, аталган газетанын нускасы мурда оппозициялык басылмалардын ичинде эң чон болчу, азыр азайып калды.

Газетанын журналисттери эмнеге соттолууда?

Басылманын кызматкерлерине террордук уюм менен байланышта болгон деген күнөө коюлууда. Мыйзамдын тийиштүү беренеси боюнча алар 43 жыл түрмөгө камалып кетиши мүмкүн. Газетанын он журналисти тогуз айдан бери камакта.

Тергөөнүн материалдарына караганда, кызматкерлер Курдистандын Жумушчу партиясы жана АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта болуп жүрүшкөн. Гүленди түрк бийликтери 2016-жылдагы ишке ашпай калган төңкөрүштүн демилгечиси деп күнөөлөп келатышат.

Ошондой эле газетанын журналисттерине жаңылыктарды туура чагылдырбай, террордук уюмдардын лидерлеринен интервью алышкан деген айыптоолор коюлууда. Октябрь айында Cumhuriyet газетасынын баш редактору Мюрат Сабунчуну полиция кармап кеткен.

Аталган газетанын кызматкерлерине мурда да ар кандай айыптоолор коюлуп келген. Декабрда оппозициялык газетанын буфетчиси Эрдоганга "чай сунуш кылмак эмесмин" деген сөзү үчүн камалып кеткен. Бийликтер Шенол Буранга мамлекет башчысын мазактады деп күнөө коюшкан.

Ɵткөн жылы апрелде эки журналист француздардын сатиралык Charlie Hebdo журналындагы Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатураны жарыялагандыгы үчүн эки жылдан түрмөгө кесилген.

Түрк ММКларында кырдаал кандай?

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Эрдоган: Евробиримдиктен башка да планыбыз бар

Басма сөз эркиндигине байкоо салган уюмдардын баамында Түркия азыркы учурда журналисттерди түрмөгө камоо жагынан дүйнөдө алдыга чыкты. 150 дөн ашык журналист камакта жатат.

Режеп Тайып Эрдогандын өзү Би-Би-Сиге берген маегинде түрмөдө эки эле журналист бар, калгандары террорчулар, курал менен кармалгандар деп айткан.

Соңку бир жылда эле өлкөдө 150 газета, радио жана телеканалдар жабылды.

Онур Эремдин айтымында, Түркияда журналисттик ишмердик чон коркунучта болуп, ММКлар жапырт жабылгандыгына байланыштуу жумушсуздук да көбөйтүүдө.

Ошол эле учурда Түркиянын негизги оппозициялык жана көз каранды эмес ММКлары таасирин жоготпой, Интернетте да популярдуу болуп жатат. (КС)

Тектеш темалар