АКШ сенаты Москвага карата жаңы санкцияларды бекитти

АКШ сенаты Москвага карата жаңы санкцияларды бекитти Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption АКШ сенаты Москвага карата жаңы санкцияларды бекитти

Кошмо штаттарынын конгрессинин Жогорку Палатасы Россия, Иран жана Түндүк Кореяга карата Ак Үйдүн каршылыгына карабай жаңы санкцияларды киргизүү боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Мыйзам үчүн 98 сенатор добуш берип, эки гана адам каршы болду.

Эл өкүлдөр палатасы аталган мыйзам долбоору үчүн апта башында эле добуш берип, колдоого алган.

Эми мыйзам долбоорго президент Дональд Трамп кол коюшу керек.

184 барактык документтин жарымы Россияга байланыштуу, ал жерде Москванын Украинага карата аракеттери, АКШнын кибер коопсуздугуна болгон кол салуусу жана шайлоо жараянына таасир этүү аракеттери үчүн чаралар көрүлүп жатканы айтылат.

Ошондой эле Россиянын Сирияда Башар Асадга жан тартуусу, коррупция, адам укуктарынын сакталбашы туурасында айыптар бар.

Санкциялар тууралуу мыйзамдагы маанилүү нерсе - АКШ президенти парламенттин уруксааты жок Россияга карата санкцияларды ала албайт. (ES)