Кытай-Россия: Борбордук Азиянын жибек жолундагы атаандаштык

Путин менен Си Цзинпин 2014-жыл, Шанхай. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Россия менен Кытай ар бири Борбордук Азияда өзүнүн геосаясий ролун күчөтүүнүн үстүндө.

Кытай менен Россиянын Борбордук Азиядагы жүргүзүп жаткан саясаты бул аймактын саясий жана экономикалык жактан өзгөрүшүнө алып келүүдө. Борбордук Азиянын чакан өлкөлөрү үчүн геосаясаттын жаңы реалийлери экономикалык өнүгүп өзгөрүүлөр менен катар туруксуз кырдаалды күчөтүп, конфликттерди курчутуп жибериши да мүмкүн.

Кытайдын көп миллиарддаган инвестициясы

Эл аралык кризис тобу Россия менен Кытайдын Борбор Азиядагы атаандаштык саясатын иликтеген "Борбордук Азиянын жибек жолундагы атаандаштык" деп аталган жаңы изилдөөсүн жарыялады. Анда Россиянын геосаясий таасиринде турган Борбордук Азия өлкөлөрүндө Кытайдын инвестициялык жана стратегиялык максаттагы ролу артып баратканы айтылат.

Кытайдын Улуу жибек жолун кайра жаратууну караган "Бир кур-бир жол" долбоору 60 мамлекет менен алака-катышты өнүктүрүүнү көздөгөн соңку жылдардагы эң амбициялык инвестициялык программа болуп калды. Анда Кытайдын алюминий, болот өнөр жайына, курулуш жана башка тармактарына жаңы рынокторду өздөштүрүү максаты жатат. Ал үчүн Европа менен соода жүргүзүүнүн жаңы маршруттары каралууда.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“Коргос” курулгандан кийин “Дордойго” эмне болот?

Кеңири планда алган "Улуу жибек жолунун экономикалык куру" транспорттук байланыштарды, эркин сооданы, финансылык интеграцияны, маданий-билим берүү кызматташтыктарын өнүктүрүүнү максат кылууда.

Отчеттогу маалыматтарга караганда, Кытай Борбордук Азияда биринчи кезекте транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго орчундуу көңүл бурууда. Көп миллиардаган инвестиция Борбордук Азия аркылуу Иран, Россия, Кавказ, Түркия жана Европа менен байланыштыра турган темир жол жана автожолдорду курууга жумшалып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу ICG

Кытай Кашгардан Европаны көздөй Россияны айланып, Кыргызстан жана Ɵзбекстан, Түркмөнстан аркылуу трансконтиненталдык темир жол курууну пландаштырып жатканына көп болду. Кыргызстан бул долбоордон өзүнүн кызыкчылыгын талашып, эң оболу өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген темир жол маанилүү экенин билдирип келатат.

Кытай менен Казакстандын чек арасында кургактагы ири порт Коргос курулуп жатат. Андан жүктү Актау портуна жеткирип, андан ары Каспий деңизи аркылуу Азербайжан менен Грузияга жеткирүү каралууда.

Image caption Казакстандын Кытай менен чек арасында, байыркы Улуу жибек жолунун боюнда, Батыш менен Чыгыштын тогошкон жеринде кургактагы ири порт курулуп жатат.

Кыргызстан жана Тажикстан сыяктуу жакыр мамлекеттер айыл чарбасына жана өнөр жайга салынган кытай инвестициялары экономиканы өнүктүрөт деп үмүттөнүп жатышат.

Пекиндин экономикалык долбоорунун стратегиялык жана идеологиялык дагы максаттары бар, ал ийгиликтүү болуп кетсе, Кытай негизги ролду ойногон жаңы эл аралык тартипти орнотууга өбөлгө болмокчу.

Жергиликтүү элдин жериген мамилеси

Бирок Кытайдын геосаясий планы бир катар олуттуу проблемарга туш болууда. Борбордук Азиянын башкаруучулары кытай капиталынын келишин колдоп жатышкан менен кытайлык инвесторлор жергиликтүү элдин жериген мамилесине туш болууда, кээ бир жерде ксенофобия көрүнүштөрү болуп жатат.

Image caption 2016-жылы Казакстанда кытайларга жер бепилип жатат деген каңшаар элди көчө акцияларына алып чыкты

Кытайлык инвесторлорго жер берилип жатат деген кептердин айынан Казакстанда 2016-жылы каршылык акциялары дүрт этти. Бишкектеги Кытай элчилигине 2016-жылы жан кечтинин кол салуусу болду.

Көп инвестициялык келишимдердин жалпы элге жарыгы тийбей, жогорку деңгээлдеги коррупияга айланып кеткени тууралуу да нааразылыктар болбой койгон жок.

Андан сырткары, экологиялык дагы көйгөйлөр бар. Анткени Кытай бул регионго айлана-чөйрөнү булгай турган технологияларды экспорт кылууда. Ошентип, улутчулдук, коррупция менен экологиялык маселелерден чыккан нааразылыктар кошул-ташыл болуп, Борбордук Азияда өкмөткө каршы маанайды курчутууда.

Россиянын геосаясий платформасы

Сүрөттүн автордук укугу ICG
Image caption Евразия экономикалык биримдиги

2014-жылы Россия, Беларус жана Казакстан Бажы биримдигин түзүшкөн. 2015-жылы ага Кыргызстан менен Армения кошулуп, Евразия экономикалык биримдигин түзүштү. Алар биримдиктин ичинде товарлар менен тейлөө кызматтардын эркин соодасын камсыз кылышып, ал эми сырткы импортко бирдиктүү тарифтер менен иштегенге өтүштү. Бирок ЕАЭБдин экономикалык пландарынын аткарылышы ыкчам болбой жатат.

Image caption Тоолуу Нарын областынын жашоочуларынын үмүтү болгон "Жогорку Нарын" каскадын курууну россиялык "Русгидро" компаниясы кризистен улам токтотуп салган.

Кыргызстан ЕАЭБке киргенден кийин экономиканы колдоого алуу үчүн уюшулган Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондусунан дагы чоң эффект боло элек. Экономикалык кризистин айынан Россия Кыргызстандагы «Камбар-Ата» -1 ГЭСин жана «Жогорку Нарын» каскадын курууну уланта албай калды.

Ошого карабастан Россия Борбор Азиянын негизги өнөктөшү бойдон калууда. Борбордук Азия өлкөлөрүнө көп жагынан алганда саясий, социалдык жана маданий терең таасири боюнча Кытай Россияга жетпейт.

«ЕАЭБ тек гана экономикалык долбоор эмес, аны Россия геосаясий жана идеологиялык платформа катары карайт»,-деп айтылат изилдөөдө.

Москва андан да алысты көздөп, Кытай, Россия жана Борбордук Азияны бүт кучагына алган жаңы экономикалык жана саясий блок түзүү боюнча «Чоң Евразия» планын карап жатканы белгилүү.

Радикализмге жана революцияларга баары каршы

Россия ошондой эле бул региондогу башкаруучулардын Батыштын таасири астында чыгып жаткан түстүү революцияларга туруштук беришине, радикалдык исламдын киришине бөгөт коюуга көмөк көрсөтүүдө. Бул жагынан Кытай менен Россиянын мүдөө тилектери окшош. Революциялар менен диний радикалдашуунун Пекинге да кереги жок. 2005-жылы Анжиянда болгон, 2011-жылы Казакстандын Жанөзенүндө жана 2012-жылы Тажикстандын Тоолуу Бадахшанында болгон өкмөткө каршы толкундоолорду күч менен басууну Пекин менен Москва колдоого алышты.

Image caption Кыргызстанда 2005 жана 2010-жылдардагы бийлик алмашууга алып келген түстүү революциялардын Борбордук Азияда кайталанышын Москва да, Пекин да каалабайт

Кытай менен Россия Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү менен катар (Түркмөнстандан башкасы) Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө. ШКУнун саясатында терроризм, сепаратизм жана диний экстремизм эң башкы коркунучтар катары аталат.

Россия бир эле учурда бул региондо коопсуздукту караган эң башкы күч болуп жатат. Кыргызстан менен Тажикстанда Россиянын аскердик базалары турат. Россия ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башында келатат.

Бирок Ɵзбекстан менен Түркмөнстан ЖККга же аскердик бирикмелерге кошулуудан баш тартып келатканы белгилүү.

Кошуналардын өз ара мамилесиндеги көйгөйлөр

Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрү өздөрү регионалдык деңгээлдеги сооданы өнүктүрүүгө тоскоол болгон проблемаларын чече албай жатышат. Казакстан ошондуктан Россия менен катар Батыш менен да байланыштарды тыгыз кылууга умтулууда.

Image caption Чек арадагы талаштуу жерлер такталып чечилбегендиктер, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек арасындагы калктуу аймактарда эркин сооданын ордуна чыр-чатактар чыгып келатат.

Ɵзбекстан дагы деле өзүнүн коңшулары менен соода кылганга чек араларын ачпай, бек кармап турат.

Ошол эле учурда укук үстөмдүгү, саламаттык сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо маселелеринде чечилбеген көйгөйлөр көп. Ушунун баары саясий жана институционалдык реформаларды жүргүзүүгө тоскоол болбой койгон жок. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар