Президенттин кызынын сүрөтү бала эмизүү жөнүндө эски талкууну козгоду

КР Президентинин кызы Алия Шагиева

Кыргызстандын президентинин кенже кызынын ич көйнөкчөн болуп эмчектеги баласын эмизип жаткан сүрөтү коомдук жайларда баланы тамактандыруунун маданияты жана жалпы эле аялдын денесинин сексуалдык эксплуатациясы жөнүндө кызуу талаш-талкууларды жаратты.

Алия Шагиева бул сүрөтүн социалдык сайттарда апрель айында эле: "Мен өзүмдүн баламды качан, кай жерде каааласам, ошол жерде эмизем" деген сөздөр менен жарыялаган эле.

"Менин балам ачка болгондо, соода борборубу, машина салонубу же коомдук парктагы отургучпу, кай жерде болбосун, каалагандай эмизем. Мен патриархалдык коомдун тушоосунда калган бала эмизген башка энелерге үлгү болом",-деп жазган эле сүрөттүн алдына.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"САПАР": А.Шагиева эне болуу, жашоо, эстетика жөнүндө

Кийин аны моралга жатпаган жүрүш-туруш менен айыптап чыгышканда ал бул сүрөттү алып салып, социалдык сайттардан да көрүнбөй калган. Бирок Би-Би-Сиге берген эксклюзивдүү маегинде Алия бул жаңжалдын баары аял формасына ашыкча сексуалдык маани берилип жаткан маданияттан чыгып жатканын түшүндүрдү.

"Менин денемде вулгардуу эч нерсе жок. Ал функционалдык, анын максаты - менин баламдын физиологиялык керектөөлөрүн камсыз кылуу, аны сексуалдык объект катары эле карабаш керек",-деди Алия Би-Би-Синин кыргыз кызматына.

Айтмакчы, Алиянын жүрүш-турушун сындагандар жалаң эле социалдык тармакта болгон жок. Анын өзүнүн ата-энеси, президент Атамбаев жана анын жубайы Раиса дагы кызынын бала эмизип жаткан сүрөтүн жактырышкан эмес.

"Бул аларга такыр жаккан жок. Ал түшүнүктүү, себеби жаңы муун өздөрүнүн ата-энелериндей консервативдүү эмес да", - дейт Шагиева.

Image caption Алия Шагиева аялдын көкүрөгүнүн биринчи кезекте сексуалдык жагын гана көрүү туура эмес дейт.

Алия Шагиева социалдык тармакты активдүү пайдаланып, ал жакта өзүнүн көркөм иштерин жана кылдат иштелген портреттерин жарыялап келет. Анда ачык асман алдында күйөөсү, баласы жана өзү тартылган учурлар да бар.

Анын ичинде баланы эмизүү темасы да көп козголуп калат.

Сүрөттүн автордук укугу ALIYA SHAGIEVA
Image caption Алия Шагиеванын көп сүрөттөрү кыргыздын кооз табиятынан тартылган.
Сүрөттүн автордук укугу ALIYA SHAGIEVA

"Балама камкордук көрүп, анын керектөөлөрүн канааттандыруу мен жөнүндө эл эмне деп жаткандан кыйла маанилүү",-дейт Алия.

Алия Шагиева ким??

Мен Алия Шагиева менен ал күйөөсү жана баласы болуп жашаган Бишкектин кадыр-барктуу районундагы үйүнө барып маектештим.

Үйүнүн дубалы анын картиналары жана фотосүрөттөрү менен кооздолгон. Кожоюндар мени жер-жемиш жана чөп чай менен сыйлашты. Терезедеги кутуларда ар кандай чөптөр менен специйлер өсүп турат экен. Шагиевалар - вегетариандар, бул эт жемей салты күчтүү өлкө үчүн сейрек көрүнүш.

Постсоветтик салттуу мусулман коомунун көз карашы боюнча Алия Шагиева өтө эле ачык жана башкача. Ата-энесинин чолоосу тийбегендиктен бала кезинде кандай жалгызсыраганын айтып берип жатканда ал аябай эле ачык көрүндү.

Ал муундардын ортосундагы айырмачылыктар, өзүнүн ата-энесин түшүнүп, алар менен тил табышууга кылган аракеттери жөнүндө, анын ичинде соцтармактагы ишмердигине тийиштүү жагын да айтып берди.

"Апама мен жөнүндө анын "достору" жазышкан экен. Анын мени өстүрүп жатканда эмнени гана баштан өткөрбөгөнүн эми мен өзүм эне болгондо түшүнүп жатам",-дейт Алия.

Азыр ал Даун синдрому бар балдардын же жаныбарлардын укуктары жөнүндө элдин түшүнүк деңгээлин жогорулатуу сыяктуу иштерди активдүү колдоп жатат, бирок кандайдыр бир саясий амбицияларга жол берген жок.

Кыргызстанда мурдакы президенттердин саясатка жана бизнеске активдүү аралашкан балдарын эстен чыгарыша элек. Эки лидер тең кызматтарынан алынган. Кыргызстандын азыркы башчысы анын өзүнүн балдары саясатка эч качан киришпей турганын убада кылган.

Сүрөттүн автордук укугу ALIYA SHAGIEVA
Image caption Алия Шагиева өзүнүн чыгармачылыгында живопись жана фотосүрөткө көп көңүл бурат

Коомдун консервативдүү мамилесине карабастан, калкынын көбү мусулман болгон мурдакы бул советтик республикада баланы эл көзүнчө эмизүүнү айып көрүшпөйт.

Аялдар парктарда жана башка коомдук жайларда балдарын эмизип отурушат, бирок адатта көкүрөгүн жаап алышат.

Шагиева өзүнүн сүрөттөрүн биринчи жолу жарыялаганда социалдык тармактагы көп адамдар мындай интим процессти элге жарыя көрсөтүштүн кереги жок деген пикирин айтышты. Башкалары аны айыптап да жиберишти.

Ошол эле учурда бала эмизип отурган аялдын сүрөттөрү Кыргызстандын сыртында да көп адамдардын көңүлүн бурду. Бул сүрөттөрдү европалык газеталар менен сайттар жарыялашты. Ага ой-пикирин айткандардын көбү анын аялдын денеси тууралуу ар кандай тыюулардан эркин болуп жатканын колдоп, сыймыктанышты.

Фаранак Амиди, Би-Би-Синин аялдар маселелери боюнча кабарчысы

Коомдук жайларда бала эмизүү көп өлкөлөрдө, анын ичинде Улуу Британияда да талкууланып келаткан тема.

Үч жыл мурда эле Лондондогу атактуу "Клэридж" мейманканасында бала эмизип отурган аялды тартипке чакырган учур коомдо кызуу талаш-тартышты жараткан.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Мурдакы сенатор Ларисса Уотерс Австралиянын парламентинде бала эмизип отурган биринчи аял катары тарыхта калды.

Би-Би-Синин тил кызматтары Алия Шагиева менен болгон маекти көрсөтүшкөндө, ар башка мусулман өлкөлөрүндө бала эмизүү кандай кабыл алынары жөнүндө соцтармакта ар кандай кызуу ой-пикирлер айтылган эле.

Ирандык аялдар коомдук жайларда бала эмизип калган учурларда кандай стресске кабыларын айтып беришкен.

"Мени акырайып карашат, ошондо өзүмдү да баламды да жаап алышка туура келет, болбосо балам ачка калат",-деп жазган Тегерандын бир жашоочусу.

Башкалары Тегерандын метросунда эне-бала үчүн атайын бөлмөлөр ачылганын кубанып белгилешкен.

Image caption Тегерандын метросундагы эне-баланын бөлмөсү

Кабулдан Зарифа Гафари өзүнүн чоң үй-бүлөсүндө энеси бала эмизиш үчүн башка бөлмөгө чыгарын билдирген.

"Ал муну башкалардын көзүнчө кыла албайт, антпесе үй-бүлөнүн сакалдууларынын ачуусуна тийиши мүмкүн. Бул абдан көйгөй маселе, бирок бара-бара кырдаал өзгөрүп жатат",-деп айтып берген Зафари.

Түркиядан бирөө бала эмизип отурганда үстүнөн бүт жаап аларын "Фейсбукка" жазган:

"Мен элдин көзүнөн сактанып, жөн гана үстүнөн жаап алам. Анткени көп адамдар дагы деле эмчектин биринчи кезекте сексуалдык жагын көрүшөт эмеспи".

Ал эми Алия Шагиева мынчалык көп сөзгө жем таштаган сүрөттөрүн коомдук сайттардан алып салды, анткени анын ата-энеси элдин ашыкча көңүлү жаш үй-бүлөнү жабыркатып койбосун деп чочулашты.

Анткен менен Алиянын өзү унчукпай отуруп калган жок, бала эмизүүнүн айланасындагы талаш-тартыш да тыйылбады.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар