Мотоцикл минген принцесса: Романовдордун СССРде аман калган кызы

Сүрөттүн автордук укугу ТАСС/АЛЕКСАНДР НИКОЛАЕВ

Падышанын үй-бүлөсүнүн өлтүрүлгөнүнө жакында 99 жыл болду.

2018-жылы бул окуянын 100 жылдыгына карата алардын сөөгүнун калдыктарын акыры Орус правослов чиркөөсү тааныйт деген кептер жүрүп жатат.

Мао Цзедун кандай гана радикал болбосун, Кытайдын акыркы императору Пу Инин өмүрүн сактап, ал түгүл аны КЭРдин декоративдүү органы болгон Саясий кеңешме комитетинин мүчөсү кылып дайындап койгон. Бул Николай экинчи Сталиндин учурунда Жогорку Советтин депутаты болгондой эле кеп.

Большевиктер Романовдорду ырайымсыздык менен, нацисттер еврейлерди кыргандай эле кырды. Падышанын бир дагы тууганы, ал түгүл алыскы тууганын дагы тирүү коюшкан жок. А чынында алардын көбү саясат мене ниши жок адамдар эле да.

Бирок Романовдордун тукумунда кимдир бирөөнүн маңдайына башкача тагдыр жазылыптыр. Романовдордун үй мүчөлөрүнүн бирикемсине бүгүнкү күндө 38 адам кирет, алар дүйнөнүн он бир өлкөсүндө жашашат.

Романовдордун эң кеминде жүзүнүн башын кыя чабуу керек, анткени алардын мураскорлору кылмышка барбагандай болушсун. Ленин, большевиктердин жолбашчысы

Александр III 1885-жылы 24-январда чыгарган «Императордук фамилия жөнүндө" жарлыгына ылайык, алардын эч кимиси улуу князь титулуна укугу жок, алар императордук кандагы княздар же тек гана Романовдордун княздары деп аталууга тийиш.

Бирок династиянын бир өкүлү бүт өмүрүн СССРде жашап өттү. Кайсы бир жолу Александр Солженицын айткандай, «бул физикалык мыйзамдарга жатпаган көрүнүшкө окшоп калды».

Албетте, бул керемет иштин мүмкүн болгон себеби анын тек жайын эч ким билген эмес. Ошол эле учурда анын өзү деле жашырынбаптыр, керек болсо белгилүү, ал түгүл атактуу адам болгон десек да туура.

Бул айымдын ким болгонун жана анын таң калаарлык тагдырын түшүнүш үчүн алыскы 1874-жылга кайрылып барыш керек.

Либералдык реформалардын жүрөгү падышанын агасы, улуу князь Константин Николаевич болчу, ал эми «ретрограддардын» тиреги каныша Мария Александровна эле. «Император айымдын партиясы» жана «Константиндин партиясы» деп сөз кылышчу же экинчисинин жашаган жери боюнча «Мрамор сарайынын партиясы» деп аташчу.

Каракозовдун кол салуусунан кийин Константиндин таасири азайган. Ал өзүнүн тактагы бир тууганына анын өзүнүн «алсыз болбо, реакция да кылба» деген сөзүн эскертип калар эле.

Александр болсо: «мен эркиндик бердим, а мага ок менен жооп беришеби? Атамдын учурунда кылт эте алышчу эмес»,-деп ачууланып калчу.

Жандармдардын башчысы Петр Шувалов мамлекетте экинчи адам болуп калган. Падыша короосундагы амалкөй жана чечкиндүү консерваторду кошоматчылар Петр IV деп аташчу.

Дагы бир негизги каарман - Константиндин 24 жаштагы туңгуч уулу Николай, аты чоң атасынын атынан коюлган. Бою эки метр келген келишимдүү, байгер чөйрөнүн куу чирени, "алтын муундун" кумири, улуу Романовдордун сүймөнчүгү, аны үй-бүлөдө Никола деп, ал эми гвардияда "оң фланганын эң сулуусу" деп аташкан.

Борбордук Азиядагы жүрүшкө катышып жургөндө ал түн ичинде өзүнүн адъютанты менен Хивия ханынын гаремине аркан салып кирип баргысы келгенде, аны генералдар араң токтоткону белгилүү.

Ошол учурда Петербургда Фанни Лир (чыныгы аты Харетт Блэкфорд) пайда болот, ал бийчи, эгер чындыктан тайбасак, Нью-Орлеанда байлардын акчасын соруп жашаган аягы суюк аял.

Американы ал өтө эле пуритандык деп чанып, Эски дүйнөгө барып айланып көргүсү келет.

Ниццеде акчасын чачып жүргөн орус вельможаларын көрө берип, алыскы түндүктөгү империяда акча көп деп ойлоп, Неванын жээгине келген.

Николой Фанни менен маскараддан таанышат. Ошондон аз өтпөй эле ал курбуларына кат жазып: «Орустун улуу князынын жаны менен денеси болуп беремин» деп мактанат.

Кыязы, ал жазып атып ичинен кымылдаган болуш керек, анткени Николайдын өзү жипсиз байланган кулга айланды. Андан кийин окуя белгилүү сценарий менен кетти. Көз жаш төгүү, чукума суроолор, картадан көп акча уттуруп жибергенин, эгер сүйүктүүсү жардам бербесе байлыгы көп бир чалдын койнуна жатам деп коркутуу сыяктуу амалдардын күнү тууп атты.

Башы айланып калган князь туугандарынан акча сурап, алар бербегенде ата-энесинин чокунган иконасына чегерилген бриллиантты чукуп алганга чейин барат.

Жоголгон бриллиант боюнча биринчи эле шек демейдегидей эле кызматчыларга түштү. Бирок полиция үч күндөн кийин кымбат баалуу таштарды ломбарддан таап чыкты. Аны күрөөгө койгон өздөрүнүн адьютанты, Никола менен гарем окуясында шерик болгусу келген Верновский экен.

Ачуусу аябай келген атасы баласынын кулагына үч саат насаат айтса да жукпаганына нааразы болот. «Эч кандай өкүнүү жок, кайра айтышуу, фанфаронство, же бир тамчы жаш чыксачы»,-деп жазат кийин күндөлүккө.

Баш калаанын полициясынын башчысы Федор Трепов (төрт жылдан кийин Вера Засулич ушуну атат) бул чатакты жайгарууга аракет кылат. Бирок Шувалов куу чирендин жоругун жайып жиберет.

Орус терроризми жана революцияга чейинки атайын кызматтардын тарыхын иликтеген адис Анджей Иконников-Галицкий сулуу бийкеч башынан эле жандармдардын көзөмөлүндө болуп, улуу князь Константинге каршы атайылап тымызын түрдө пайдаланылган деп жүрөт.

Романов-либералды көрө албагандардын чырагына май таап: «ууруну өстүргөн адам кантип падышага кеңеш бере алат» деп табасы канып жатышты.

Бирок ошого карабастан Константин өзүнүн таасирин жоготкон жок. Шувалов Лондонго элчи болуп кетти, ал эми Фанни Лирди Россиядан чыгарып жиберишти.

Куулган сайын кутурган

Николаны акыл-эси соо эмес, оорулуу деп айтышып, аны көздөн далдаа адегенде Уманга, андан ары Оренбургга айдашты. Бул жактан ал башка жорукту баштап, жергиликтүү полицмейстердин кызы Надежда Дрейер менен тең эмес никеге баш байлайт.

Аны ошондо улуу князь титулунан жана полковник наамынан ажыратып, андан ары Ташкентке айдашат. Бирок жылына 200 мин рубль акчасын үзбөй которуп турушкан.

Князь Искандер аты менен ал Ташкентте бир чоң үйдө жашады, азыр ал Ɵзбекстандын ТИМинин кабыл алуу үйү болуп турат. Парижден фрак алдыртып, пахта тазалоочу заводду сатып алып, Ташкентте биринчи кинотеатр ачат. Канал казуу жана археология иштери менен алектенип жүрүп, байыркы куралдарды жана алтын зер буюмдарды табат.

Карыганга чейин сүйүү жүрүштөрүн жасаганды токтотпой, аялынын көзү тирүү кезинде эле казак урядниктин 15 жаштагы кызы менен уялбай эл алдына чыга берчү.

Николай Константиновичтин Надежда Дрейерден бир уулу Александр төрөлгөн. Ал өз мезгилинде үйлөнүп-жайланып, 1916-жылы Ташкенттеги чоң үйүндө Наталья аттуу кыздуу болгон.

Мотоцикл минген принцесса

Николай Константинович Убактылуу өкмөткө куттуктоо катын жибергенге үлгүрүп, андан соң 1918-жылы 4-январда анчалык картая элек болсо да кийинки окуяларды билбей-укпай өз убагында дүйнө салды.

Александр өз кезегинде актардын катарында согушка катышып, акыры чет өлкөгө чыгып кетти, бирок үй-бүлөсүн алып кете алган жок.

Аялы аны эч ким билбеген Москвага кетип, ал актан Николай Андросов аттуу кимдир бирөөнө турмушка чыгат, кызы экөө анын фамилиясына өтүшөт.

Чоң атасынын кызуу кандуулугу анын кесип тандоосуна таасир этпей койгон жок. Наталья Андросова бийик дубалдын бетинде мотоцикл айдоочу болуп чыгат. Анын спорттук-артисттик карьерасы согуш учурунда гана токтоп, полуторка машинанын айдоочусу болуп иштегенге туура келди.

«Жылымык» келген жылдары ал кырктан ашып калган эле, бирок Горький паркында өнөрү өргө чаап турду. Анда чоң жыгач челек болот эле, Наталья Андросова күнүгө ал жерден 15-20 жолу өйдө чыгып кайра түшчү.

Эски Арбатта жарым жертөлө үйдө жашады, москвалык чөйрөдө Арбаттын королевасы атыкты. Улгайып калган, бирок шармын жогото элек Вертинский анын колун өпсө, Галич, Вознесенский, Евтушенко жана Межиров жаш кездеринде ага арнап ыр жазышты, коңшусу Юрий Казаков болсо аны бир аңгемесинде баш каармандын прототиби кылды.

Тегин жашырып өгөй атасына Наталья Николаевна деп катталган Наталья Александровна «Мосфильмдин» режиссеру Николай Досталга турмушка чыккан. Анын эки асыранды баласы белгилүү кино ишмерлерден болушту. Ɵзү төрөгөн эмес. Балким, кесибинен улам көп жыгылып жүргөнүнүн зыяны тийгендир.

1980-жылдардын аягында ага жолуккан тарыхчы жана жазуучу Эдвард Радзинский андан бабасы Николай экинчинин көгүлтүр көзүн дароо тааныганын айтып жүрчү.

1998-жылы 17-июлда 82 жаштагы аял Петербургда Петропавловск соборунда падышанын туугандарынын калдыктарын жерге берүү жөрөлгөсүнө катышты. Андан туура бир жылдан кийин дүйнөдөн кайтты.