Орусияга салынган санкциялардын Кыргызстанга таасири

АКШнын Орусияга киргизген жаңы санкцияларыБорбор Азияга, анын ичине Кыргызстанга кандай тийиши ыктымал дешет эксперттер.
Image caption АКШнын Орусияга киргизген жаңы санкцияларыБорбор Азияга, анын ичине Кыргызстанга кандай тийиши ыктымал дешет эксперттер.

Казак президенти Нурсултан Назарбаев АКШнын Орусияга киргизген жаңы санкцияларынын таасири Казакстанга да тийиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди. Эксперттер бул чектөөлөрдүн кесепети Кыргызстанга да тийет деп жатышат.

Мухамед Осмоналы Орусияда жашаган кыргыз мигранты. Ал саясатка анчейин маани бербегени менен, Орусияда бир топ эле экономикалык өзгөрүүлөр болуп жатканын күн сайын сатып алган тамак-аштын кымбатташынан жана алган акчасынын күчү жоголуп баратканынан улам жакшы билет.

"АКШнын киргизген санкциялары саясатка кандай таасир этип жатат биз билбейбиз. Ал эми күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттардын кымбатташы, тамак-аштын көтөрүлүшү сезилип жатат. Өзгөчө рублдын курсунун түшүшү аябай терс таасир этип жатат. Мурда алган мин рублдык тамак-ашка азыр анча көп нерсе келбейт, акчанын куну аябай эле учту. Кыргызстанга каражат салсак дагы мурдагыдай берекеси жок", - дейт Мухамед.

Батыш санкцияларынын өлкө экономикасына тийгизип жаткан таасирин бул сыяктуу жөнөкөй мисалдардан тарта мамлекеттик деңгээлге чейин баамдаса болот. Орусиядан тышкары чектөөлөрдүн кесепети Борбор Азия өлкөлөрүнө да таасири этиши мүмкүн делген жоромолду Казак президентинин сөзү дагы бир жолу бекемдеди окшойт. Президент Нурсултан Назарбаев дүйшөмбүдө Орусияга карата жарыяланган жаңы санкциялардын таасири Казакстанга да тийиши ыктымал деп айтып, өкмөтүнө эскертүү берип, катуу иштөөгө чакырды.

Image caption Казак президенти Нурсултан Назарбаев АКШнын Орусияга киргизген жаңы санкцияларынын таасири Казакстанга да тийиши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

"Биздин мунай продукциябыздын наркы туруктуу болбой жатат, кооптонуулар бар", - деди Назарбаев.

АКШнын киргизген жаңы санкцияларынын кесепети Орусиянын улуттук валютасына да таасир этти. Атап айтканда, май айынан бери рублдын курсу долларга карата дээрлик 8%га түшүп кеткен. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун эсебине ылайык, батыштын санкцияларынан улам 2014-жылдан бери Орусия 55 млрд. доллар жоготкон. Бул учурда Орусия экономикасынан көз-каранды болуп келаткан Борбор Азия өлкөлөрү да бир топ зыян тартып, анын ичинде Кыргызстандын экспортунун көлөмү 23%, импорту болсо дээрлик 19% төмөндөп кеткен:

"Санкциянын таасири менен рублдын сапаты ылдыйлады, бул Москвага кошо бүт кошуна өлкөлөргө, анын ичинде өзгөчө Казакстанга таасир этти. Анткени алардын экономикасы бизге салыштырмалуу Орусияга аябай эле байланыштуу. Маселен, өнөр-жайы, кайра иштетүү тармагы, мунай заты көз-каранды. Ошон үчүн дагы Назарбаев кооптонуп жатат. Биздеги экспорт, импорт маселелеринин көлөмүн да мисал кылса болот. Ошондой эле дээрлик баары Орусиядан келген мунайзатыбызга да таасир кылат"- деди экономист Жумакадыр Акенеев.

Деген менен санкциялар жаңы киргизиле баштаган 2014-2015-жылдардагы экономикалык соккуга салыштырмалуу азыркы жаңы чектөөлөрдүн күчү анчейин сезилбейт деп турушат айрым серепчилер. Рублдын кунунун долларга карата түшүп кетиши дагы мигранттардын чөнтөгүнө кедерги кылса дагы, түздөн-түз Кыргызстандагы кырдаалга көп таасир этпейт дейт экономист Искендер Шаршеев:

"Биз негизги оор учурду баштан өткөргөнбүз деп ойлойм. Бул санкциялар дагы кайсы бир деңгээлде экономикалык басаңдоого алып келет, бирок 2015-жылдагыдай катуу таасир болот деп айтуу мүмкүн эмес".

Кыргызстан мындан эки жыл мурун Орусия, Беларусия, Казакстан мүчө болгон Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин экспорт көбөйүп, экономиканын да көлөмү өсөт деген үмүт-тилектер болгон. Бирок, тилекке каршы, жаңы экономикалык биримдиктин шартында Кыргызстанда экспорт да, импорт да кыскарып, негизги өлкөгө салынган санкциялардын көлөкөсүндө калды дешет байкоочулар. Бул алдыдагы жылдары да уланышы мүмкүн экени айтылып, мындай көз карандылыктан арылуу жолдорун табуу керек деген сунуш менен чыккандар болууда.

Тектеш темалар