Кытай Интернеттеги үч ири медиа-платформаны текшерет

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Текшериле турган медиа-платформалардын тизмесинде WeChat мессенджери да бар.

Кытай бийликтери Интернетке болгон көзөмөлдү күчөтүүнүн жаңы чараларын көрүүдө. Коомдук тармактагы эң көп колдонулган үч медиа-платформада улуттук кызыкчылыкка коркунуч туудурган жана коомдук тартипке жатпаган контент текшериле баштады.

Твиттерге окшогон Weibo, Facebook сыяктуу кат алмашуулар месенжери WeChat жана Гуглдун кытай эквиваленти болгон Baidu дүйнөдө жүз миллиондогон адамдар пайдаланган эң кубаттуу медиа-платормаларга кирет.

Кытайда Интернеттеги кат-кабарларды каттоодон өткөн телефон номурлар боюнча карап эле ким жазып атканын оңой эле билип алса болот. Көпчүлүк адамдар кайсыл темада жана кандай пикирлерди айтыштын кереги жок экенин жакшы билет.

Бирок катуу көзөмөл жана цензурага карабастан, башка пикир айтуулар тыйылган жок. Ошондуктан Кытайдын коммунисттик партиясынын ушул күзүндө боло турган съездин утурлап, бийликтер көзөмөлдү дагы күчөтүштү.

Кибер мейкиндикти башкаруучу башкармалыктын буйругу боюнча аталган үч медиа-платформа ушак-айың, уятсыздык жана терроризм маселелери боюнча текшерилип чыгат.

Ɵткөн айда атактуулардын жашоосу жөнүндө жазган 60 популярдуу сайт негизги социалисттик баалуулуктарга туура келбейт деген негизде жабылган болчу.

Ал эми май айында чыккан дагы бир токтом боюнча жаңылыктарды таркаткан бардык порталдар коммунисттик партиянын уруксатын алган редакциялар тарабынан гана башкарылууга тийиш. (КС)

Тектеш темалар