Comment.kg Бекназаровдун ''эки чындыгын'' көрсөттү

Бекназаровго байланыштуу дагы бир видео жарыяланды Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бекназаровго байланыштуу дагы бир видео жарыяланды

Буга чейин Азимбек Бекназаровдун «Ата-Мекен» лидери Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча сотто жалган көрсөтмө бергени тууралуу аудиотасма тарап, бирок аны саясатчы өзү жалган атап, айткандарын мойнуна алган эмес. Бир жума өтпөй Бекназаровго байланыштуу дагы бир видео жарыяланды.

Ал жерде саясатчы сотто жалган көрсөтмө бергенин айтып, шайлоо алдындагы төртилик, талапкерлер тууралуу ойлорун ортого салат.

"Бутунан жаңылган турат, сөзүнөн жаңылган турбайт"

"Сотто жыгылып аткан кишиге, Кудай өзүң кечир деп, калпты айтып чыктым деп мобу балдарга дароо айттым. Менден болгону сураган: он үчүндө Маевский келген, мен көргөн жокмун дедим. Анан дагы айттым, Текебаев 49-50% алектенген эмес, мен алектенгем дегем", - дейт Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров расмий интервью бергенден кийин, атайыбы же балким кокустан өчүрүлбөй калган камера алдында.

Comment.kg ресурсу 16-августта тараткан видеодо айтылгандар боюнча Азимбек Бекназаровдун өзүнүн комментарий алуу азырынча мүмкүн болбой жатат.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров 19-июлда "Мегаком" маселесинде айыпталып жаткан Текебаев-Чотонов сотунда көрсөтмө берген эле. Ал жети жыл мурун 13-майда бир нече жыйын өткөнүн, анда өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн 2 млн сом бөлүү боюнча талкуу болгонун эскерген.

Ташиев, Бекназаров аудио жазууну жасалма дешкен

Бекназаровдун сотто айткандарынан күмөн саната турган биринчи чулгандуу аудио жазууда Бекназаров делген адам ал сотто каратып туруп Текебаевдин пайдасына калп айтып, кудайдан кечирим сураганы айтат.

14-августта интернетте тараган ал аудионун чындыгын бирок Бекназаров өзү да, ал үн тасманын дагы бир "катышуучусу" үнү аныкы делген Камчыбек Ташиев дагы четке каккан болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Kloop
Image caption Ташиев, Бекназаров аудио жазууну жасалма дешкен

''Мындай ыкма мага табышмак же жаңылык деле эмес. Албетте, бул коомчулукта кызуу талкууну жаратышы мүмкүн. Себеби бүгүн эртең Өмүрбек Текебаевдин өкүмү чыкканы жатат да. Ошого ылайыктап келип, анан Убактылуу өкмөт өздөрүн-өздөрү актап, коргоп калп айтып жатат» дегенге туурулап чыгарып жатат'' - деген болчу Би-Би-Сиге анда Азимбек Бекназаров.

Ал техника жетишкен заманда куудулдарга тыйын карматып үнүн атайын тууратып коюу мүмкүн деген.

Белгилей кетчү жагдай, Бекназаров тууралуу Comment.kg тараткан видеодо тасма 9-августта тартылганы белгиленген.

Бекназаров Ак үй, Сариев жана төртилик тууралуу

50 мүнөткө созулган видеодо Бекназаров учурдагы шайлоо, ага байланыштуу жүрүштөр, Атамбаев, президенттикке талапкерлер Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, төртилик тууралуу пикирлерин берүүнүн алып баруучулары Раушан Айткулова, Александр Никсдорф менен бөлүшөт.

"Азыр Сапар Исаковду же дагы бирөөнү убактылуу өкмөт башчы кылышат дагы, ал бир аз эс алгандан кийин парламент аны чакырып, ал келет да премьер болуп башкарат. Медведев жөн эле жүрүп маселенин баарын Путин чечкендей сценарий болот",- дейт Азимбек Бекназаров.

Ошондой эле ал талапкерлер Сооронбай Жээбеков, Темир Сариев, Өмүрбек Бабановго мүнөздөмө берет.

Image caption Бекназаров "Мегаком" маселесинде айыпталып жаткан Текебаев-Чотонов сотунда 19-июлда көрсөтмө берген

"Сариев азыр аны Путин колдоп аткандай кыр көрсөтүп атат, бирок ал өтчү талапкерлерден эмес. Түштүктөн тыйынчалык да колдоо таппайт ал. Эми ал Бакиевчилер менен бириге турган болсо, болгону 5% гана ала алат", -деп эсептейт Бекназаров.

Азырынча тийиштүү органдар чулгандуу аудио жана видео тасма боюнча реакция жасай элек. Бирок кылмыш кодекси боюнча сотто жалган көрсөтмө берүүгө жоопкерчилик каралат.

Тектеш темалар