Индияда Жогорку Сот жеке турмуштун купуялыгын коргогон чечим чыгарды

Жогорку Соттун чечими биринчи кезекте Аадхара деп аталган биометрикалык программа үчүн проблема жаратат деп жатышат. Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жогорку Соттун чечими биринчи кезекте Аадхара деп аталган биометрикалык программа үчүн проблема жаратат деп жатышат.

Индиянын Жогорку Соту адамдын жеке турмушунун купуялыгы жарандардын Конституция кепилдеген негизги укуктарына кирет деп чечим чыгарды. Бул чечим өкмөттүн биометрикалык паспортторду киргизүү программасын үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн болууда.

Каралып жаткан маселе тарыхый мааниси чоң чечим болуп саналат, дейт Би-Би-Синин Делидеги кабарчысы Санжой Мажумде. Анын кабарына караганда, Индиянын Жогорку Соту Конституция боюнча ар бир жарандын жеке турмушунун купуялыгы кепилденет деп чечим чыгарды. Тогуз судья бир добуштан бул жарандардын жашоого жана эркиндикке болгон укуктарынын ажырагыс бөлүгү деп чечишти.

Бул чечим өкмөттүн биометрикалык программасы үчүн жана биринчи кезекте Аадхара деп аталган улуттук идентификация системасынын иштеши үчүн чоң көйгөй жаратмакчы. Ал система боюнча бардык жарандарга 12 сандуу номер берилет, анын ичинде биометрикалык маалыматтар да кошо кирген.

Ɵкмөт көп жылдар бою бул системаны бир катар кызматтарды аткарууда пайдаланып келатат, мисалы салык декларациясын жарыялоо, банк эсептерин ачуу, кредиттерди төлөө жана социалдык пособияларды алууда милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Ɵкмөт бул программаны киргизгенде аны коррупциядан тазалануу үчүн керек деп жарыялап, жарандардын жеке турмушунун купуялыгы бул жерде негизги маселе эмес деп келаткан.

Бирок арыздангандар бул система жарандардын жеке турмушунун купуялык укугун бузуу болуп саналат жана жаман максатта пайдаланылышы мүмкүн деп жатышкан. Маалыматтарды туура эмес максатта, айрым адамдардын аркасынан мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө пайдаланылышы мүмкүн деген дагы кооптонуулар болуп келген. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар