Марко Ламбертини: Кыргызстан ак илбирстерди коргоодо дүйнөлүк лидер

Ак илбирс Сүрөттүн автордук укугу MOHAMMAD OSAMA/WWF-PAKISTAN

Бишкекте ак илбирсти сактап калуу маселесине арналган эл аралык жыйын өтүүдө. Форумга эл аралык жана донор уюмдардын лидерлери, илимий мекемелердин кызматкерлери чакырылган.

Би-Би-Си Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду уюмунун директору Марко Ламбертини мырзаны кепке тартып, ак илбирсти коргоо боюнча эл аралык деңгээлде аткарылып жаткан иш чаралардын акыбет-натыйжалары жөнүндө сурады.

Image caption Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду уюмунун директору Марко Ламбертини

М.Ламбертини: Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фонду уюму жаратылыштын бузулушун токтотууга умтулат. Биз адам баласы жаратылыш менен биримдикте жашагыдай келечекти курууну көздөйбүз. Бул өтө олуттуу максат. Себеби адам баласынын өнүгүүсү жаратылыш менен байлануу. Ал себептен биз жаратылышты жана жапайы жаныбарларды коргоо менен бирге адам баласынын келечегин дагы ойлоп жатабыз.

Би-Би-Си: Кыргызстанда илбирстердин саны үч жүздөн беш жүзгө чейин деп болжолдуу түрдө айтылып жүрөт. Сиздердин эсепте кандай?

М. Ламбертини: Биринчиден ак илбирстерди табуу оңой эмес. Алар алыскы аймактарда байырлайт. Чынында ак илбирстер тууралуу маалымат абдан аз. Окумуштуулар сыйкырдуу жаныбарлар тууралуу жакшы билишпейт. Ал себептен сандар дагы жоромолдор.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ала-Тоодо ак илбирстер корголот

Би-Би-Си: Ак илбирстер учурда эмнеге азайып бара жатат. Анын себептерине токтоло кетсеңиз?

М. Ламбертини: Эң негизги себептердин бири климаттык өзгөрүү. Андан тышкары, жапайы жаныбарлар байырлаган аймактарды туура эмес колдонуу дагы ири көйгөй. Мисалы туура эмес пландалган кен иштетүү долбоорлору дагы жаратылышка жана жапайы жаныбарларга коркунуч жаратат. Экинчиден, мыйзамсыз мергенчилик дагы чоң маселе. Жылына төрт жүз ак илбирс мыйзамсыз атылат.

Демек күнүнө бир ак илбирс өлтүрүлүп жатат. Мунун алдын алуу үчүн жергиликтүү калк менен тыгыз иштөө абзел. Жергиликтүү коомчулуктун өнүгүүсүнө долбоорлор иштелип, шарт түзүлсө жана ак илбирстерди, алар байырлаган эко-системаны коргоо экономикалык пайда алып келсе, мыйзамсыз аңчылык дагы токтойт.

Image caption Марко Ламбертини: Кыргызстан ак илбирстерди коргоодо дүйнөлүк лидерлердин бири

Мисалы Кыргызстанда айрым тургундар кол менен жасалган ак илбирстин чакан айкелдерин сатып, акча таап жатат. Ошондой эле бейөкмөт уюмдар менен бирге койлорду топозго алмашып, экономикалык абалды жакшыртуу долбоорлор бар. Демек жаратылышты коргоп, ошол эле учурда алыскы аймактагы жергиликтүү тургундардын экономикалык абалын жакшыртууга көптөгөн жолдор бар.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео: Тоо башындагы ак илбирстер

Би-Би-Си: Ак илбирстерди сактоого, коргоого жөнөкөй элди, аңчыларды кантип тартса болот?

М.Ламбертини: Абдан көп жолдор бар. Бирок, албетте, коопсуздук кызматкерлердин ролу дагы абдан олуттуу. Бирок Кыргызстан, Монголия жана Непал сыяктуу мамлекеттердеги жергиликтүү коомчулуктун маданий көз карашынын өзгөрүүсү абалдын оңолгонуна чоң салым кошту. Алар мурда ак илбирстерди коркунуч катары кабыл алышчу. Мисалы, койчулар, жылкычылар малын ойлоп, жапайы жаныбарды душман катары кабыл алышчу.

Бирок бүгүнкү күнү алар ак илбирстер тукум курут коркунучуна кабылганын жана бул жаныбарлар маданий мурастын бир бөлүгү экенин дагы түшүнүштү. Ошондой эле жаратылышты жана жапайы жаныбарларды коргоо менен бирге эко-туризм аркылуу каражат табуу дагы өздөштүрүлүүдө.

Монголияда окуучу балдар мектептен үйрөнүп, ата-энесинин көз карашын өзгөртүүгө умтулууда. Бул дагы натыйжалуу болуп жатат. Ал эми Кыргызстанда ак илбирстердин айланасында экономикалык долбоорлор иштелип жатат. Демек, биз бир гана мыйзамдын сакталышын каалабайбыз. Биз жаратылышка болгон көз карашты өзгөртүүнү көздөйбүз.

Сүрөттүн автордук укугу MOHAMMAD OSAMA/WWF-PAKISTAN

Би-Би-Си: Соңку жылдары ак илбирстерди коргоо боюнча эл аралык форумдар, конференциялар жана иш чаралар көп өткөрүлүп келет. Бирок ошону жыйынтыгында кандай чечимдер кабыл алынды?

М.Ламбертини: 2013-жылы ак илбирстер байырлаган азия чөлкөмүндөгү 12 мамлекет келишимге кол коюшкан. Алар сыйкырдуу жаныбарлар байырлаган негизги аймактарды аныктамак жана ал жерлерди коргоп калуу үчүн долбоор иштелип чыгарылмак.

Толугу менен 23 аймак аныкталган. Бул аптада Бишкек шаарында биз айтылган иштер кандай жүрүп жатканын талкууга алып жатабыз.

Айрым аймактарда абал туура нукка бурулду. Өзгөчө, Кыргызстанда. Бирок алдыда дале көп иштер бар. Бул аптада биз 12 мамлекеттин өкмөттөрүн, бейөкмөт уюмдарды жана жергиликтүү коомчулукту ак илбирстерди жана алар байырлаган аймактарды коргоо үчүн иш чараларды күчөтүүгө чакырабыз. Мен кайра баса белгилеп кетким келет, жаратылышты коргоо менен бирге адам баласы өзүнө келечек куруп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу MOHAMMAD OSAMA/WWF-PAKISTAN

Би-Би-Си: Ак илбирсти сактоодо Кыргызстандын кошуп жаткан салымы канчалык?

М.Ламбертини: Кыргызстан ак илбирстерди коргоо жаатында дүйнөдөгү лидерлердин бири. Айтылган мамлекет өтө чоң аймактын эко-системасын натыйжалуу коргоп жатат. Кыргыздар чоң аймакты туура башкарып, туура пайдаланып жатат. Кыргызстан экономикалык өнүгүү менен бирге жаратылышты дагы коргоого көңүл бурганы кубандырат. Өкмөт жаратылышты коргоо үчүн айыл чарба жана инфраструктурага колдонулчу жерди туура долбоорлогон. Ал себептен ак илбирстер жашаган аймак корголуп жатат.

Ал эми Непал болсо, жаратылышты коргоо жатында дүйнөнүн лидери. Бул аптада Непал жаңы долбоорун жар салганы жатат. Анда жаратылышты коргоо менен бирге жергиликтүү тургундардын өнүгүүсу дагы камтылган. Кыскасы, ал аркылуу баары утат. Жаратылыш дагы бузулбайт, жергиликтүү тургундардын экономикалык абалы дагы жакшырат.

Сүрөттүн автордук укугу MOHAMMAD OSAMA/WWF-PAKISTAN

Би-Би-Си: Ламбертини мырза, Бишкектеги форумдан кийин кандайдыр бир келишимге кол коюлабы? Кандай жыйынтык болот деп ойлойсуз?

М.Ламбертини: Буга окшош жыйындар кызыкдар тараптардын чечим кабыл алуучу адамдары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ал аркылуу долбоорлор иштелип, ак илбирстер корголот.

Биз Кыргызстан жана Непал мамлекеттери менен бирге жаратылышты коргоо жаатындагы долбоорлорун жарыялайбыз. Чынында жыйынга катышып жаткан мамлекеттердин бийлиги, жергиликтүү коомчулук жана бейөкмөт уюмдар ак илбирстерди коргоого мыкты көңүл буруп калды. Бизди бул абдан кубандырат.

Биз 23 аймакты 2020-жылга чейин толугу менен коргоп калабыз деп келишимге кол койгонбуз. Бул аптада айтылган иштер кандай жүрүп жатканына көңүл бурабыз. Ошондой эле иш чараларды күчөтүүгө чакырабыз.

Тектеш темалар