Садык Шер-Нияз: Кудай үн менен жүздү бергенде башка жолду тандайт элем

Садык Шер-Нияз Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Садык Шер-Нияз

Эки күндөн бери Кыргыз улуттук филармониясында айтылуу төкмө акын Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналган кыргыз-казак акындарынын айтышы өтүүдө.

11-эл аралык айтышка кыргыз тараптан сегиз, казактардан сегиз төкмө акын катышты. Би-Би-Си "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз менен аңгемелешип, аталган фондун учкай тарыхына кайрылды

Садык Шер-Нияз: Кандайдыр бир проблеманы чечүүдө туура багытты тандап алуу керек. Көп учурда кыргыз тилин сакташ керек, жайылтыш керек деп айтып эле келе жатабыз. Ошону негиз кылып миллиарддаган акчаларды да мамлекеттин эсебинен сарптап жатканыбыз чындык.

"Айтыш" коомдук фондунун түзүлүшүнүн түпкүрдөгү максаттырынын бири дагы дал ушул тилди сактоо, анын байлыгын даңазалоо деп түзүлгөн. Тилди өстүрөбүз деген канчалаган акчалар натыйжасыз пайдаланылып кеткенин моюнга алуу керек. Куру сөз менен эле тилди оку, үйрөн же тил билбесең кыргыз эмессиң деп ураалай берүү туура эмес.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз

Биз анын ордуна ошол акындардын тили менен кыргыз тили укмуштуудай керемет, казынасы бай экенин, ички сезимиңди жеткирүүгө ачкыч экенине ар убак ынандыра беришибиз керек. Эл акынды көрүп чукугандай сөз тапкан чечендигине, кайсы тема болбосун куюлуштуруп ыр менен жооп берип жибергендигине тамшанып тургандай болушу керек.

Ошону уккан кулак кыргыз тилинин ажайып тил экенине баш иет. Бул тилди даңазалоонун бирден-бир механизми. Мамлекетти сактап турган бул тил менен маданият. Биз саясат, башкаруу системасы дегенди дагы эчен ирет өзгөртүп, жаңыласак керек. Бирок тил менен маданият кемибей, өзгөрбөй кала берээри айдан ачык.

Image caption Садык Шер-Нияз: Кудай үн менен жүздү бергенде башка жолду тандайт элем

Би-Би-Си: Бул айтышка казак элинин мен-мен деген акындары келди. Демилге кайдан чыкты, каржы корун кайдан таптыңыздар?

Садык Шер-Нияз: Ажайып өнөр бүгүнкү күндө эки элдин энчисинде гана калды. Учурунда башка элдерде да болгон экен. Маселен авар элинен чыккан айтылуу Расул Гамзатовду окуп олтурсак буга жооп табабыз. Аларда "ашок" деп атаган экен. Гамзатов атасы акын болгонун жазат. Тилеккке каршы ал элдер да бул өнөрдү жоготуп алды. Ушундай өнөрдү сактап, өнүктүрөлү деген ниеттеги "Айтыш" фондунун 11-эл аралык деңгээлдеги айтышы.

Кыргызстанда өткөн мындай эл аралык айтыштардын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири биз кыргыз, казак деп бөлбөй, өнөр деп кош байге коюп келе жатканыбызда.

Ансыз казактар уюштурса баш байгени алар бербейт. Кыргыз уюштурса кыргыз бербейт. Калыстар курамына да бул аябай оор. Мен өзүм да алардын арасында калыс болуп, аны өз башымдан өткөргөм. Мисалы казак акыны кыргыз акынынан мыкты ырдап атса, ага баа койгонго келгенде зал толо эл кыргыз акынын сүрөп турса ага жогорку бааны ыраа көрбөй кетесиң. Бул пенделикти моюнга алуу керек.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Садык Шер-Нияз: Мен кезегинде Ашыкем, Тукам, Эстебес кийинкилерден Амантай, Элмирбектер менен да айтышкам.

Биз уюштурдук биз жеңели деген көрпенделик ойдон оолак бололу деген максат менен канча жылдан бери такай кош байгени тапшырып келе жатабыз. Бул биздин фонд тарыхта биринчи болуп киргизген жаңычыл ыкма десем жаңылбайм. Ал өзүнүн чоң жемишин берип жатат. Бул өнөрдү жайылтуунун дагы бир мыкты жолу экени талашсыз.

Би-Би-Си: Бул ыкманы жакшы экен деп казак туугандар да кабыл алып, орток салтка айлантыштыбы?

Садык Шер-Нияз: Казак туугандар мунун жакшы экенине көзү жетип турат. Себеби казак акыны келип, кыргыздан баш байге алып кетип баратса кантип жакпайт? Бирок казак тараптагы уюштуруучулар бул бийиик идеянын түпкү максатын толук аңдай элек. Биз көп учурда бирөөгө кыйын экенибизди көрсөтүп, мактангыбыз келет. Бирок гумандуулукту, илгертен келген салт, наркты, конок сыйлоо каадасын ала турган болсок кош байге айтышка куп жарашат. Казактын да кыргыздын да мыктысы татыктуу байгесин алып, өнөрдү өстүрсүн да.

Би-Би-Си: Азыркы кыргыз акындарынын орто мууну сизди демөөрчү же уюштуруучу эле эмес төкмө акын деп да келишет. Колуңузга комуз алып, акындар менен айтышкан учурлар болду беле?

Садык Шер-Нияз: Болгон, болгон... Мен кезегинде Ашыкем, Тукам, Эстебес кийинкилерден Амантай, Элмирбектер менен да айтышкам. Элмирбек экөөбүз он төрт саат тынбай айтышкан күнүбүз да болду. Ал өзүнчө тарых. Бирок төкмө акын деген ички көрөңгө, куюлушутуруп эле ырдоо же жамактоо эмес, башка өнөр, асыл сапаттарды да талап кылат. Мисалы акындын уга билүү жөндөмү жана жагымдуу үнү, жүзү деген бар эмеспи. Кудай мага ушуларды ыраа көргөн эмес экен. Эгер менде булар болгондо башкасынын баарына кол шилтеп төкмө акын гана болот элем. Себеби миңдеген адамдар сени угуп, тамшанып, эргип, сен аларга ыр менен канат байлатып турсаң кандай керемет? Тирүүлүктө мындан өткөн бакыт барбы?

Тектеш темалар