Тарых: Гитлер бийликке кантип келген эле?

Мындан 85 жыл илгери, 1933-жылдын 30-январында Германиянын канцлери кызматына Адольф Гитлер келген. Дүйнө мындай кабарга көп деле маани берген эмес.

Адольф Гитлер Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Анда либералдык демократияга орун жок эле. Европалык мамлекеттердин жарымы - Москвадан Лиссабонго чейин авторитардык бийликтин чеңгээлинде болгон.

Ашынган улутчулдардын лидеринин антисемиттик ой жорумдары, жалындуу сөздөрү популисттик, тантыраган кеп катары кабыл алынган.

Батышта, өзгөчө англосаксондук өлкөлөрдө Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Германияга өзгөчө оор болду, ошондуктан немистерди сооротуу үчүн кээ бир жагдайларда аларга жол бериш керек, баары жакшы болот деген пикир кеңири жайылган.

1939-жылы жазга чейин фюрер Мюнхендик келишимди өзгөртүп Чехословакиянын айрым жерлерин басып алган. Польшага дагы доомат кое баштаган. Бирок бул кырдаалда Гитлерди толук кандуу болбосо да, цивилдүү саясатчы катары эле көрүшкөн.

Эгерде ал Холокостту уюштурбаса, этникалык немистер жашаган аймакты өзүнө кошуп алып эле бийлигин жүргүзө берсе, балким Салазар жана Франко сыяктуу эле бийликте болмок.

Мунун ордуна Гитлер үрөй учурган жек көрүмдү киши катары калды.

Гитлердин бийликке келиши

Ашынган улутчулдар эч качан шайлоодон көпчүлүк орунду алып утуп чыгышкан эмес. Гитлер бийликке Баш мыйзамдын негизинде келип, аны толук төрт апта сактаган.

1930-жылы мартта антикризисттик бюджетке байланыштуу пикир келишпестиктерден коалиция урап, Германияда башаламандык өкүм сүргөн.

Бир нече ирет чукул шайлоо өткөнүнө карабастан парламенттик туруктуу көпчүлүктү түзүүгө мүмкүн болгон эмес.

НСДАП (Улуттук-социалисттик демократиялык жумушчулар партиясы) абдан популярдулукка жеткен учур 1932-жылдын 31-июлу болду. Бул шайлоодо 37,2 пайыз добуш алган. Кийинки 5-ноябрда өткөн шайлоодо ашынган улутчулар 2 миллионго чукул шайлоочулардын добушун жоготкон. Ушул эле жылдын 10-апрелинде Гитлер президенттик шайлоодо Паулю фон Гинденбургга утулуп калган.

"Үмүттүн баары өчтү", "акча жок, эч ким насыя бербейт", "биз акыркы демибизди алып жатабыз", -деп жазган Геббельс 1932-жылдын соңундагы күндөлүгүнө.

Пожар рейхстага (27 февраля 1933 года) Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Рейхстагдагы жалынга эркиндик жана демократия дагы алоолоп күйгөн.

5-ноябрдагы шайлоодо социал-демократтар, коммунисттер жана Борбордук партия рейхстагдагы орундардын жарымын алган.

Эгерде Германиянын компартиясы өкмөттү түзгөн коалицияга кирүүдөн баш тартпаган болсо, Гитлердин премьерлик кызматка барары тууралуу сөз да болмок эмес. Бирок Сталин мындан мурун эле социал-демократтар фашисттерден да жаман деп, немис коммунисттеринин коалицияга киришине каршы болгон экен.

Мунун ордуна Эрнст Тельмандын партиясы өлкө боюнча иш таштоо менен чыгып, ансыз да оорлошуп турган кырдаалды курчуткан. 6 миллион киши жумушсуз эле.

1933-жылы январда мамлекет башчысы Гитлерге рейсканцлер кызматын сунуштаган.

"Бул эми түш сыяктуу, жомок сыяктуу!",-деп таң калган экен Геринг бул кабарды укканда.

Буга улай эле Гинденбург 1933-жылдын 5-мартына мөөнөтүнөн мурун шайлоо дайындайт. Бирок анын жыйынтыгы эмне болор эле, белгисиз. Анткени 27-февралда рейхстагга өрт койгон окуя катталып кетти.

Эртеси күнү Гитлер иликтөө тыянактарын күтпөй туруп, бул өрткө коммунисттерди айыптап, башкача ойлонгондордун баарына сокку урат.

Гитлер и Гинденбург Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Гинденбург бийликти расмий түрдө Гитлерге 1933-жылдын 30-январында берген.

Анын талабы менен Гинденбург эч кандай парламенттик талкуусу жок эле "Элди жана мамлекетти коргоо" жана "Мекенге саткындык кылгандарга каршы" деген декреттерге кол коюп берет. Бул декрет эркин жыйналуу, жеке кат алышуу, сөз эркиндиги сыяктуу кол тийбестиктерди жокко чыгарган.

Бир нече күндүн ичинде эле бийлик 10 миңге чукул кишини камакка алган.

Ошентип коркутуп-үркүтүүнүн алдында 5-марттагы шайлоодо НСДАП 43,91% добуш алган. 12,32% шайлоочулар тыюу салынган компартия үчүн добуш берип, алардын добуштары мыйзамсыз деп табылган. Ошентип ашынган улутчулдар көпчүлүк добушка ээ болгон.

23-мартта мыйзамсыз шайланган парламент канцлерге өз алдынча мыйзам чыгара алат деген укуктарды берген. Добуш берүү учурунда парламент залында эсэсчилердин куралдуу аскерлери турган.

Ушундан кийин рейхстаг өзүнүн маанисин жоготуп, 1942-жылга чейин таптакыр чогулган эмес. Көптөгөн депутаттар камакка алынган, айрымдары ар кандай жагдайда мерт болушкан. Ар кайсыл чакырылштагы 94 депутат өлтүрүлгөн экен.

Антиконституциялык төңкөрүш 1934-жылдын 2-августунда болгон. 86 жаштагы Гинденбург көз жумган күнү Гитлер эч кандай добуш берүүсү жок эле президенттик укукту өзүнө ыйгарып алып, өзүн "Германия элинин фюрери" жарыялаган.

(Би-би-си кабарчысы Артем Кречетниковдун "Гитлердин бийликке "демократиялык" келиши жана фюрер тууралуу аңыз кептер" деген макаласынан кыскартылып которулду. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар