Ата конушун кыйбай, өз жанын кыйган жапон карыя

Ата конушун кыйбай, өз жанын кыйган карыя Фумио Окубонун сүрөтүн анын келини көрсөтүп жатат. Сүрөттүн автордук укугу japantimes.co.jp
Image caption Ата конушун кыйбай, өз жанын кыйган карыя Фумио Окубонун сүрөтүн анын келини көрсөтүп жатат.

Япониянын соту өлкөдөгү эң ири энергетикалык компания Tokyo Electric Power жергиликтүү карыя кишинин өз жанын өзү кыйышына күнөөлүү деп тапты. Сот чечимине ылайык, энергетикалык ишкана өз жанын өзү кыйган адамдын үй-бүлөсүнө дээрлик 150 миң доллар кенемте төлөп бериши керек.

Фукусима префектурасында 2011-жылы болгон катар-катар жер титирөөдөн кийин андагы өзөктүк реактор иштен чыгып, энергоблоктор бузулуп, радиациялык уулануу коркунучу чыкканы белгилүү. Ошондо өзөктүк станцияга жакын жердеги райондордо жашаган 165 миң адам коопсуз жерге көчүрүлгөн.

Ошол убакта 102 жашка чыккан карыя Фумио Окубо Фукусима өзөктүк электр станциясына жакын кыштактагы үйүндө телевизор көрүп отуруп, жаңылыктардан өкмөт аларды көчүрө турганын уккандан кийин бүтүндөй өмүрү өткөн өзүнүн туулган жерин таштап кетүү оор экенин туугандарына билдирип, кийинки күнү өз жанын өзү кыйганга барган.

Сот карыя Окубону психологиялык оор соккуга дуушар кылып, өз жанын өзү кыюуга жеткирген деген негизде япониялык энергетикалык ири ишкана карыя адамдын жакындарына 150 миң доллар төлөп берсин деген чечим чыгарды.

Фукусима өзөктүк станциясында коркунуч жоюлгандан кийин көп адамдар кайтып келген, бирок дагы деле 50 миң адам ар кандай себептер менен өзүнүн ата конушуна кайтып бара элек.

Тектеш темалар