Премьер-министрден сөгүш жана эскертүү алган жетекчилер

Өкмөттүн кезектеги жыйынында мамлекеттик органдардын 2015-2017-жылдардагы Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар талкууланды. Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption Өкмөттүн кезектеги жыйынында мамлекеттик органдардын 2015-2017-жылдардагы Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча иш-чаралар талкууланды.

Коррупцияга каршы саясаттын стратегиясында каралган планды начар аткарган бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жазалар жарыяланды. Бул жөнүндө Өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге жана финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле бир катар жетекчилерге эскертүү берилди. Мындай тартип жазасын алган жетекчилердин ичинде саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, юстиция министри Уран Ахметов, маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаев, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаев бар.

Премьер-министр Сапар Исаков мамлекеттик органдардын натыйжасыз иштеген жетекчилерин ээлеген кызматтарынан бошотуу керек деп билдирип, мисалга Өкмөткө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алмазбек Абдыкаровду атады.

«Ал экинчи ирет сөгүш алып жатат. Ошол эле учурда аталган ведомстводо коррупция орун алгандыгы жөнүндө жарандар тарабынан абдан көп нааразычылыктар түшүүдө. Июнга чейин ушул көйгөйлөр чечилиши керек», -деп айтты премьер-министр. (КС)