Жаңы президентке жаңы коалиция менен оппозиция керек

Соңку окуялар президент Жээнбековдун экс-президент Атамбаевдин таасиринен чыгып, өзүнчө саясий күчкө ээ болуп баратканын көрсөтүүдө деп жатышат. Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Соңку окуялар президент Жээнбековдун экс-президент Атамбаевдин таасиринен чыгып, өзүнчө саясий күчкө ээ болуп баратканын көрсөтүүдө деп жатышат.

7-апрелде УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетиши, баш прокурор Индира Жолдубаевага каршы жүрүштөр, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Ата-Бейиттеги эскерүүгө келбей коюшу анын командасын бийликтен четтетүү башталганын, президент Жээнбековдун айланасында жаңы күчтөрдүн топтошуу, биригүү процесстери мурда күтүлгөндөн да ыкчам жүрө баштаганын көрсөттү.

Президенттин Жээнбековдун күч түзүмдөрүнүн башчыларын алмаштыра турганы күтүлгөн эле иштер болчу, бирок мынчалык тез болот деп ойлошкон эмес. Эми Сегизбаевдин отставкасынан кийин баш прокурор Индира Жолдубаеванын да кете турганы көп суроо жаратпаган маселе болуп турат. Ѳткөн жуманын аягында "Ата мекен" жана "Республика-Ата-журт" фракциялары баш прокурорго ишеним көргөзбөө жөнүндө чечим чыгарышты.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңеште коалициянын тарашы жана өкмөттүн отставкасы жөнүндө сөз кызыды. Бир катар аналитиктер коалициянын тарашына негиздер түзүлүп калды деп жатышат.

"Башында КСДП өзү Сооронбай Жээнбековдун сөзүнөн кийин баш прокурорду, УКМКны жана башка күч түзүмдөрүн катуу сынга албады беле. КСДП башкача кете баштаганы ошондо эле билинген. Азыр коалиция урайт деген имиштер тарай баштады. Коалиция тарай турган убагы деле келип калды. Анткени кырдаал өзгөрүп кетти. Жээнбековдун командасына дагы өзүнө ылайыктуу коалиция керек болуп жатат. Азыркы өкмөттүн күчү, таасири кетип баратат. Көп жагынан өзүн көрсөтө да албай койду",-дейт саясий аналитик Айбек Султангазиев.

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg

Жогорку Кеңештеги жаңы коалиция кайрадан эле КСДПнын айланасында түзүлүшү мүмкүндүгү менен катар социал-демократтар жаңы коалицияга кирбей, оппозицияга кетет деген дагы пикирлер болуп жатат. Эгерде КСДП ушул учурда оппозицияга кетсе, бул бул партиянын өзүнө да, Жээнбековго да, ошондой эле өлкөдөгү парламентаризмдин өнүгүшүнө да жакшы болот дейт аналитик Алмазбек Акматалиев:

"Эми КСДП жаңы шайлоого даярданам десе, анда алар Ѳкмөттөн кетиши керек. Партияны күчтөп, конструктивдүү оппозицияны түзүп, стратегияны иштеп чыгып, бийликти сайгылап туруш керек. Парламентаризм деген ушул да. Эгерде азыркы президент менен мурунку президент тил табыша албай калса, мамлекет үчүн да жакшы. Экөө эки жэкке чыгып туруп, эч ким митинг же революцияга чакырбай, конструктивдүү оппозицияга өтүп, сот системасын реформа кылыш керек, мен үлгүрбөй калдым, УКМКны, Башкы прокуратураны мындай кылалы деп программаларын жазып сунуш кылып, сындап турса ошондо алдыга жылыш болот".

Соңку окуялар президент Жээнбековдун экс-президент Атамбаевдин таасиринен чыгып, өзүнчө саясий күчкө ээ болуп баратканын көрсөтүүдө деп жатышат. Бул "кош бийлик", " мураскор операциясы" деп аталган саясий комбинациялардын иштебей калганын билдирет. Саясий элитанын биригүү процесси азыр бийлик тизгинин кармап отурган президенттин айланасында жүрүп жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш дешет.

Тема боюнча башка макалалар