Блог: Шахматты мектеп программасына киргизүү зарылбы?

Мындан беш-алты жыл мурда эле Жогорку Кеңештин депутаттары мектеп программасына шахматты киргизүүнү сунуштаган. Ошондон бери бул демилге ишке ашпай ара жолдо калып келүүдө.

Депутаттын демилгесинин деми сууйбу?

-Мектеп программасына шахмат киргизүү керек. Бул оюн балдардын акыл-эсин өнүктүрөт. Калмыкияда мектеп программасына шахматты киргизгенден кийин окуучулардын жетишкендиги 40 пайызга өстү. Физика жана математика боюнча жетишкендик болгон. Буга көп акча да керектелбейт,- деп 5 жыл мурда демилге көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

Депутаттын айтымында, өлкөдө дене тарбияга көңүл бурулуп жатканы менен адамдын интеллектуалдык өнүгүүсүнө маани берилбей келет. Мыйзам долбоорунда 20-июлду шахмат күнү деп белгилөө, мектеп программасына шахмат оюнун киргизүү, каржы булактарын издөө да сунушталган.

Жогорку Кеңештин депутаттары сунушту жактырып, токтом менен бекитип беришкен. Бирок бул демилгенин деми сууп, шахмат мектеп программасына кошумча факультативдик сабак же ийрим катары киргизилет деген менен гана чектелип кала берген. Ошондой эле Эл аралык шахмат федерациясынын жетекчилиги Кыргызстанда шахмат долбоорлорун ишке ашырууда адистерди даярдоого, усулдук жардам берүүгө убада кылган. Бирок бул дагы алар тарабынан куру убада боюнча аткарылбай келүүдө.

- Кыргызстандын мектеп программасына шахматты киргизүү сунушун Бишкекке болгон сапарында FIDE президенти Кирсан Илюмжинов мындан алты жыл мурда киргизген.Ал Бишкек шаарына Шахмат ордосун куруп берүүгө да каражат жагынан жардам берүүгө убада кылган. Чынында шахмат - бул балдардын аң-сезимин өстүрүп, терс көрүнүштөрдөн арылтат. Бул - мектепте рекетчилик, баңгизат менен күрөшүүнүн бир натыйжалуу жолу.

Ошондой эле долбоорду каржылоо - биздин өкмөт чечүүчү маселе эле, -дейт белгилүү устат, FIDE чебери Бактыгүл Тиленбаева. Анын пикиринде, шахмат мектеп программасына киргизилсе окуучулардын интеллектуалдык деңгээли жогорулап, илим-билимге болгон кызыгуу артмак.

Бирок учурда шахматты окутуу боюнча өлкө боюнча кадр маселеси чечилиши кыйынчылык жаратканы айтылып келет. Бул маселени деле Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясында жана өлкөнүн шахмат федерациясынын алдында атайын курстарды ачуу аркылуу физика, математика сабактарынын мугалимдерин, шахматчыларды кайра даяярдоо менен бул кырдаалдан чыгууга болмок.

Кыргызстанда шахмат ордосуна айлантуу жомок бойдон калды

Ошондой эле шахматты кышкы олимпиадалык оюндардын программасына киргизүү жана Кыргызстанда шахмат ордосун ачуу демилгесин Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжинов көтөрүп жүргөнү менен бул маселе дале чечилбей турат.

Мындан 6 жыл мурда Эл аралык шахмат федерациясынын (FIDE) президенти Кирсан Илюмжинов Бишкекке эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн келген. Анда Бишкек шаарына Шахмат ордосун куруу, эл аралык мелдештерди өткөрүү жана кышкы олимпиаданын программасына шахматты киргизүү маселелери өлкө жетекчилери жана спорт ишмерлери менен талкууга алынган. Депутаттардын демилгесин дагы ар тараптан колдоого алууга убадалар берилген. Андан бери бир нече жолу өкмөт жетекчилери алмашып, бул талкууга алынган маселелер сөз жүзүндө гана кала берген. Кирсан Илюмжинов дагы убадаларын аткарбай, өлкөнүн шахмат федерациясынын ички иштерине да кийлигишип, 2010-жылы Жеңишбек Назаралиевди, 2012-жылы Өмүрбек Бабановду федерацияга президент кылуу сунуштарын колдоп, шахматчылардын ынтымагын ыдыратып, эки жаат болуп тирешүүгө түртүп кеткен. Алты жылдан бери анын айткандары жомок болуп, шахмат ордосу эмес анын карааны да көрүнбөй калды.

Армения - шахмат державасына айланды

Мисалга Арменияны эле алалы. Бул өлкөдө 2012-жылы 1-сентябрдан тарта башталгыч класстын окуучулары үчүн шахмат сабагы киргизилип, жакшы натыйжасын берип, коомчулук тарабынан колдоого алынган. Өкмөт мектеп балдарынын интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү үчүн эле 2012-жылы бюжеттен 480 миң доллар бөлүп берген. Шахмат сабагын мектеп программасына киргизүүнү билим берүү министрлиги ар тараптан колдоп, 4 жылда эле Арменияны "шахматтык супер державасына" айлантууга өбөлгө түзүп, камкордукка алды.

Шахмат оюну Арменияда өтө популярдуу болуп, эл аралык мелдештерде окуучулар ийгиликтерге жетип, өлкөнүн бардык аймактарына бул оюунга кызыгуу артты. Учурда Дүйнөлүк шахмат федерациясынын тизмесиндеги үчүнчү мыкты оюнчунун бири ушул Армения жараны Левон Аронян. Дүйнөнүн тогузунчу чемпиону Тигран Петросяндын теги тбилисилик армян болгонун дагы айта кетели. Аны эбак көзү өтсө дагы армян эли улуттук сыймык катары баалап, барктап, ооздорунан түшүрбөй, жаштарга өрнөк кылып айтып келишет.

Кыргыз өкмөтү армениялыктардай чечкиндүү аракет кылбай, бул демилгени колдоого алынбай, анчалык көп каражат талап кылбаса дагы ушул учурга чейин чечилбей келатканы өкүнүчтүү. Мындан сырткары Түркияда, Грузияда, Калмыкияда шахмат акыл оюну мектеп программасына киргизилип, мыкты натыйжаларынын берип келатат.

Шахматтын тарыхы бай

Кыргызстандын шахмат биринчилиги үчүн атайын расмий мелдеш 1933-жылы өткөрүлгөн. Алгачкы чемпиондук наамга бишкектик А.С.Савилев жетишкен. Кеңеш доорунда Л.Юртаев, Н.Зильберман, Т.Иманалиев, Э.Молдобаев, Б.Канцлер, В.Ильинский ж.б. чемпион болгон.

Кыз-келиндер шахматында Б.Самаганова, И.Острий, Т.Пудкова, С.Сабирова, Б.Тиленбаева, А.Исакова, С.Матвеева, Ж.Тиленбаева сыяктуу мыктылар чыккан. 1992-жылы Манила шаарында (Филиппин) өткөн шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргыз командасы алгач ирет катышып, 15-орунду ээлеген.

Ошондон бери кыргызстандык шахматчылар 10дон ашуун олимпиадага катышты. Ошондой эле 2010-жылы Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарынын программасына тарыхта биринчи ирет шахмат оюну да киргизилген.

Мында Семетей Төлөгөн тегин, Алгис Шүкүралиев, Насыр Акылбеков жана Александра Самаганова Азия оюндарында өлкө намысын коргогон. Шахмат федерациясынын түзүлгөнүнө 70 жыл болот Kыргызстандын Шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Бул уюмдун төрагасы болуп отуз жылдай Акылбек Муратбеков иштеп, шахматтын өнүгүшүнө салым кошкон. Анын демилгеси менен Бишкекте бир нече жолу эл аралык турнирлер, бүткүл союздук мелдештер өтүп, Анатолий Карпов, Гарри Каспаров сыяктуу дүйнө чемпиондору да Кыргыз жергесине келген.

Кыргызстанда Эрнест Инаркиев деген мыкты шахматчы жигит чыккан эле. Ага учурунда мамлекеттен колдоо болбой же демөөрчү табылбай Орусияга кетип калган. Азыр ал Москвада жашап, Орусияны дүйнөгө таанытып келатат. Ал Кыргызстанда жүргөндө Азиянын чемпиону болуп, эң жакшы көрсөткүчтөрдү бере баштаган. Орусияга барганы жаштар арасында Европанын чемпиону болуп, Орусиянын көп жолку чемпиону, гроссмейстер аталды. Эл аралык турнирлерде баш байгелерди утту.

Эгемендүүлүк алганы шахмат федерациясына Карим Уразбаев, Таалай Дүйшеев, Таалайбек Окенов, Жогорку Кенештин депутаты Акылбек Жапаров, Жеңишбек Назаралиев, Өмүрбек Бабанов президент болушкан. Азыркы Милан Турпанов федерациянын жетекчиси катары аракет кылып, бир топ демилге көтөрүп жүрөт.

Шахматты мектептин программасына киргизүү боюнча пилоттук долбоор жана туруктуу ийрим борбор калаадагы Герман Гмайнер атындагы гимназияда башталган эле. Бул тууралуу КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов билдирди.

Сабакты Кыргызстандын белгилүү шахматчылары берет жана алар окуучулар арасында шахматка шыктууларды да табууга аракет кылышат. Андан сырткары жакын арада борбордук телеканаладардын биринде Шахмат сабагы аттуу телеберүү да чыгып баштайт деп айтылгандан бери шахмат күйөрмандары бул көрсөтүүлөрдү чыдамсыздык менен күтүп жүрүшөт.

-Биздин негизги максатыбыз шахмат оюнун кайтадан Кыргызстанда популярдуу кылуу. Ушул максатта Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт башкармалыгында атайын адистешкен шахмат мектеби ачылды. 2017-жылдан баштап, Бишкек шаарындагы бир нече мектептерге шахматты мектептин программасына киргизүү боюнча пилоттук долбоорлор сунушталат. Шахматты мектеп пргорамаасына киргизүү үчүн айтайын система, жабдуулар, методикалык, усулдук тажрыйба жана бул иште алып кетүү үчүн атайын даярдыктан өткөн адистер, машыктыруучулар керек. Ошондуктан дароо эле ишке ашыруу мүмкүн эмес. Анан бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн өкмөттүк колдоо зарыл. Чынында шахмат адамдардын логикалык ойлонуусун өнүктүрөт жана аларды жашоосунда ийгиликтерге жетүүсүнө жардам берет,- дейт Милан Турпанoв.

Шахмат - акыл таймашы

Чынында эле учурда биз эң маанилүү этапта турабыз, себеби бүткүл дүйнөдө шахмат үйрөтүүнү мектеп программасына киргизүү жөрөлгөсү абдан күчөдү. Биз да шахматты спорт гана эмес окуу предмети катары өркүндөтүүнү түшүнөр кез келди окшойт. Балдар үчүн абдан пайдалуу демилгени колдой албасак келечекте көп нерседен куру калабыз. Арийне биздей улут сан жагынан башка элдерге шоона эшпей артта калып аткандыгы жашыруун эмес, бирок ошентсе да адам ресурсун алдыга коюну ойлонор кез келди. Биз улут сапатын өнүктүрүүдө акыл булчуңубузду чыңоодо акыл гимнастикасы саналган шахматка көңүл буруудан башка аргабыз жок. Албетте жаштардын баарын эле шахматчы кылыш керек деген маселе койгум келбейт. Болгону деги бизде акылдууларды өстүрүүгө мезгил жетти деген эле кеп. Шахмат - бул акылдуулукка умтулган таймаш.

Акыл таймашындагы эрөөлдө жеңишке жетүү үчүн ар бир кырдаалды анализдеп, өзүңдүн тактикалык жана стратегиялык жөндөмүңдү көрсөтүшүң керек. Ошон үчүн шахматтын ролу адамдын илимий-чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өтө маанилүү экендигин Толстой, Достоевский, Кадар, Гёте, Стейниц, Цвейг, Неруда өңдүү не деген дөө-шаалар бекеринен айтпаган чыгаар. Себеби тээ байыркы замандан бери адамды өз алдынча ой жүгүртүүгө түртүп, ар бир жүрүштү ийне-жибине чейин талдоого аргасыз кылган шахмат, тогуз коргоолдон башка бир да оюн жок. Ал адамдын логикалык ой жүгүртүүсүн тарбиялайт.

Кабыл Макешов, КРнын спорт журналисттер федерациясынынбашкы катчысы