Блог: Жылдын каармандары 6 адамдын өмүрүн сактаган жигиттер

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинин 4-курсунун студенти, чүйлүк Эльдияр Токтошев жана Кыргыз- Орус Славян университетинин экономика факультетинин 4-курсунун студенти, жалал-абаттык Манас Мамбеталиев
Image caption Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинин 4-курсунун студенти, Эльдияр Токтошев жана Кыргыз- Орус Славян университетинин экономика факультетинин 4-курсунун студенти Манас Мамбеталиев.

Учурда бардык жерде 2016-жылдын жыйнтыктарын чыгарып, массалык маалымат каражаттары дагы жылдын мыктыларын чыгарып, аларга урмат-сый көрсөтүлүп жатат.

Айрымдары аша чаап, кээ бир жетекчилерге, депутаттарга, коомдук ишмерлерге же белгилүү ишкерлерге кошомат кылышып, "жылдык мыктысы" дешип, ашкере баалап жиберген учурлар да кездешүүдө.

Ошондуктан журналист катары өз пикиримди билдирүүгө аргасыз болуп, жылдын анык мыктылары көз жаздымда калып калганын байкап, 4-ноябрда Төө-Ашуудагы туннелде автоунаалар кагышып, төрт адам каза болгон кырсыкта өз өмүрлөрүн тобокелге салып, ис газына ууланганына карабай 6 адамды сактап калган 21 жаштагы эки студент жигитти 2016-жылдын эр жүрөк, эң мыкты каарманы деп айтаар элем. Эки жаш жигиттин эрдиги жалпы жаштарга, мекендештерге, замандаштарга үлгү, өрнөк болду. Москвадагы метродо бир орус аялды сактап калган кыргыз жигитин Президенттерге чейин кабыл алып, сыйлап даңаза кылган эле.

Бирок, кайдыгерликтен улам андан бери эки айга чукул өтсө дагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетинин 4-курсунун студенти, чүйлүк Эльдияр Токтошев жана Кыргыз- Орус Славян университетинин экономика факультетинин 4-курсунун студенти, жалал-абаттык Манас Мамбеталиевдин эрдигин эстеп, эрдигин баалап, батасын берип койгон жетекчилер, жылдын мыктылары деп атап, бир барак Дипломун берип койгон массалык маалымат каражаттары, окуу жайдын жетекчилери табылбады. Билим берүү министри дагы билмексен болгону өкүнүчтүү. Окуу жайдын ректорлору деле кабыл алып, ыраазычылык билдирип,контрактарына жеңилдик берип койсо болот эле да. Болгону менин сунушум менен ИИМдин министри гана юбилейлик медалын ыйгарды.

Ошол кырсыкты эстеген сайын ушул жигиттерди таап, мекенчил сезимдери үчүн ыраазычылык билдирип, колдорун кысып, өзүм жазган спорт тууралуу китептеримден чын дилимден белек кылып, аңгемелештим. Аларга жолукканымда окуяны ирети менен айтып берүүнү өтүнүп, кепке тарттым эле.

-Досум Эльдияр биринчи жолу Ошко бараткан,-деп сөз баштады, алгач Манас Мамбеталиев.Туннелге жеткенде токтоп, кар менен согушуп ойногонбуз. Ал жерде дос балабыздын телефону түшүп калыптыр. Туннелден чыга бергенде телефонун жоготконун эстеп, аны алуу үчүн кайра артка жөнөдүк.Туннелге киргенибизде катуу ылдамдыкта кетип бараткан жүк ташуучу автоунааны көргөн элек. Туннелде дагы ушундай катуу айдайбы деп койгон элек. Кайра кайрылганыбызда унаа тыгыны пайда болуп, кырсык болгонун көрдүк. Бир мүнөт кечиккенде биз да ошол кырсыкка кабылып калышыбыз мүмкүн эле, кудай сактаптыр...

Image caption ИИМдин министри юбилейлик медалын ыйгарды.

- Жүк ташуучу унаа «Хонданы» кысып калыптыр. Ал жактан аялдын жардам сураган кыйкырыгын угуп калдым. Манас экөөбүз чуркап жөнөдүк. Барсак 4 унаа кырсыкка учураптыр, -деп Эльдияр Токтошев кепти улантты.

-Биз башында жүк ташуучу унаанын туннелде абдан катуу ылдамдыкта өтүп кеткенин көргөнбүз. Ошол унаа 4 адам каза болгон БМВны бир нече метр сүйрөп барып, дагы калган эки унааны да сүзүптүр.Эч нерсени ойлобой, жардамга умтулуп, мен БМВ жакка, Элдияр «Хондага» чуркадык. Жаныбыздагы балдар машина жарылат, башкалар жардам берсин дешип, кайдыгер болуп, качып кетишти. БМВдагыларды башкалар чыгарууга аракет кылганын көрүп, мен дагы "Хондага" бардым,-дейт Манас.

-«Хонданын» ичине кирсем, аял киши колуман кармап калды. Отургучтар буту-колдорун кысып калыптыр. Астыда эки адам, арт жагында 4 адам бүктөлүп жатканын көрдүм. Андай учурда күчтүү боло түштүмбү, айтор отургучту көтөрүп, аялды Манас экөөбүз чыгарып кеттик. Экинчи аялдын боюнда бар экен. Анын да эки буту кысылып калыптыр. Отургучту көтөрүүгө күчүм жетпей, Манас экөөлөп темир тыгып көтөрүп, ал аялды да чыгардык,-деп окуяны ирети менен айтып отурду Э.Токтошев.

-Анан авто унаанын алдыңкы айнегин сындырып, эки адамды чыгардык. Ошол убакта машинанын мотору түтөй баштаган болчу. Башкалар азыр жарылат деп качып кетишти. Мен башка унаадан 5 литр суу алып келип, моторго чачып, түтүндү өчүрдүм. Ошол маалда унаанын ичи газ жыттанып, дем алуу кыйын болуп калган эле - деп кошумчалады Манас Мамбеталиев.

-Унаанын ичи канга толуп кеткен экен. Үчүнчү аялды да отургучтарды темир менен көтөрүп жатып бошоттук. Акыркы кишини алып чыгуу аябай кыйын болду. Себеби эки жактан катуу кысылып, буттары жанчылып калыптыр. Тросс менен унааны тарталы десек, чогулуп калган элдин да күчү жетпей койду. Тиги адамды көрүп аябай боорум ооруду, "ошол бойдон чыгара албай каламбы?" деп ыйлап ийдим. Унаанын ичи да түтүнгө толуп кеткендиктен, шайым кетип отуруп калдым. Ошол маалда сырттан бир байке келип: «Иним ушунча адамды куткардың, муну да куткара аласың. Акыл токтотуп, шашпай ойлончу»,- деди. Ошондо автоунаанын отургучун бычак менен кессе болоору эсиме түшүп, Манаска айтсам, ал башка машинадан бычак таап келип, аш бычагы менен отурчучтун ортосун кесе баштадым. Кесилген жерден отургучтун темири көрүндү. Ага тросс байлап тарта баштадык. Бирок 20дай адамдын алы жетпей койду. Анан Манас досума аларды шыктандыра турган бир нерсе айт деп кыйкырдым, -деп кыйын кырдаалда кайраттанууга чакырганын Эльдияр Токтошев эстеди.

- Анан мен троссту тартып жаткандарга карай: «Кыргыз элим, барсыңбы?»- деп катуу кыйкыра баштадым. Ошондо чындап эле адамдарга күч-кубат кирип, тартып кетишти. Ошентип ал кишини да бошоттук,-кыйынчылыкта адамдар күчтүү болоорун Манас эстеп, өзүнө жана жанындагы досуна таңгалганын жашырган жок.

-Ал байке мени кучактап өөп, ыйлап жатты. Байкени сооротуп сыртка алып чыктык. Өзүм унаанын ичинде жалгыз отуруп калдым. Карасам кийимим кан экен. Ис газынан улам эсим ооп калды. Досум мени сууруп чыккандан кийин эки-үч жолу катуу кыйкырып жибердим. Ошондо колу-бутум кадимкидей бошоп, оор жүктөн арыла түшкөндөй сездим. Андан кийинкиси эсимде жок, -дейт Эльдияр Токтошев.

-Эльдиярды туннелден сыртка чыгардык. Ал ис газына ууланып калганбы, айтор ошол маалда кан кусуп жиберди. Ошту карай сапар улап, унаада бара жатканда Эльдияр дале өзүнө келе элек болчу. Бир нерсени шыбырап бара жатыптыр. Тыңшасам «баарыбыз акчанын, байлыктын артынан кууйбуз.

Бирок, 2 эле мүнөт тагдырыбызды чечип коёт экен» деп сүйлөгөнүн уктум,- деп ал учур эстен кетпей турганын айтып берди, Манас Мамбеталиев.

-Чынында эле туннелдин ичинде эки сааттай жүрүппүз. Бирок бизге 15-20 мүнөттөй эле сезилген. Ооруканага барсак, ууланып калыпсыңар дешти.

Азыр улам-улам жөтөлгөнүм эле болбосо, абалым жакшы эле. Анан туннелдин ичинде шамалда жүрүп, суук да тийип калыптыр. Учурунда дары ичип, дарыланып, сакайып калдым, -дейт Эльдияр.

-Ошол жаракат алган адамдарды, унаадан чыккан уулуу газды, кандыкөргөндө корккон жоксуңарбы?

-Андай учурда өзүңдү ойлонбой, эч нерсени сезбей, коркуу сезими жок болуп калат экенсиң. Колдорубуздун тытылып кеткенин кийин байкадык. Ошончо аккан канды, сынган дене мүчөлөрдү көрдүм. Колума жумшак, былжырак нерсе урунганын карасам, жанчылган адамдын эти экен. Бирок ал убакта ага көңүл бурбай, эптеп адамдарды куткарып калалы деген ой тынчтык бербей жатты,- деп ал учурду эскерди Эльдияр Токтошев.

-Бул каргашалуу окуяга аралашып, анан баары бүткөндөн кийин силердекандай сезимдер болду?

-Андан кийин Ошко жеткичекти болгон окуяларды эстеп, жолдо уктай албадык. Тойго бара жатканбыз, бирок катуу таасирленип калыппыз, эч тамак өтпөй башкача сезимдер болуп жатты. Кийин маалымат каражаттарындагы жаңылыктардан «Хондадагы» алты адамдын аман экендигин укканда бир аз болсо да сыймыктанып калдык. Ушундай кыйын кырдаалда адамдарга жардам берүү биздин атуулдук милдетибиз да, -деп жылмайып койду Эльдияр Токтошев.

-Бизди балким Кудай ошол жакка жабыркагандарга жардам берүүгө себепчи кылып жибергендир.Жол жүрүүдө айдоочулар эч жакка шашпаса, адам өмүрү баарынан кымбат тураарын жардам берип жаткан учурда түшүндүк. Окууну бүткөндөн кийин милиция кызматкери болсом деген тилегим бар. Бала кезден бери кикбоксинг менен машыгам,- деп Манас Мамбеталиев келечекте милиция кызматкери болсом деген тилегин билдирди.

-Мен жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин калктын коопсуздугун, укугун сактаган милиция кызматкери болгум келет. Кыргыз улуттук аскер лицейин дагы бүткөм. Эрежесиз эр уруш спорту менен машыгып, эл аралык мелдештерге да катышкам. Жаракат алып, убактылуу машыгуум тынып турат.Адамдын, достордун ким экени ушундай кыйынчылык учурда сыналат экен,-дейт Эльдияр Токтошев.

Бул эки жаш жигиттин эрдиги, каармандыгы бардык жаштарга үлгү. Кыйынчылыкта апкаарып калбай, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, жардамга умтулган жигиттер келечекте өлкөбүздүн коопсуздугу үчүн дагы кызмат кылат деп терең ишенип, аларга ыраазычылык билдирдик. Мындай жигиттер менен бирге жоого аттанса болот. Бар болгула, кыргызымдын ушундай кыраан жигиттери!

Мына ушул эки жигити 2016-жылдын эң эр жүрөк, мекенчил мыкты адамдары деп билем. Жылдын анык мыктылары Эльдияр Токтошев менен Манас Мамбеталиев бар болгула, эрдигиңерди эл унутпайт. Силер жасалма мыкты бололу деген жоксуңар, силер жигиттик милдетиңерди гана аткарып, эрдикти мактаныч үчүн жасабай, атуулдук эрдикти кыргыздар айтмакчы "Жөн эле" жасап койдуңар. Ушундай эрдикти жөн эле жасай жасап, эсен болгула. Мен жана эл үчүн 2016-жылдын эң мыкты каарманы силерсиңер!

Силерди терең урматтап, Кабыл Макешов.