Кыргыз милициясы бир кылымдык тарыхты артка калтырды

20-жылдардагы ыктыярдуу милиция отрядынын жетекчилери Сүрөттүн автордук укугу Кыргызстандын мамлекеттик архиви
Image caption 20-жылдардагы ыктыярдуу милиция отрядынын жетекчилери.

Мындан 100 жыл мурда 1917-жылдагы тарыхый окуялар мурдагы советтик өлкөлөрдүн тарыхын өзгөрттү. Октябрь революциясы айрым постсоветтик өлкөлөр үчүн трагедия болуп калса, "Большевиктер төңкөрүшү" кыргыздар үчүн мамлекеттүүлүккө ээ болууга мүмкүнчүлүк ачкан»,-деп белгилейт тарыхчылар.

Албетте, ошол оош-кыйыштуу учурда милициянын ролу кандай болду эле? Эгемен алган жылдардан кийин кыргыз милициясы ар кандай оор кырдаалдардан өттү. Элдик толкундоо, төңкөрүштөр, коогалаңдар. Эл арасында милицияга карата дооматтар көп айтылды.

Кыргыз милициясынын түптөлүшү боюнча бир пикир жок. Айрымдар кыргыз милициясы 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин түптөлгөнүн айтса, ошол эле учурда 1924-жылы Кара-кыргыз Автоном облусу түзүлгөндө негизделген деген пикирлер бар. Кандай болгон күндө да тарыхтын бүктөмүндө калган милициянын башынан өткөн айрым окуяларды эске салабыз.

Абдыкадыр Орозбековго даярдалган буктурма

1925-жылы 31-мартта Абдыкадыр Орозбеков Кара кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин алгачкы төрагасы болуп шайланган. 1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.

Бул тарыхый инсандын башынан өлүм өмүр арбашкан учурлар көп эле өткөндүр. Биз бир учурун айта кетели. Архивдик документтерге таянсак, «1931-жылы март айынын башында Абдыкадыр Орозбеков жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышуу максатында Ош аймагына келет».

Бул жылдар совет бийлигинин коллективтештирүү саясаты жүрүп, ага каршы чыккандар менен кандуу күрөш жүрүп жаткан оор жылдар эле. Ушул жерден бир аз чегинүү жасайлы.

Сүрөттүн автордук укугу Кыргызстандын мамлекеттик архиви
Image caption Ош милициясынын бөлүм башчылары (ортодо Газыбай Козубаев), 1920-жыл.

Маселен, архивддик материалдарда Ош аймагынын күжүрмөн отрядынын жетекчиси Ломановдун 1930-жылдын 30-июлундагы каты бар:

«Гаиб! Сен акылсыз адам эмессиң, абалды туура баалай аласың. Ошон үчүн сага кат жазууну чечтим. Сен ыплас оюн баштап алдың, эгерде азыр эсиңе келбесең, анын акыры сен үчүн жакшылык менен бүтпөйт. Совет бийлигин жеңе албасыңды эң сонун билесиң. Гезиттен окугандырсың, советтик мамлекет Англия менен да бекем келишим түзүп, соода-сатык алакаларын чыңдап жатат. Бул жөнүндө ойлонуп, өз абалыңды туура карай бил. Мен Ташкенттен атайын сени менен сүйлөшүү үчүн келдим. Сен да туура кадам жасаарыңа ишенем. Эгерде менин кеңешиме кулак салбай, дыйкандарды талап-тоноону жана басмачылыкты уланта берсең, анда күчөтүлгөн отрядым менен ташыңды талкан кылам. Эгерде ыктыярдуу түрдө колго түшсөң¸ сен жана сенин жигиттериң аман калышат. Тез жооп бер!»

Демек кат ошол учурда Ош аймагында совет бийлигине каршы күч кураган Гаип паңсатка багытталган. Бирок ал бул кат менен эле багынып бербептир. Ушундан эки жылдан кийин гана 1932-жылдын 16-августунда Ноокат шаарынан сегиз чакырымдай алыстыкта Гаип паңсат өлтүрүлүп, анын тобу талкалаган.

Сүрөттүн автордук укугу Кыргызстандын мамлекеттик архиви
Image caption Гаип паңсатты жазага тартуу учуру 1932-ж 16-август.

Гаип паңсат сыяктуу баш көтөрүп чыгып, будуң-чаң салып, совет бийлигинин тарапташтарына мыкаачылык көрсөткөн майда топтор да көп болгонун тарыхтан кабары бар окурман жакшы билет. Бирок бул топтордун бири-бири менен байланышы канчалык болгонун так тастыктаган документтер биздин колдо жок.

Мына ошондой майда топтордун бирин басмачылык кыймылга кошулганы үчүн соттолуп, кайра абактан бошоп чыккан Исакбай (фамилиясы белгисиз) деген түзөт дагы, Абдыкадыр Орозбековго кол салууга даярдык көрөт.

Демек, бул топ тапшырманы кимдир бирөөдөн алышы толук мүмкүн эле. Буктурума Ош шаары менен Араван районунун ортосундагы жолдо даярдалат. Ошол кезде Ош шаардык милицияны Газыбай Козубаев жетектеп турган. Ал киши жеке булактарынан бул буктурма тууралуу маалымат алып, ыкчам аракеттенип, Орозбековдон мурун буктурмага жетип барган.

Буктурмада канча киши болгону так көрсөтүлгөн эмес, бирок узакка созулган атышуу орун алган. Газыбай Козубаевге ок тийип каза тапкан. Ал Исакбайды өз колу менен атып салганы, басмачылардын бир бөлүгү жок кылынып, колго түшүп сот жообуна тартылганы айтылат.

Газыбай Козубаев 1884-жылы Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында туулган. 1926-жылы большевитектердин катарына өтүп, милиция кызматында 10 жылдан ашуун эмгектенген.

Болочок жазуучунун кыргыз милициясы менен кесилишкен жолу

1923-жылдын апрель айында москвалык геологдордун чакан тобу Алай аймагында кендерди чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн келип, совет бийлигине каршы уюшулган басмачылардын колуна түшүп калат.

Геологдордун арасында кийин белгилүү жазуучу болуп таанылган Георгий Тушкан да болгон экен. Кийин ал өзүнүн «Жоро» чыгармасында бул окуяларды көркөмдөп жазганы бар. Маалыматтарга караганда геологдор колго түшкөнү тууралуу кабарды милицияга дал ошол Жоронун прототиби болгон улан жеткирип келген.

Бул кабар Үч-Коргон милиция бөлүмүнө жеткен. Ал учурда азыркыдай даңгыр жолдун изи да жок, азыркы Чоң-Алай аймагы менен карым-катнаш Баткен аркылуу болгон.

Үч-Коргон милиция бөлүмүнүн жетекчиси Козубай Шамсудинов геологдор барымтада турган окуяны угары менен чакан отрядын алып, Алайды көздөй жолго чыгат. Алар 200 чакырымдан ашуун татаал жолду басып өткөн.Кыязы жол көрсөткөн кишилер жер шартын мыкты билген (балким Жоронун прототиби) же милиция жетекчиси өзү кырдаалды мыкты талдаган. Ушул жагдайлардан улам милициянын чакан тобу басмачы атыккан топтун жалгыз чыгып кете турган жолун бөгөп туруп, дал чукулунан кирип барып кол салган.

Качканы качып, көбү окко учуп, алар ыдырайт. Геологдорду аман-эсен бошотуп алышкан. Ушундай ийгиликтүү операциялары үчүн милиция бөлүмүнүн жетекчиси Козубай Шамсудинов Кызыл-Кыя шаардык революциялык комитети жана Ош аймактык кеңеши тарабынан сыйлыкка ат жана күмүш саат алган экен.

Кийин совет бийлиги ага «Кызыл Жылдыз» орденин жана «Күжүрмөндүгү үчүн» медалын берген. Шамсудинов милиция тарамгында дээрлик 30 жыл иштеп, 1961-жылы дүйнөдөн кайткан.

Мына ушул сыяктуу азыркы милицияга да өрнөк боло турган тарыхтын айрымүзүмдөрүн кийинки баяндамаларыбызда сөз кылабыз.

Жеңиш Аширбаев, Ош шаары

Тектеш темалар