АДАМКИТЕП

китеп Сүрөттүн автордук укугу iStock

Мен китеп окууну мектептен эмес, биринчи, үйдөн, атаман үйрөнгөм. Бала үйдөн эмнени көрсө, ал ошону кылат.

Бала кезде апам китептердин барактарын айрып алып от тамызаар эле. Жакшы китептерди атам эски текчесине жыйып койчу. От тамызгы болгон китептер кыязы атам менен апама керексиз, түшүнүксүз, кызыксыз болгон үчүн самсаалатпай отко жагып жиберели дешчү го. Ооба, андагы китептер жок дегенде от тамызганга жарачу эле.

Бирок менин жашоомдо мен үчүн түшүксүз, керексиз анан албетте пайдасыз китептер сыяктуу тааныштарым көп болду. Жалгыз байлыгым болгон китептекчемдеги окулбаган китептерди илгиртпей сорттогонум менен бир келчү өмүрүмдөгү пайдасыз адамкитептерди сорттоп салууга чамам, күчүм чектелүү.

Адамдар да китептердей татаал, жөнөкөй, оор, чакан, кооз, баалуу, барксыз болушат. Биринчи барагынан баштап ачык, так анан түшүнүктүү китептер бар. Анан калса туш келди барагына көз жүгүртсөӊ көзгө урунган дээрлик сөз так, даана анан таасын ой калтырат. Кызыгасыӊ.

Улам- улам кайрылып барактап турасыӊ. Кээ бир китептер илимий терминдерге толгон. Аны ошол багыттагы айрым гана бирөө толук түшүнбөсө, дээрлик жөнөкөй окурманга кызыксыз. Кудум апамдын от тамызгы болгон китептери сыяктуу. Баарынан жаманы китептерде көчөдөгү уят сөздөрдүн жазылышы. Адабият уятсыз болбош керек го дейм. Бул дегеним, китепке уятсыз окуяларды такыр жазбоо керек дегендик эмес, уятсыз окуяны уяттуу тил менен сүрөттөп жазуу дегендик. Арада, оор китептер бар. Мага окшош жөнөкөй тоолук кыргыз жанына жеткенде сүрдөп, айланып өткөн.

Баарынан да бүгүн кыргыз коомун күйгүзгөн, адабиятты ушунчалык баасыз, барксыз кылган китептер- булар «Мактанчаак китептер». Атасын, жотосун, уруусун, даткасын, бегин анан тегин мактаган тар чөйрөгө ыӊгайлашып, буйрутма менен чыккан китептер. Эч ким сатып албаган же зордоп айлыкка таратылган. Ооба, чымындуу адам катары мени акындардын анда- санда колго тие калчу жука мукабалуу китептери кызыктарат. Бирок кыз акындардын китептериндеги көлкүлдөгөн көз жаш, сынган көӊүл, сызылган бактысыздык кээде кадимкидей тажатат.

Жаап коём. Китептер түркүн түс, түркүн тема, түркүн идея, түркүн мукабалуу болгон сыяктуу адамдар да ар түрдүү, бири- бирине окшош эмес, татаал, жөнөкөй, кызыктуу, кызыксыз, барктуу, барксыз болушат тура.

«Жаш кезде тандоону билбегендиктен колуӊа тийген китепти барактай бересиӊ. Бирок китеп да достор сыяктуу, убакыт өткөн сайын иргелет»,-деген экен залкар жазуучу Ч. Айтматов. Анын сыӊары менин жашоомдогу белекке келген кызыктуу китептерим, кызыктуу китептерим сыяктуу баалуу адамдарым, силер жашоодогу жалгыз БАЙЛЫГЫМСЫⱧАР!

Бала күнүмөн бери түшүнүксүз, кызыксыз, керексиз от тамызгы болгон китептердей тагдыр күтүүдөн коркоор элем…

АКЫЛДУУ СӨЗ: «Көзүн жумган, өзүнө гана караӊгы кылат» (У. Шекспир)

Жазгүл Жамангулова.

Тектеш темалар