Байыркы бабалардын изи менен же Монголийа кайрыктары…

Белгилүү окумуштуу филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаевдин Монголия сапары тууралуу баяндамаларын сунуштайбыз.
Image caption Белгилүү окумуштуу филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаевдин Монголия сапары тууралуу баяндамаларын сунуштайбыз.

Белгилүү окумуштуу филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаевдин Монголия сапары тууралуу баяндамаларын сунуштайбыз.

Автордун жазуу ыкмасы сакталды.

Бозүй монголдордун сыймыгы экен...

"Уламадан уккан сөз, Улам оргуп чыккан сөз",

Узун сабак айтылып, Урпактарга жуккан сөз," -деген сыңары байыркы ата-бабаларыбыздын баскан изи, барган жерлери, жазуу чеккен таштары, түзгөн кандыктары жөнүндө дүйнөлүк тарых, тил илимдеринде жетишээрлик маалымат-даректер айтылып жүргөнү менен, алар жазган таш жазууларды, алар кечкен Орхон, Селенгэ, Туул дайраларды, алар баскан издерди, алар жүргөн жерлерди издеп барган урпактары аз болгон экенбиз. Мамлекетибиздин жардылыгынанбы, же өзүбүздүн кайдигерлигибизденби, же билимибиздин тайкылыгынанбы, же дагы башка "себеп-жүйөлөр" барбы, айтор, кыргыз таануу тармагында жүргөн аалымдарыбыз, кур дегенде, байыркы бабаларыбыз калтырган из менен жүрүп, алар жараткан материалдык, духовный маданийат байлыктарын көз менен көрүп келбептирбиз, кол менен кармалап көрбөптүрбүз.

Ошол байлыктар кыргыздардыкы деп дүйнөлүк илимде аксиома катары так кесе айтылып келсе да, мамлекетибиз Хакасийадан, Алтайдан, Тывадан тартып Батыш Монголийага, анын Түштүк Чыгыш аймагына чейин тараган VI-VIII кылымдардагы жазма эстеликтерибизде Кыргыздар жөнүндө кеңири маалыматтар жазылып турса да, ошол эстеликтерибизге ээлик кылуунун аргасын таба албаптыр, бүгүн да таба албай жатат...

Арийне, мен студент кезимден Орхон-Энисей жазмасы деген байыркы жазууларга кыргыздардын да тиешеси бар экендиги жөнүндө С.Е.Маловдун "Енисейские письменности түрков", "Древнетүркские письменные памйатники" деген эмгектеринен окудум эле. Кийин Москвада СССР Илимдер академийасынын Тил илими институтунда аспирантурада окуп жүргөндө улуу түркологдордун бири Н.А.Баскаковдун "Түрк жана монгол тилдери" секторунда отурганыбызда, "вот, сидит представитель народа, который отрицает свою славную, древнюю историю и письменность," - деген сөзүнө: "Нет, не народ отрицает, а наш 1-секретарь Т.Усубалиев отрицает," - деп кайаша айттым эле. Ошондо Н.А.Баскаков "смотри-ка на молодого кыргызёнка," - деп мени кубаттап, мага Енисей жазмасы Кыргыздардыкы экендиги, Кыргыздар улуу держава түзгөндүгү, тарыхы өтө тереңде экендиги жөнүндө узун сабак сөз кылды эле.

Кийин Кыргыз тарыхы, жазмасы боюнча илимий эмгектерди окуп, ата-бабалары­быздын улуу тарых, улуу маданийат, улуу держава түзгөндүгү жөнүндөгү маалыматтарды өтө сыймыктануу менен кабылдап жүрдүм. Ошондо Кыргыздар ташка чеккен жазуулардын өз оригиналдарын көрсөм, кыргыз жоокерлери аттарын сугарган Селэңгэ дарыйасына, эстелик таштар табылган Орхон дарыйасына колумду жууп, жүзүмдү чайкасам, Кыргыз нуур көлүнө түшсөм, уйгурлар менен 100 жыл согушуп, 840-жылы алардын Кан Балык, Ордо Балык деп айтылып жүргөн шаарын талкалап, уйгурларды Борбордук Азийадан азыркы Чыгыш Түркстанга чейин сүрүп салгандыгы жөнүндөгү маалыматтардагы (А.Г.Малйав­кин­дин эмгектерин караңыз) изди көрсөм деп кыйалданчу элем...

Кыйалым орундалды. Байыркы баатыр ата-бабаларым баскан изди басып, ичкен сууну ичип, Кыргыз нуур (Кыргыз көлү, кадимки эле Ысык-Көл сыйактуу таза, жылуу, туздуу, чөйчөктөй болуп чалкып жатат, узуну 80 км, туурасы 35-50 км чейин дешти) көлүнө жүзүбүздү чайкап келдик...

2016-жыл Президентибиз Алмаз Шаршеновичтин Жарлыгы менен Тарых жана маданийат жылы деп жарыйаланды. Тилге, тарыхка, маданийатка өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү деңгээлде алар сайасий дагы, материалдык дагы колдоого алынып келет. Ушул колдоонун натыйжасында атайын бөлүнгөн каражаттын эсебинен КР Улуттук илимдер академийасынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабийат институтунун атайын долбоорунун негизинде Монголийага илимий экспедицийа уюштурулду.

"Манас" аэропортуна Түркүйанын Стамбул шаарынан келген "Боинг" учагына отурдук. Учак Түркүйадан келгендигине карабай, отурган жүргүнчүлөрдүн 70-80% пайыздайы Европа улутундагылар экендиги алардын өңү-түсүнөн эле көрүнүп турду. Ойлоп койдум: Булар Монголийага барып, башка жакка учушат го деп. Жок, андай болбоду... "Чыңгызхан" эларалык аэропортуна келип конгондон кийин, жүк алчу жерге келсек, байагылардын баары тең жүктөрүн алып, паспорт көзөмөлүнө келип, Улаанбаатар шаарына чыгып жатышты. Дагы ойлоп койдум: Мынча четэлдик Монголийага эмнеге келди деп. Ал ал болду...

Биз да бир аз буйдалып, элдин шары менен паспорт көзөмөлүнөн өтүп, шаарга чыкчу оозго келсек, тосмонун ары жагында ак калпак кийген арык-чырай, менден улуу көрүнгөн бир адам бизге кол булгалап турат.

Мен да калпак кийип түштүм эле, бизди ошол калпагыбыздан таанып, Кыргыздар тура деген кыйазда кол булгап жатыптыр. Дагы бир ирет ак калпактын касиетине таазим этип, кол булгалап жаткан адамга жеткиче ичимден ушул ак калпакты ойлоп таап, баш кийим катары бапестеп келген ата-бабаларыма, энелерге ыраазы болдум да, ак калпак кийип бизди утурлап турган адам көзүмө алданемедей көрүнүп, жеткиче шаштым.

Кыргызча салам айтып, кош колдоп учурашсам, азиаттардын акценти менен орусча сүйлөйт, ошондо ал адамдын монгол экендигин баамдап, мен да орусчага өттүм. Мени менен чогуу баргандар аны тегеректеп эле калды, учурашышты, ырас эле болбодубу деп өзүбүзчө кудуңдап, сыртка чыктык.

Ал адам СССР маалында Кыргызстанга Монголийанын атынан келип консулдук кызматта иштеген адам экен. Аскердик чини - полковник, ардактуу эс алуудагы, көп жылдан бери Монгол-Кыргыз достугу эларалык уйумунун Президенти Йадам Даваасамбу деген адам экен. Уулунун машинесин айдатып, дагы бир машине жалдап бизди тосуп алганы келиптир.

Аркы-беркини сүйлөшүп, бат эле ымалашып кеттик. Кыргыздарга терең урмат-сый менен мамиле кылаары көрүнүп турду. Кыргызстан жөнүндө, кыргыздар жөнүндө кеңири маалыматы бар экен. 30дан ашып калган уулу сайасат таануу багытында кандидаттык иш жазып жүрүптүр, илимий жетекчиси Артыкбаев Мэлис Табалдиевич агай экен. Эки жумалык экспедицийалык ишибизде бул эки адамдын жардамын көп көрдүк, жакшы адамдар экен. Менимче, булардын бизге кылган жардамы, көргөн камкордугу баргандардын ар биринин жүрөгүнүн тереңинен оорун алды, адамга жардам кыла билүү, камкөрө билүү адамдагы улуу касиеттердин бири экендигине дагы бир мертебе так ынандык болуш керек...

Ошентип бат эле шаардын чак ортосундагы "Улаанбаатар" конок үйүнө - Зочид Буудал келип жайгаштык. Конок үйүнүн Түштүк тарабында Монголийанын Улуу Хуралынын, Өкмөтүнүн имараты, ал имараттын алдында Чыңгызхандын лөкүйө отурган өтө чоң эстелиги, эки тарабында эки колбашчысы, маңдайында чоң айант, биздин "Ала-Тоо" айантындай эки келет, машина өтпөйт, эл эркин басып эс алат экен, айанттын бүткөн жеринде Сухебаатырдын атын секиртип турган эстелиги. Эстелик деп ошолорду айтат... Улуу Хурал, Өкмөт үйүнүн Түштүк капталында Монголийанын тарых музейи. Монголдордун тарыхын, материалдык, руханий маданийатын көрсөткөн этнографийалык материалдар ырааты менен жайгаштырылган. Өзгөчө байыркы уруулар ээлик кылган аймактарды так көрсөткөн, Монголдордун Чыңгызхандан берки тарыхый баскан жолун так чагылдырган тарыхый карталар музейдин баалуулугун арттырып турат. Мени өзгөчө кызыктырганы кыргыздар ээлеген аймактардын так картасынын чийилиши жана кыргыздар жөнүндөгү маалыматтардын кенендиги болду...

Арийне, ошол кең айантта туруп айланамды карасам, көчмөн Монголдордун Улаанбаатар борбору мени эки нерсеси менен таң калтырган жок, бирок ошого жакындатты. Биринчиси, шаарда бүгүнкү күндүн талабына ылайык архитектуралык дизайн менен курулуп жаткан бийик-бийик имараттардын өтө көптүгү, шаардын борбордук көчөлөрүнүн таптазалыгы, көчө кыймылынын тартиби, МАИлердин биздегидей болуп далдаага жашынып туруп алып акча жыйнайын деген ойдон такыр алыстыгы - жолдун четине жашынып эмес, жол кырсыгын болтурбоого, жол эрежелеринин бузулбашына камкөрүү үчүн канжолдун так ортосундагы сызыкка көрүнөө турушат экен. Кыскасы шаар тартип жагынан да, тазалык жагынан да жана архитектуралык курулуш жагынан да өтө өнүгүп жатыптыр. Экинчиси, көчмөндүк менен отурукташкандыктын, байыркылык менен бүгүнкүлүктүн өзара жуурулушкан симбиозун жана контрасын көрдүм. Улаанбаатардын тегереги монголдун бозүйүнө толгон, борбордун ичинде да бозүйлөр тигилген, арабанын үстүнө тигилген, төрт дубалдын ичине тигилген бозүй дүкөндөр, ресторандар өтө эле көп. Монголийанын дүйнөлүк бренди болгон кашимир буюмдарын саткан борбордук чоң дүкөн да бозүйдөй болуп салынган тегерек дүкөн экен. Арийне, бозүй тигип койсо эле, байыркылык болуп калат экен деген ой кетпеш керек. Бозүй тиккенди унутпаган эл өзүнүн тарыхын, үрп-адат, салт-санаасын, маданийатын унутпайт. Бозүй аларга ар дайым өткөнүн, эртегесин эскертип турат.

Демек, эртегесин эстеген, өткөнүн унутпаган гана эл ушундай өнүгүүгө жетишет тура деген ойго дагы бир ирээт ишеним арттым...

Чыңгызхан естелиги - монголдордун идеологийасы

Тарыхта жакшы белгилүү, азыркы Монголийанын аймагы, өзгөчө Батыш Монголийа, Российа Федерацийасындагы Алтай, Тыва, Хакасийа, Миңсуу, Енисей өрөөндөрү байыркы көчмөн уруулардын, элдердин кызыкчылыктары кесилишкен, байыркы көчмөндөр маданийаты жаралган, өнүккөн, сайасий, маданий жашоо-тиричилик боркулдаган кара казан сымал кайнаган аймак болгон. Бүгүнкү күндөгү эчендеген элдердин жашоо-тиричили­ги­нин, маданийатынын түптөлүшү, өнүгүшү ошол аймактар менен түздөн-түз байланышат. Ошондуктан бул аймактар дүйнөлүк цивилизацийанын бир очогу катары окумуштууларды, изилдөөчүлөрдү өтө кызыктырган, өтө көп сыр каткан, издеген сайын сыр табылган аймак. Бул аймактар бүгүнкү күндө да комплекстүү изилдөөлөрдү күткөн, дагы көп маалымат бере турган аймак катары дүйнөлүк илимпоздорду өзүнө тартууда. Бир эле мисал.

Бүгүнкү күндө Монголийада монголдордун өзүнүн окумуштуу тарыхчы, тилчи, археологдору немистер менен бирдикте, монголдор менен орустардын окумуштуулары өзүнчө комплекстүү археологийалык, тарыхый, лингвистикалык изилдөөлөрдү, археологийалык казууларды жүргүзүп жатышыптыр: 840-жылы Кыргыздар талкалаган Уйгурлардын Кан Балык, Ордо Балык деген ат менен белгилүү болуп жүргөн борбор шаарынын урандыларын да изилдөө мерчемделип жатыптыр. Кыскасы, көптөгөн изилдөөлөр алдыда экен. Ошого Кыргыз мамлекети, анын окумуштуулары кошула, аралаша алабы же тарыхый факт-материал­дарды тарттырып жиберип отуруп калабызбы деген көкөй кесип, көкүрөк эзген суроолор пайда болду... Мамлекетибиз мындай суроолорго жооп таба алабы же жокпу, белгисиз...

Ошентип, Кыргызстандан барган биздин экспедицийабыз Улаанбаатар шаарынан 40 км Чыгыш Түштүк тараптан табылган байыркы жазуу эстелик - Тонукүккө арналып коюлган таш эстеликке келдик. Жазмасы бар бул таш эстеликти С.Е.Маловдун эмгектеринен көрүп жүрдүм эле. Эми минтип өзүн көрүү тагдырына туш болдум. Тонукүккө арналып коюлган чоң таш эстеликтин айланасында беш-алты чоң жалпак ташка оюу-чийме чегилген, кыргыздын эле оймо-чиймесиндей, эч айырма деле байкалбайт. Эки кичирээк таш мамы да орнотулган. Тегереги курчалган, темир тор менен тозулуп, кире бериш оозуна Тонукүккө арналган текст байыркы түрк алфавитинде, анын азыркы түрк (латын) алфавитиндеги котормосу атайын тактага жазылган. Түркийа мамлекети атайын жол салып, тегерегин тосмолоп, Монголийанын желегинин жанына өзүнүн желегин орнотуп коюптур. Муну көрүп дагы бир ойго түштүм...

Тонукүккө коюлган таш эстеликтен ары Чыгышты көздөй жерге батып, үстү гана көрүнүп калган таштар орнотулуптур. Түз сызык боюнча орнотулган, узундугу канча экендигин аныктай албадык, биз 1 километрче жерге чейин бардык, жерге орногон ал таштар андан ары да кете берет экен, андан алыс бара албадык. Бул эмне таш экендигин биле албадык.., жергиликтүү чабандар деле биле беришпейт экен. Түптүз ээн талаа, айыл, кыштак, эл жок...

Эртегесин эстеген, өткөнүн унутпаган, тарыхын сыйлаган, баатырын урматтаган эл өнүгөт тура деген ойго дагы бир ирээт туштуктум. Тонукүктүн эстелигин көрүп кабылган эмоцийалык абалдан чыга электе андан артык эмоцийа каптады. Бул Чыңгызханга арналып койулган комплекс-эстеликти көргөндө пайда болгон эмоцийа эле. Бул эмоцийаны мен сөз менен жеткире албайм, ал эмоцийага туш болуш керек, ошондо гана сезилет, ал эмоцийага туш болуш үчүн Чыңгызхан комплекс-эстелигин көрүш керек, анан ошондой нерсеге толкуп-ташып, өз жонтериңде, ички сезимиңде түйшөлүүгө кабылышың керек, сезимтал, сергек, зирек болушуң керек, көзүң менен эле эмес, көкүрөк, көөдөнүң менен көрө билүү жөндөм-мүмкүнчүлүгүңдө болушуң керек.

Тонукүктүн эстелигинен чыгып, андан 10-13 км аралыкта Чыгыш тарапта жайгашкан Чыңгызхандын эстелигине жөнөдүк. Кан жолдун эки тарабы бөксө дөңсөөлөр. Кичинекей белестен аша бергенде алдыңда ажайып көрүнүш тартылып чыга келет: тегерете бөксө тоо (тоо дешке болбойт, дөңсөө) менен курчалган чөйчөктөй жайык талаа. Чөйчөктүн тегерек кырындай болгон кырка дөңсөөнүн жайпак бети төбөсүнө чейин табигий өскөн карагай, кайың экен. Арасына кол менен миллион карагай отургузулуптур.

Машинанын кан жолу өткөн кичинекей белестен түшө бергенде сол жактагы кичине өйдөш дөңсөөгө дат баспас жаркыраган ак темирден Чыңгызханга Чыгышты каратып, атка мингизип, камчы сабына тайанып, тизгинин бек тартып турган эстелигин коюшуптур.

Эстелик эстелик дегендей эле курулуптур. Дөңсөөнүн үстүнө тегерек тарта куйулган жертөлөнүн бийиктиги 5 м, анын үстүнө тегерек куйулган постаменттин бийиктиги 6 метр, Чыңгызхандын атынын туйагынан Чыңгызхандын башына чейин 29 метр. Эстеликтин жалпы бийиктиги 40 метр экен. Жертөлөдөн лифтке түшүп көтөрүлүп, аттын мойнуна барганда лифт токтоп, башынан кулагынын түбүнө чейин басып барасың. Ээрдин кашынан аттын кулагына чейин айлана-чөйрөнү кароо үчүн жасалган айант экен. Ал жерге барганда айлана-чөйрөң алаканга салгандай көрүнүп турат.

Чыңгызхандын эстелигинин Түндүк Чыгыш жагында жумурткадай болгон ак бозүйлөр, андан ары мелмилдеп жай агып жаткан учу-кыйры закымга сиңип кеткен улуу дайра, тике бет маңдайы арча, кайың жыш өскөн кыркалай уланган бөксө дөңсөө, Түштүк Чыгыш тарабы да жумурткадай ак бозүйлөр, имараттар жана Батыштан жортуулдан кайтып келе жаткан уулу Чыңгызханды күтүп алдынан чыккан энеси Өүлэңдин эстелиги, Чыңгызхандын оң тарабында саал арткараак атчан жоокерлеринин эстеликтери. Кыскасы, айтып бүткүс, айтсаң сөз жетпес, көрсөң көз кумарың тойбос чоң панарама, чоң комплекс. Бул комплекс, бул панарама үчүн мамлекет 220 га жер бөлүптүр, толук бүтө элек экен. Толук бүткөндө мындан да ажайып, мындан да кооз, мындан да мыкты болот болуш керек... Менимче, бул комплекс көчмөн монгол элинин тарыхын, маданийатын, философийасын, идеологийасын чагылдырып, өсүп келе жаткан муунду тарыхын, маданийатын терең билүүгө, урматтап, баалап-барктап сүйө билүүгө, тарбийалап, элинин өткөнү менен бүгүнкүсүнө сыймыктана алуу сезиминин жаралышын пайда кыла турган комплекс экен, атуулдук ар-намыстуулукту калыптандыра турган комплекс экен. Мен башында жаздым эле - Стамбулдан келген учакта жалаң Европалык өң-түстөгүлөр отурат, алар Улаанбаатарга келишти деп. Көрсө анын баары турист катары Монголийаны түрө кыдырып кетишет экен. Чыңгызхандын эстелигинин тегерегинде чет элдиктер батпайт, рүкзактарын элесепетине жүктөп алган же жонуна таңып алган туристтер өтө эле арбын. Монголийа туристтик борборго айлана баштаптыр, көрө турган нерсе, бара турган жер, уга турган сөз көп экен, Монголийада...

(уландысы бар)

Тектеш темалар