Флэшмоб коомго айланып бара жатабызбы?

Сүрөттүн автордук укугу DANIEL MIHAILESCU/AFP/Getty Images

Абдылдаев Айбек мырза Кыргызстандын туусун жерге төшөп алган сүрөттү көргөзүп, макала жазып бериңизчи деп өтүнгөндөн бери бир аптага жакын убакыт өттү. Коомдун реакциясын билгим келди. Ары-бери чукулап, ал кабар ошол замат эле элдин эсинен чыгып калганына күбө болдум.

Катыгүн, тууга мамиле ушундайбы, минтип отурсак туубузду өзүбүз жыгып алабыз го, биз, өлкөнүн жарандары өз туубузду сыйлабасак, биздин желекти башкалар неге урматтамак эле деген пикир учурата албадым, тилекке каршы. Тууга карата эл аралык тажрыйбада, протоколдо кабыл алынган универсал эрежелер бар. Мамлекеттин желеги кадырлап, барктай турган мамлекеттик символ. Желек өлкөнүн тарыхынын ажырагыс бөлүгү, анын мамлекеттик, саясий жана маданий иденттүүлүгүнүн белгиси.

Дээрлик баардык мамлекетте мамлекеттик символикага карата бейбаштык кылмыш катары эсептелет. Мамлекеттик желекти жана символдорду пайдаланууну жөнгө салуучу мыйзамдар көп мамлекетте кабыл алынган. Жеңилген өлкөнүн желеги гана ылдый түшурүлүшү мүмкүн, калган баардык учурларда мамлекеттердин желектери бирдей деңгээлде, өлчөмдө желбиреп турушу керек.

Флэшмоб Сүрөттүн автордук укугу DANIEL MIHAILESCU/AFP/Getty Images

Тууну жерге таштоого болбойт, бул жеңилүүнүн белгиси, ал тургай ошол мамлекеттин жоюлушу катары бааланат. Демек жерге ташталбайт.Ал эми улуттук аза күтүүдө гана мамлекеттик желек ылдыйлатылат. Эскирген, бүлүнгөн, айрылган желектер өз тартиби менен мамлекеттик орган тарабынан жок кылынат. Мына ушундай, эң жөнөкөй эрежелер. Баардык мамлекеттер мамлекеттик символиканы даңазалаган, аны ыйык, кымбат баалуулук катары даңктаган мамилени өз атуулдарына бала кезинен баштап калыптандырат. Тарбия жалаң окуу жайлары менен чектелбейт. Искусствонун каражаттары, көркөм адабият аркылуу коомдо мамлекеттик символикага карата аздек мамилени калыптандырышат. Бул мамлекеттик саясаттын негизги озуйпаларынын бири.

Мен жерге төшөлгөн желек боюнча не расмий мамлекеттик органдын жооптуу позициясын же коомчулуктун пикирин, олуттуу оюн издеп таппай интернетти чукулап жатканда дагы бир жаңылык пайда болду. Ал да кабатырланта турган маалымат экен. Kaktus media агенттигинде Кыргызстандын кайсыл бир окуу жайында жаш балдар Кыргызстандын желеги менен Түркиянын желегинин астында, Түркиянын армиясын Сириядагы согушта колдой көр деп Аллага жалынып, алакан жайып бата тилеп турган видео социалдык желеге тараганын кабарлады. Кыргызстан мусулмандардын диний башкармалыгы бул окуу жай бизге таандык эмес, бизде катталбаган бейдарек окуу жайы деп жооп кайтарды. Ага удаа Ош мамлекеттик университети да бул биздин окуу жай эмес деген маалыматты таратканча шашты. Атайы карадым, бул маалыматтар бир нече саат илинип турду, социалдык желеде ар кайсы бурчтан чыга калып талкууламыш болушту. Коомчулукту кооптондурган окуя бир нече сааттан кийин ошол кооптоно турган коомчулуктун тез эле көңүлүнөн алыстап, жаңылык болуудан калды. А көрүнүш жок болуп кеткен жок да.

Коом деле жандуу организм катары. Ал деле сыркоолойт, жабыркайт. Испан философу Мигель де Унамуно Испанияда диктатура күчөй баштаганда "Ооруган жерим - Испания" деп каңырыгы түтөгөн экен. Түтөбөй коймок беле, испан генералы Мильян-Астрай илим-билимдин храмы университетке келип алып, кафедрадан "Интеллигенцияга өлүм!" деп айкырып жатса.

Флэшмоб Сүрөттүн автордук укугу Photo by Sean Gallup/Getty Images

Коомдо да терс окуяларга, өлкөнүн, улуттун түпкү кызыкчылыктарына, уңгу баалуулуктарына шек келтирген көрүнүштөргө каршы иммунитет калыптанууга, жаман, ыплас жоруктарга карата бекем каршылык болууга тийиш. Тескерисинче, биздин заман флэшмобдун заманы болуп баратат окшойт. Дароо социалдык желеде бир чур этип алып, анан тез унуткан мамиле калыптанып калгандай. Флэшмоб коомго айлангандайбыз. Картондо уктап жаткан бала былтыр Акипресске чыга калды эле, алды белегин, акчасын көтөрө чуркап, айрымдары мунун тегерегинде өзүн даңазалаганга үлгүрдү. Андан бери бир жылга аяк басты. Ал бала кайда, кандай күн кечирүүдө, тагдыры кантти - кечээ эле чурулдап, кызыл чеке түшүп талкуулап жаткан коомчулук бул окуяны ошол замат эсинен чыгарды да, флэшмобго катышкан кокус топтой тез эле тарап кетти. Утурум коомчулук тууралуу мисалдар арбын. Маселенин экинчи жагы да болуп жатпайбы.

Коомдо пайда боло калган проблеманын бирине коомдун көзүнчө жана ага жага тургандай аракеттенип, анан коомду толкунданткан башка окуяга өтө калуу, утурумдук коомдук пикирге карата реакция менен чектелүү ыкмасы соңку мезгилде бир топ өлкөлөрдүн саясатчыларына мүнөздүү боло баштады. Саясатта бул Public policy деп да аталат. Бул да туура. Туруктуулук -бул жагабы, жакпайбы, катаалбы же жумшакпы, кабыл алынган эрежелердин, нарк-насилдердин бекем сакталышы. Оюн эрежелери оюндун убагында өзгөртүлүүгө, улуттук баалуулуктар утурумдук кызыкчылыктар үчүн курмандыкка чалынууга тийиш эмес.

Элди тынчсыздандырган маселеге карата мамлекет позициясын бекем билдирип, чечкиндүү аракеттерди жасоого тийиш. Ансыз элдин ишенимине доо кетет. Акчанын көп функциясы жана касиеттери бар, бирок эң алды менен ушул кагаздарды чыгарган тарапка болгон ишеним деп экономисттер айтышат. Демек элдин ишеними чечүүчү мааниге ээ.

Ошентип, коомдук пикир менен эсептешүү зарыл. Бирок тереңдеги маселелерди комплекстүү чечпей, алдын ала аракеттенбей, азыр актуалдуу маселелерге басым жасоо менен чектелүү дайыма эле ийгиликке жеткирбейт. Анткени коомдук пикир оома, тез өзгөрмө келет.Коомдук психология илиминен жана социалдык технологиядан анча-мынча кабары бар чиновник, саясатчы жооп бербей да кутулат. Анткени азыраак чыдай турса, эми эле суроо салып, жооп күтүп жаткан көз ирмем көпчүлүк башка окуяга алаксып кетет, эстен чыгарат. Социалдык коммуникациянын доорунда бул иммунитети алсыз коомдор үчүн мүнөздүү көрүнүш. Илгери деле ушундай болуп келген. Француз революциясынын лидерлеринин бири Максимилиан Робеспьерге анын Дантон, Сен-Жюст сыяктуу үзөңгүлөштөрү, "Карачы, эл бизди кандай кубаттап, колдоп жатат" - деп сыймыктанышса, "Шашпагыла, ушул эле эл эртең биздин башыбызды алганда мындан да катуу сүйүнөт" деген экен. Арадан аз убакыт өтпөй, чечекейи чеч болуп кубанган элдин көзүнчө Робеспьер жана анын үзөңгүлөштөрүнүн, андан кийин алардын башын алгандардын баштары баталгага коюлат.

Туруктуу баалуулуктардын утурумдук окуялардан баасы жеңил коомдо социалдык жүрүм-турумдун флэшмоб модели басымдуулук кылат. Социалдык желеде көз ирмемде талкууга катышып, анан улам бир жаңылыкка ооп, улам бир окуяны ээрчип кете берме адат калыптанат. Ошого баарыбыз көнөбүз. Кыргыз туусу астында кыргыз жараны башка мамлекеттин аскери үчүн кудайга жалынган маалыматты Казакстандагы суукта тоңгон иттин сүрөтү дароо алмаштырат, алдыңкы планга чыгат, андан кийин башка сюжеттер чыга баштайт. Ушундай. А мындай шартта коомчулуктун пикирин өзгөртүү, буруу, аны башкаруу жеңил болоорун социологдор, психологдор ошол флэшмоб кубулушу пайда болгондо эле каңкуулашкан.

Алмаз Окин.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар