Kыргыз билим берүү системасы дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбалардан неге сабак албайт?

Дүйнөдө 1980-жылдары ийгиликтүү мектептерди сыпаттап көрсөтүү негизги маселе болсо, 1990-жылдары мектептерди кантип ийгиликтүү кылуу милдети коомдун алдына коюлду, ал эми 2000-жылдары мектептердин ийгилиги эмнеде экендигин түшүндүрүү зарылдыгы жаралса, 2010-жылдары мектеп системасын кантип ийгиликтүү, натыйжалуу кылуу башкы маселеге айланды.

мектеп

Демек, 2010-жылдан баштап дүйнө жеке мектепке эмес, мектеп системасына көңүл бурууда.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ РЕФОРМАЛООГО СИСТЕМАЛУУ МАМИЛЕ ЖАСАЛЫП ЖАТАБЫ?

Учурда кайсы гана мамлекеттин болбосун билим берүү системасынын алдындагы негизги да, абдан орчундуу да, маанилүү да, көйгөйлүү да, курч да турган маселе - бул билим берүүнүн мазмунунун ушунчалык тездик менен жаңылануусу, өзгөрүүсү. Билим берүүнүн мазмуну 5 жылдын ичинде олуттуу жаңыланып жатканын эске алсак, мектеп босогосун аттаган бала мектепти аяктагыча билим берүүнүн мазмуну эки жолу жаңыланууга дуушар болуп жатат. Андай болсо, эскирип кете турган билимди окуучуга берүүнүн зарылчылыгы канчалык?!.

Анткени мектепти аяктагыча эле анын алган билимдери эскирип, керексиз болуп калып жатпайбы. Демек, окуучу мектепти аяктаган кезде ага башка билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр керек болот? Анда окуучуга кандай билимдерди берүү керек? Деги бул маселени кантип чечүүгө болот?!.

Ошондуктан келечегин ойлогон мамлекеттер билим берүүнүн бүгүнкү, эртеңки күнүн гана эмес, узак мөөнөттүү келечегин ойлоп, ошого жараша аракеттене башташты. Кытай мамлекети 2010-жылдары эле билим берүү системасын 2020-жылга карата реформалоонун үстүнөн иштеп баштап, реформанын планын иштеп чыгуу процессинде электрондук почталарды, каттарды, чогулуштарды пайдаланып, ага 1 млн адамды тарта алса, Гонконг билим берүүнүн мазмунун реформалоону ийгиликтүү ишке ашырып, үзгүлтүксүз билим алуу системасын киргизип, мектеп бүтүрүүчүлөрү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө өмүр бою ыңгайлаша ала турган болушту. Ал эми Канаданын Альберта провинциясында жыйырма жылдай мурда 2029-жылы анын билимдүү тургуну кандай болору тууралуу талкууга билим берүүгө тиешеси бар адамдарды да, бул маселеде анчалык активдүү эместерди да тарта алган.

мектеп

Билим берүү саясаты жаатындагы эл аралык деңгээлдеги эксперттер Майкл Барбер менен Мона Муршед 25 мамлекеттин билим берүү системаларын талдоого алышкан, ага эң мыкты билим берүү системасына ээ болгон 10 (Сингапур, Финляндия, Түштүк Корея, Кытай, Гонконг, Япония, Нидерландия ж.б.) жана билим берүү жаатында өзгөрүүлөргө жетишкен 15 мамлекет кирген.

Талдоонун жыйынтык корутундуларына келе турган болсок, аларды төмөнкүдөй көрсөтүүгө болот:

  • Билим берүүнү реформалоого системалуу мамиле
  • Мыкты окутуу жана аны колдоого алуу (мыкты мугалим)
  • Мектеп лидери (мыкты директор)
  • Ар бир окуучунун сапаттуу билим алуусу
  • Мониторинг жана түзөтүүчү чаралар

Эскертүү: Мында көрсөтүлгөн ар бир пункт боюнча өзүнчө макала даярдалды.

Ушул жыйынтык корутундулардан улам талдап, анын биринчи пунктуна көңүл бөлө турган болсок, учурда Кыргызстанда мектеп билим берүүсүн реформалоого карата кандай системалуу мамиле жасалууда, ага коомчулук канчалык тартылууда жана кайсы жылга багыт алуу менен билим берүүнү реформалоо ишке ашып жатат?

мектеп

Кайсы жылдары Кыргызстанда кандай билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргө, компетенттүүлүктөргө муктаждыктар болору тууралуу азырынча эч кандай изилдөө жок. Билим берүүнү реформалоого коомчулук тартылганын байкай алган жокпуз. Ал эми системалуу мамиле тууралуу сөз кыла турган болсок, бүгүн билим берүүнүн бир жагын чойсок, эртең экинчи жагын тартабыз. Эмнеге акча табылып калса, ошол жакка кете бермей. Кайсы жылы кайсы иш-аракеттер жасалары жалпысынан белгиленген сыяктуу болуп көрүнгөнү менен, анын баары жалпыланган жана так эмес.

Ал аз келгенсип, «жамандын үйүн коногу бийлейт» дегендей, көп учурда донорлор, эл аралык долбоорлор өз ойлорун таңуулашат. Өзүбүздө алдыны так көрө билүү, билим берүү системасын терең талдоо болбогондуктан, алардын айтканына дээрлик бардык учурда макул болуудабыз. Бирок, абал жакшы жагына олуттуу өзгөргөн жери жок. Эгерде эл аралык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы болбогондо, бизде билим берүү маселеси жайында, көптөгөн долбоорлор иштеп жатат деп талашып, моюн бермек эмеспиз. Бирок, PISA (окуучуларды эл аралык баалоо программасы), EGRA (кенже курактагы окуучулардын окуу көндүмдөрүн баалоо), SAM (мектеп жетишкендиктерине мониторинг жасоо), ОБЖУБ (окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоо) андай эмес экендигин, окуучулардын окуудагы жетишкендиктери абдан төмөн экендигин, билим берүү системасы жакшыруу жолуна түшө албай жаткандыгын сандар, фактылар менен көзгө сайып тастыктап жатат.

Билим берүүнү реформалоого карата системалуу мамилеге келе турган болсок, ар бир өзүн сыйлаган мамлекеттин жалпыланган эмес, так, конкреттүү жазылган билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы болуп, келген донорлор, долбоорлор ошол стратегиядан өзүнө орун таап, мамлекеттин колу жетпей жаткан иштерди аткарып, стратегияны ишке ашырууга салым кошушу, мамлекеттик түзүмдөр, уюмдар менен эриш-аркак иштеши керек эле. Мамлекет, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар жок дегенде алардан маалыматтарды чогултуп алып, бирдиктүү маалыматтар базасын түзүшү шарт эле. Ошондой эле бул ыйгарым укуктуу органдар мамлекеттик уюмдар менен донорлордун, долбоорлордун ишин шайкеш келтирип жөнгө салып туруусу зарыл болчу. Бирок, турмушта бул иш кандай ишке ашып жатат?

Ага бир нече мисалдарды келтирели.

мектеп

Биринчи мисал. 2006-2011-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын долбоору менен Кыргызстанда билим берүүнүн мазмунун жаңылоо максатында куррикулумдарды даярдоо иштери башталды. Буга 30 миллиондон ашык АКШ доллары жумшалды (ал кезде үч бөлмөлүү батирлер Бишкекте 7 миң доллардын айланасында болгондугун жана каражаттын бир бөлүгү насыя экенин эстен чыгарбасак). Баарынан кызыгы ошол кезде Билим берүү министрлиги мамлекеттик уюм болгон Кыргыз билим берүү академиясын четтетип, ишти толугу менен долбоор колго алды. Кийин мөөнөтү аяктагандан кийин долбоор Кыргызстандан кетти, жыйынтыгы эмне болду десек, учурда расмий бекиген куррикулумдарды Министрликтин сайтынан да, басылган материал катарында да эч жерден таба албайбыз. Ондогон миллион долларлар самандай талаага сапырылган коррупция так мына ушул жерде болуп жүрбөсүн?!.

Дароо эле айтайын, мен куррикулумга каршы эмесмин. Көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде Европа, Прибалтика өлкөлөрү, куррикулум менен жакшы эле өнүгүп жатат. Маселе документти жакшылап даярдай албай, олчойгон каражатты кумга сиӊгендей жоготуп, натыйжасы жок калганында жана жаңы документти иштеп чыгууда Кыргызстандын ченемдик укуктук документтерин эске алып иш жүргүзө албаганында болуп жатат. Анткени, куррикулум деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын чечнмдик-укуктук актыларында жок эле. Бул маселени чечүү андай деле кыйын эмес болчу. Же документтин атын өзгөртсө, же «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизип койсо эле болмок.

Биздеги маалыматтар боюнча, куррикулумдарды даярдоо үчүн 30га жакын адис бир ай Америкада болгон, ушул каражаттан эсебинен 2 магистр Америкадан даярдалган. Бирок экинчи маалыматты тактоо таптакыр мүмкүн болгон жок. Анткени аталган каражат Кыргызстанга, Билим берүү министрлигине келгени менен, долбоор, анын аткарылышы тууралуу маалыматтарды Министрликтен толук табууга болбойт. Муну министрликтеги кызматкерлер да тастыкташат. Бул маалыматтарды кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым адамдар өзүнө ыйгарып алышкан, бир тобун жок кылышкан деп божомолдоого болот.

Демек, бул маселеде мамлекеттик деңгээлде атайын комиссия түзүлүп, ишти тыкыр текшерүүсү, керек болсо коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик деңгээлде башталып жаткан мезгилде тиешелүү укук коргоо органдары ага өзүнүн баасын бериши керек.

Баарынан таң калыштуусу - мамлекеттик уюм болгон Кыргыз билим берүү академиясын четтетип салып, мамлекеттик деңгээлдеги стартегиялык ченемдик документтерди эл аралык уюмдардын иштеп чыккандыгы. Албетте, анын омоктуулугу тууралуу сөз да кылууга болбойт. Кыргызда «эт турсун табак жок» деген макал бар. Анын сыңарындай, долбоордун акчалары кайда жумшалганын билбегенибиз аз келгенсип, ал каражатка даярдалган документтер да жок. Долбоор кантип аткарылганы тууралуу маалыматтар да жок. Кыскасы, «ит да жок, ит байлаган жип да жок…». Кийин, албетте, ал уюмдарды табуу мүмкүн да болбойт.

Экинчи мисал. Ар бир өзүн сыйлаган мамлекет кымындай эле мүмкүнчүлүк болгон учурда өзүнө тиешелүү мамлекеттик уюмду өнүктүрүп, бекемдеп алганга умтулат болуш керек. Анткени, ар бир иштин омоктуулугун ошол мамлекеттик уюмдар камсыз кылат эмеспи. Жок, кайсы бир мамлекетте мамлекеттик уюмду курутуп, эл аралык долбоорлор ардакталат, өкмөттүк эмес уюмдар алдыга чыгат, маселени грант жегичтер чечип калат десе, ишенет белеңиз, урматтуу окурман?!. Менимче, эч ким ишенбесе керек.

мектеп

Бул абал Кыргызстанда кандай болууда? Эгерде билим берүү жаатында кайсы бир ишти аткаруу үчүн акча табылып калса, аны эл аралык уюмдар, өкмөттүк эмес уюмдар же бизде калыптанып калган тажрыйбалуу грант жегичтер бар, ошолор аткарат (муну педагогикалык коомчулук абдан жакшы билет). Кайсы бир маанилүү иш-чараларга катышуу, тажрыйба алмашуу үчүн чет мамлекетке баруу керек болсо, анда да ошолор барышат. Ал эми мамлекеттик мекеме болгон Кыргыз билим берүү академиясынын (КББА), анын кызматкерлеринин андай каражаттарды алганга эч кандай укугу жок, аларга акча төлөнбөйт. Алар акысыз иштеши керек. Ушул заманда ким эле бекер тоону томкоро берсин. КББАнын кызматкерлери бир жылга КР Билим берүү жана илим министрлигинен тапшырык (заказ) алат, ошого жараша айлык төлөнөт. Андан башка көптөгөн кошумча иштерди негизинен акысыз аткарышат.

Эгерде КББАда иштеп туруп, кандайдыр бир демилге көтөрсөң, аны акысыз аткарып беришиң керек. Кокустан ал ишке акча табылып калса, анда КББАнын кызматкеринен жасап жаткан ишти алып коюп, башкаларга берүүгө туура келет. Анткени, акча төлөнүп жатпайбы. Эч ким аткара албай койсо же акчаны жеп алып, ал ишти аткарбай койсо, анда кайра КББАнын кызматкерине берилет, ал бекер аткарат (буга төмөндө мисалдар бар). КББАнын кызматкерлерин демилгесиз, ишке кызыкпаган абалга алып келиш үчүн мындан өткөн күчтүү ыкма жок болсо керек!.. Бул эреже кайдан жүрүп жаралып калды? Мына, Кыргызстандагы рынок экономикасы!.. Мына, Кыргыз билим берүү академиясынын дараметин күчөтүү!..

Ушуга улай үчүнчү мисал. Министрлик үч жыл мурда Дүйнөлүк Банктын долбоорунун жардамы менен 5-9-класстардын предметтик стандарттарын даярдоо маселесин көтөрдү, бирок, жогоруда сөз болгондой, башталгыч класстар боюнча мурда даярдалган куррикулумдар түп оту менен жок кылынганына карабастан, 5-9-класстарга негиз болчу башталгыч класстардын предметтик стандарттары тууралуу сөз болбой калды.

Кыргыз билим берүү академиясы эч кандай колдоо болбогондугуна карабастан, бул ишти өзү демилге көтөрүп, башталгыч класстардын предметтик стандарттарын даярдоого киришип, 4 предметтик стандарт иштелип чыгып, Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеӊешинде, Министрликтин коллегиясында расмий түрдө (2016-жылдын 21-апрели) бекиди. Калган предметтер боюнча да автордук топтор түзүлүп (жеке сураныч менен), алар менен кеӊири масштабда талкуулар, окуулар өткөрүлүп, тапшырмалар берилип, предметтик стандарттардын долбоорлору даярдала баштады. Алардын бири 2016-жылдын 28-январында И.Арабаев атындагы университет менен бирдикте уюштурулду. Министрлик менен сүйлөшүлүп, калган предметтик стандарттарды ошол жылдын сентябрынын башына карата даяр кылуу макулдашылды. Жумуш график боюнча жүрүп жатты. Кыргыз билим берүү академиясы бул предметтик стандарттарды даярдоого колдоо көрсөтүү жана сырттан тартылган адистерге төлөө үчүн акчасы жок болгондуктан, каражат жагынан жардам берүүнү суранып, Министрликке бир нече жолу расмий кайрылды. Министрликтин аракети менен акча каражаты табылды. Бирок, акча табылары менен бир жылдан ашык аракеттенип келген адистер дароо сыртка сүрүлүп, жогоруда белгилегендей, башкалар тартып кетти. Алар чындап эле мыкты адис болсо, бир жылдан ашык биз аракет кылып, ар кимге кеңеш, жардам сурап кайрылып жүргөндө кайда эле?!. Анан да Министрликтин коллегиясында бекиген башталгыч класстагы математика предметтик стандартын кайра түзөбүз деп, мурунку иштеп чыккан авторлордон бирөөнү гана калтырып, калгандарынын ордуна эми башка орус тилдүү мугалимдерди киргизип (стандарт кыргыз тилинде даярдалган), бир топ убакыт өткөндөн кийин колдорунан эчтеке келбей, «эми кайра мурдагылар жакшыртып иштей бергиле» деп таштап коюшту. Табылган акчалар «ээсин тапты», бирок бир да предметтик стандарт даярдалган жок. Убакыт аябай көп өтүп кетти. Кийин буга эч ким да жооп берген жок. Көнүмүш адат болуп калгандай… Айла кеткенде, мурда иштеп баштаган адистерди (бул КББАнын кызматкерлерин бекер иштетип деген сөз) кайра чогултуп, эки айдын ичинде алар башталгыч билим берүү боюнча бардык предметтик стандарттарды шашылыш иштеп чыгышты… Эки айда шашылыш иштелген предметтик стандарттардын сапаты айтпаса да белгилүү эмеспи. Бирок, урматтуу окурман, бөркүңүздөй көрүп коюңуз, адилеттүүлүк болуп, акчаны жеп кетип, эч нерсе жазып бербегендер эмес, келечекте КББАнын кызматкерлери күнөөлөнөт. Маселени ушундай кылып буруп коё турган адистер да бар. Зарылчылык болсо, башка да мисалдар менен алардын аты-жөнүн толук айтууга туура келет.

мектеп

Төртүнчү мисал. Көп тилдүү билим берүү долбоорун биз Казакстан менен дээрлик бир мезгилде, мындан 10 жылдай мурда, 2008-жылдары баштаганбыз. Казакстан бул долбоорго расмий киришкенине экинчи жыл болуп баратат. Кыргызстандачы? Бул долбоор жакынкы аралыкта ишке ашарына эч ким деле ишенбейт. Муну Министрлик, КР Өкмөтү да жакшы билет. Бирок, эмне үчүн тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги суралбайт?!. Деги бул долбоорго баш-аягы канча каражат кеткенин да эч ким аныктай албаса керек?!. Тескерисинче, алар улам бир грантты биринин артынан бирин учурда да «ийгиликтүү» алышууда. Биздеги ыйгарым укуктуу органдар бул «ишкерлердин» жоопкерчилигин сурабаса да, «деги кымындай жыйынтык, натыйжа кана?»-деп, грант берип жаткан эл аралык уюмдар деле жумшаган каражатына кызыгып коюшпайбы?!. Таң калыштуу!.. Андан да таң калыштуусу Кыргызстандын билим берүүсүнүн келечегин аныктап, олчойгон акчаларга (анын бир бөлүгү карыз эмеспи) стратегиялык документтерди «иштеп чыгып» жаткандардын бири да Кыргызстандын билим берүүсүнүн келечеги кандай болушу керектиги тууралуу макала же материал жазышпайт экен. Өздөрү келечегин көрө албай жатып кантип билим берүүнү реформалашат?!. Андай реформа кылгысы келсе, алгач ошол реформалоонун концепциясын жарыялап, аны коомчулук менен кеңири талкуулап, андан кийин ишке ашырса болбойт беле?!.

Бешинчи мисал. Жасалып жаткан иштин омоктуулугун, ырааттуулугун, системалуулугун ойлоп, предметтик стандарттарды бөлөк-бөлөк (1-4, 5-9, 10-11) түзбөстөн, линейка кылып түзүүгө эмнеге болбойт эле? Муну КББА жасай алат, албетте, акысыз эле жасай алат. Маселе бул предметтик стандарттарды ар башка эл аралык долбоорлор илип кетип, алар өзүнүн гана бөлүгүн иштеп жатышканында болууда. Эми ошол долбоорлор кетип, акча жок калган кезде, Кыргыз билим берүү академиясы эске келет эмеспи.

Алтынчы мисал. Кыргызстанда эл аралык долбоорлордун алкагында башталгыч класстардын мугалимдери үчүн ар кандай тренингдер өткөрүлдү жана учурда да өткөрүлүүдө, алсак: Дүйнөлүк Банктын долбоорлорунун алкагында калыптандыруучу баалоо, билим берүү стандарттары, GIZ Германия техникалык кызматташтык коомунун долбоорунун алкагында активдүү окутуу методдору, USAID уюмунун долбоорлору боюнча баалоо, окуучулардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу ж.б.

Бирок, эмне үчүн мындай окутуулар башталгыч класстардан жогору чыкпай жатат? Башталгыч класстарда күн сайын бир нече сааттан окуткан үчүн мугалимдер ансыз да балдарга жакшы мамиле кылышат. Көйгөйдүн көбү предметтерге өткөн 5-класста башталат эмеспи. Бул класста айрым мугалимдер балдардын атын да жакшы билишпейт. Айрыкча жумасына бир саат өткөн предметтер кайсы бир себеп менен болбой калса, ал жарым айда бир жолу өтүлөт. Ар бир мугалимдин мүнөзү да, балага кылган мамилеси да, окутуу ыкмалары да ар башка. Мына ушундай абал жаралган 5-класста жогоруда аталган тренингдердин эмне үчүн бири да өтүлбөйт?

Анан да эмне үчүн мугалимдерди даярдаган окуу жайлардын окутуучулары башталгыч класстардын мугалимдери үчүн уюштурулган бул тренингдерди өткөрүүгө активдүү катышышпайт? Эмне үчүн бул тренингдер мугалимдерди даярдаган окуу жайларда өткөрүлбөйт? Билим берүү стандарттары боюнча ушундай тренингге катышкан, окуу жайды жаңы гана аяктаган жаш мугалим мынтип айтты эле: «Мен быйыл гана жогорку окуу жайды аяктадым. Бизде да бир нече мыкты мугалимдер бар эле. Кызыктуу сабактарды өтүшчү. Бирок, бул тренингде уккандарымдын, аткарып көргөндөрүмдүн бирин да мен окуган жогорку окуу жайында айтышкан эмес. Буларды бизге ошол жактан эле үйрөтүп коюшса болмок экен».

Чындыгында да эмне үчүн окуу жайда даярдабай, кийин чогултуп алып окутуу керек эле? Биринчиден, мугалимдердин баарын окутуп чыгуу мүмкүн эмес, экинчиден, эки-үч жылдан кийин кайра жаңы мугалимдер келип, бир тобу иштен кетип, декретке чыгып, бул материалды билбегендер кайра эле көбөйүп калат эмеспи. Жогорку окуу жайдан буларды окутса, бүтүрүүчүлөрдүн баары билмек. Ушул да системалуулукпу, ырааттуулукту, омоктуулукпу?!.

7-мисал. Эл аралык баалоолордон сырткары окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук баалоону (ОБЖУБ) да улам кайталап өткөрүп жатабыз. Эмне үчүн мындай баалоолорду кайра-кайра өткөрүп, жыйынтык начар деп гана туруп калып жатабыз? «А» дегенден кийин «б» десек болбойт беле? Мындай маселелерде мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн көз караш керек эле. Бул маселеге тиешеси барлар муну Кыргыз билим берүү академиясы жасасын деп, жооптууну таба коюшат. Бул «биз каймагын шыпырып кеттик, эми КББА бекер бирдеме кыла берсин» деген сөз. Бирок, канча кааласа да, КББА эч нерсе кыла албайт. Биринчиден, ал баалоолордун суроолорун КББА түзгөн эмес, бул суроолор менен балдар эмнеден начар экенин гана көрүүгө болот, анын себебин аныктоо, анын негизинде чечим кабыл алуу мүмкүн болбойт. Экинчиден, алардын логикасына таянсак, КББАнын кызматкерлери бул иштерди өзүнүн ишине кошумча түрдө акы албай эле аткарышы керек. Гениалдуу ой болбосоң коё кал!.. Эгерде бул маселе боюнча да акча чыгып калса, «муну биз аткарышыбыз керек да»-деп, баягы грант жегичтер дароо даяр болорунда шек жок.

Ушундай «эмне үчүн?» деген суроолорго оңдуу жооп таба албаган, баш аламан иштер мен армияда кызмат кылган учурду эске сала берет. Мен армияга кеч, 26 жашка чыгып калган учурда, 1998-жылы бардым. Ошол чакырылышта барбай койсом, кийинкисинде жашым боюнча чакырылбай калмакмын. «Ооруканага жаткырып коёлу», «үйдөн тез жардам менен алып кетип, аппендицит менен операция кылдырып коёлу, барбай эле кой» дегендер да болду. Чын эле барбай эле койсом эмне болот деген ойлор албетте келбей койгон жок. Бирок, ошол кезде Кыргызстанда жетекчилик кызматтарды ээлеп келген белгилүү эле адамыбыз пенсияга чыгып, ага атайын Ысык-Көлдү коргоо комитетин түзүп беришип, өзүнчө кабинет, кызматтык волга ыйгарылды. Ошондо ыраматылык Түмөнбай Байзаков акыныбыз: «Бул адам убагында жашын ылдыйлатып жаздырып, Улуу Ата Мекендик согушка барбай, Мекенди коргогон эмес экен. Анан ушул киши Ысык-Көлдү коргойбу?» деп айткан эле. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет» дегендей, кайсы бир учурда бирөө ушинтип айтышы мүмкүн экен да деп, армияга жөнөп кете бердим. Батыш Украинадагы Львов облусундагы Польша менен чектеш жердеги кичинекей Самбор деген шаарда мина менен иштеген (сапер) батальондо кызмат өтөдүм.

Армияда тез-тез эле машыгуу (учение) боло берчү. Түн ортосунда тревога менен тургузат, шаша-буша кийинип, 3 км аралыкка, техника коюлган бокстарга чуркап барабыз. Ал жердеги машиналардын жарымы от алса, жарымы от албай коёт. Солдаттар от алган машиналарга түшүп, токойго жөнөйбүз. Жолдо улам бирден машина бузулуп, токтоп кала берет. Аны таштап, жүргөнүнө түшүп кете беребиз. Эптеп токойго жетип, машиналарды жогору жактан байкалбагандай кылып жабабыз…

Офицерлер менен «Мындай көз боёмочулуктун эмне кереги бар?-деп көп талашат элем. -Биринчиден, биз ошончо жерге чуркап, жарым сааттай убакыт жоготтук, авиация бизди ага чейин канча жолу талкаламак. Экинчиден, улам бир машина бузулуп жатып, биз жашынган жерди жебе (стрелка) болуп душманга көрсөтүп жатпайбы»-десем, көп учурда жооп бере албай калышат эле. Ал учур го Союздун ирип-чирип калган учуру экен. Ал эми жаңыландык, дүйнөлүк коомчулук менен аралашып, жуурулушуп жатабыз, өзгөрдүк деген биз эмне үчүн көп суроолорго жооп таба албай калып жатабыз?

Анда эмесе, суроо эле бере бербей, сунуштарды да айталык, урматтуу окурман. Ансыз деле суроолорго жооп таба албайт экенбиз.

Сунуштар:

Билим берүүнү реформалоого системалуу мамиле жасоо. Тиешелүү бир жылды так белгилеп (мисалы, 2040-жыл), мамлекеттин жалпыланган эмес, так, конкреттүү жазылган билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын даярдап, аны педагогикалык коомчулук менен кеңири талкуулап, билим берүү жаатындагы бардык уюмдардын (мамлекеттик, мамлекеттик эмес, эл аралык ж.б.) ошол стратегиянын алкагында кызматташуу менен иштешүүсү.

Үзгүлтүксүз билим алуу системасынын негиздерин так иштеп чыгып, аны расмий түрдө механизмдери менен киргизүү.

Билим берүү жаатында жасалып жаткан иштер боюнча (анын ичинде долбоорлор аркылуу жасалып жаткан иштер боюнча да) маалыматтар базасын (институттук эстутум) түзүү, бул маалыматтарды таап, топтоо.

Эгемендик алгандан берки билим берүү жаатында ишке ашырылган долбоорлорго толук инвентаризация жасоо. Мында долбоорлордун ишине кийлигишүү тууралуу сөз да жок, бирок Кыргызстан өзүндө эмне болуп жатканын жок дегенде билиши керек да.

Көп тилдүү билим берүү долбоорун тыкыр текшерип чыгып, аны мындан ары илгерилетүү боюнча жаңы план кабыл алуу.

Жасалып жаткан иштин омоктуулугун, ырааттуулугун, системалуулугун ойлоп, предметтик стандарттарды бөлөк-бөлөк (1-4, 5-9, 10-11-кл.) эмес, линейка түрүндө (1-11-кл.) түзүү.

Башталгыч класстардын мугалимдери үчүн өткөрүлгөн окууларды 5-класстан ары системалуу улантуу. Кыргызстанда кайсы бир долбоорлордун алкагында мугалимдер үчүн окуулар өткөрүлгөндө, аларды сөзсүз түрдө мугалимдерди даярдаган окуу жайлардын жана мугалимдердин адистигин өркүндөтүү түзүмдөрүнүн программаларына киргизүү.

Алмазбек Токтомаметов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.
Image caption Алмазбек Токтомаметов, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.

Эл аралык жана улуттук баалоолорду өткөрүүдө атайын план түзүп, баалоо аяктагандан кийин аткарыла турган иш-чараларды да ал планда чагылдыруу жана ошол план боюнча иш алып баруу. Мында негизги максат же акыркы натыйжа окуучулардын жетишкендиктерин жакшыртуу болушу керек.

Биринчи кезекте мамлекеттик уюмдардын дараметин (потенциалын) чыңдоого көңүл буруу, бул ар бир иштин омоктуулугун камсыздоонун негизи болуп саналат. Өзүнүн планынан сырткары иштерди аткарууда мамлекеттик уюмдардын кыматкерлерине акча төлөө маселесин чечүү. Рынок экономикасынын заманында бекер иштетүүнү токтотуу, тескерисинче эмгегине жараша акы төлөөнү киргизүү зарыл. Буга чет өлкөгө иш сапар, тажрыйба алмашуу максатында чыгууларды да кошуу керек.

Албетте, ар бир макалада темасына ылайык сунуштар берилмекчи. Бирок, эгерде бул иштерди туура нукка бурбасак, анда биздин ордунан тура калам деп, өз этегине өзү чалынып жыгылган аялдардан эмне айырмабыз болот?!.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.