Бишкек - адам ысымы эмес, ыйык тоонун аталышыбы?

Бишкектин шаар катары жарыялангандыгынын 140 жылдыгына карата профессор Дөөлөтбек Сапаралиевдин изилдөөсү.

Фрунзе политехникалык институту жана коомдук спорт аянты. 1955-жылы тартылган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Фрунзе политехникалык техникуму жана коомдук спорттук зал. 1955-жылы тартылган сүрөт.

Нукура аталыштын кайрылып келиши

Жогорку Кеңештин 1991 - жылдын 5-февралындагы чечими менен эгемендүү Кыргызстандын борбору жаңыча «Бишкек» деп аталганына быйыл 27 жыл толду. Бул аталыш Ала-Тоо тоо кыркаларынын этегинде жайгашкан алгачкы айыл турагынын нукура өз аты экендигине баарыбыз ынандык.

Бирок, бул сөздүн түпкү мааниси эмдигиче илимпоздор тарабынан толук ачыла элек. 2018-жылы Бишкектин шаар макамына ээ болгондугуна 140 жыл болот. Борбор шаарга байланышкан иликтөөлөр келечекте тарыхчылардын милдети экени шексиз. Азырынча шаарыбыздын ысымы жөнүндө изилдөөбүздүн жыйынтыктары туралуу азыноолак кеп кылалы.

Менинче, изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү бул сөздүн этимологиясын (келип чыгышын) талдоого жасаган аракеттеринде эки башка түшүнүктү: Бишкек - Пишкек деген топоним (жердин аталышын) менен Бишбек - Пишпек антропонимин (адамдын ысым-атын) чаташтыруусунда болуп жаткан сыяктуу. Алгач, түрк тилдериндеги калктын сүйлөөшүүсүндө «б» жумшак үнсүз айтылышта «п» каткалаңга жана созулма «и»нин созулма «е»ге өтүп кетээри мыйзам ченемдүү (ассимиляция) көрүнүштөр экендигин айта кетели. Анда эмесе баарыбыз чогуу бул абалды талдап көрүүгө аракет кылалы.

Пишкек чеби XIX кылымдагы карандаш менен тартылган сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу doolotbek saparaliev
Image caption Пишкек чеби XIX кылымдагы карандаш менен тартылган сүрөт.

1878 - жылы 29 -апрелде Россия империясынын Жети-Суу областынын Токмок уездинин борбору Пишпек айылына которулган. Ошондон бери бул жер шаар статусуна ээ болуп, тарыхка кызыккан адамдар «Пишпек» деген аталышка түшүндүрүү издешкен. Мындай аталыш дегинкиси орустардын бурмалап «Бишкекти» өзгөрткөндүгү экенин 1876-жылы эле биздин кыргыз аймагында болуп кеткен орус археологу Н.Н. Пантусов белгилеген. Анын бул эскертүүсүнүн тууралыгын Казакстан Республикасынын Борбордук Мамлекеттик архивинен табылган архивдик документтер да күбөлөп турат. Алсак, орус аскери - есаул Абакумов сибирлик кыргыздардын начальниги генерал-майор Вишневскийге жиберген 1847 - жылдын 12-ноябрындагы рапортунда «ташкенттик» коргон (чеп) Бишкекке баарынан жакын көчүп жүргөн Жангарач (Эшкожо уулу - 1792-1864 жж. жашаган кыргыздын солто уруусунан) манап туурасында билдирген. Көрүнүп тургандай, алгач орус аскерлери XIX кылымдын орто ченинде эле Бишкек деген жердин атын (топоним) дээрлик так атай алышкан.

Ала-Тоо аймагынын башкаруучусу, орус аскер кол башчысы Г.А.Колпаковскийге кыргыз жетекчилери тарабынан 1861 - 1863-жылдар аралыгында жиберилген араб шрифинде жазылган үч каттардын түп нускаларында бул топоним-коргондун аты төмөнкүдөй берилген: Бишкак, Пишкек жана Фишкак.

1937-жылы Токио шаарында жарык көргөн «Да Цин Сюаньцзун Чэнхуанди шилу» - «Улуу Циндин Сюанцзун Чэнхуандинин башкаруу жылнаамасы» аттуу кытай китебинин 131 баптын 16-17 беттери жана 137 баптын 6 беттеринде Цин императору Миньшиндин казак султаны Аблай Адилдин уулу менен 1827-жылдын аягынан 1828-жылдын июнь айы мезгилиндеги кат алышуу документтеринде буруттардын (кыргыздардын) жеринде курулуп жаткан «Писыгэкэ» аттуу коргон (крепость) беш ирет эскертилет. Казахстандык окумуштуу кытайтаануучу синолог-котормочу К.Хафизова ал топонимдин жазылышын орус тилинде «Бишкек» деп берген. Бир аз мурдараак, ушул эле топоним, ошол эле кытай булактарынан Кыргызстандык синолог Н.Мадеюев тарабынан жогоркудайча которулуп илимий чөйрөгө маалымдалган болуучу.

Ал эми 1870-жылдарда жазылган ортоазиалык орток түрк (өзбек) тилиндеги «Тарих-и Шахрухи» - «Шахрухтун тарыхы» аттуу жыйнактын автору молдо Нийяз Хоканди бул топонимдин атын «Пишкек» деп берет. Демек, Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде бул жердин аталышы ХIХ кылымдын башынан ортосуна чейин «Бишкек» болгондугу анык десек талашсыз.

Бышкекпи, Бышкакпы же Бышкычпы?

Жергиликтүү айыл билермандарынын бул топонимди көчмөндөрдүн үй тиричилик буюму - бышкек сабада кымызды бышуучу таякча менен байланыштырган түшүндүрүүлөрү, 1970 - жылы эле филология илиминин кандидаты жана жазуучу Шаршенбек Үметалиев тарабынан негизсиз деп четке кагылган. Айтмакчы, бышкек сөзүнүн мындайча жазылышы, бизден мурункулар жазып келген «бишкек» дегенге караганда, маңызын бир топ тагыраак ачып көрсөтөт, анткени анын уңгусу «бышуу» деген этиштен түзүлгөн, ал эми бишкек дегенде - сөздүн нукура мааниси бурмаланып - «бишкектөө» сөзүнө жакындап: «сайып - тешүү» түшүнүгүн билдирет.

Бишкек - Ыйык - Тоо же Байтиктин боз бөлтөгүнүн түштүк тарабы. Азыркы сүрөт. Сүрөттүн автордук укугу doolotbek saparaliev
Image caption Бишкек - Ыйык - Тоо же Байтиктин боз бөлтөгүнүн түштүк тарабы. Азыркы сүрөт.

Бышкек - көпчүлүк көчмөн элдеринин үй тиричилигинде колдонуучу буюм Кыргызстандын ар кайсы региодорунун карапайым (илимий - популярдуу басылыштардан кабарсыз) калкынын арасында ар кандай вариантта аталышы да муну ырастайт. Маселен, Кыргызстандын түндүк тараптарында - Жумгалда жашагандар, сабадагы тайякчаны «бышкыч», Сокулуктагы Туз аылдагылар "бышуур" дешсе, түштүктө «бышкак» делет. Белгилүү жазычуу, кыргыз кара сөзүнүн чебери - Ашым Жакыпбеков (1935-1994) да муну 1991 жылы эле "бышкек" деп жазыптыр. Биздин тилдик тектештерибиз - тувалык түрктөр муну «бышкы», алтайлыктар "пышкы" деп аташат. Ал эми хакас туугандарыбыз аны «пысхы» дейт экен. Мындан биз «пишкек» же «бишкек» деген (орус тилинин таасиринде) бурмаланган түрүндөгү сөз, жакынкы эле мезгилде нукура аталышы «бышкыч» же "бышуур" (бышып-ур) деген буюмга таңуулангандыгын баамдасак болот.

1991 - жылы 6-февралда Москва шаарындагы Россия телевидениясы боюнча «Время» («Мезгил») берүүсүндө журналист В. Федоровдун репортажында Кыргызстандын борбор шаарынын атынын өзгөрүшүн алдыда айтылган Бишкек - «айыл билермандарынын» таыйз түшүнүгүнүн негизинде, үй тиричилигинде колдонуучу буюм (таяк) деп чечмеленип берилиши, кеңири коомчулук тарабынан кыргыздардын улуттук сезимине кол салгандык катары кабылданганы да эсибизде.

Беш бийиктикпи же беш бекби?

Белгилүү топономист Эдуард Мурзаевдин маалыматы боюнча 1963-жылда эле казак окумуштуусу Е. Койчубаев Пишпек деген топоним пиш (беш) жана пек (беек - казак тилиннен - Д.С) - бийик деген сөз айкалышынан түзүлүп, мааниси беш бийиктикти билдирет деген пикирин айткан экен, бирок бул ой 1974-жылга чейин топонимия адистеринин колдоосуна ээ болгон эмес. Бизге да бул ой эч бир таянаксыздай сезилет.

Ал эми бул топоним «беш» жана «бек» деген эки сөз бирикмесинен түзүлүп беш бек маанисин берет деген элдик түшүнүк да илимпоз адистерди ынандыра албады.

Пишпек - тоо этегиби же Жетим Тообу ?

Басма сөз бетинде Кыргызстандын географиялык коомунун президенти Садыбакас Өмүрзаков «Пишпек» деген топонимдин пайда болушу биздин замандын ХII кылымынан эрте доорго таандык жана ал иран-согди жана түрк сөздөрүнүн «гибриддинен» түзүлүп, мааниси боюнча алды жак; этек; жака же тагырагы - тоо этегиндеги жер дегенди туюнтат деп божомолдоо айткан эле. Эгер бул ойду туура деп карап көрсөк, тоолуу Кыргызстандын чегинде мындай «Пишпек» деген топоним көп жерден жолукмак (мисалы: Ак-Суу-Ыссык-Көлдө, Чүйдө, жана Баткенде жайгашкан; Балыкчы - Ыссык-Көлдө, Ошто; Кайрыма - Ыссык-Көлдө, Чүйдө, Жумгалда; Кызыл-Үнкүр - Ысык-Көлдө, Жалал-Абадда; Кызыл-Ой - Чүйдө, Жумгалда, ж.б.) тилекке каршы мындай аталыш бизде жалгыз эле.

Казакстан Республикасынын архивинен табылган архив документинин фрагменти. Анда Пишпек уездиндеги Чыгыш Сокулук волостунун 1913 -ж. Пишпеков Шамбет деген улук (старшина) жөнүндө сөз болууда (РК БМА. Ф. 44. Оп.1.Д.21014. Л.2). Сүрөттүн автордук укугу doolotbek saparaliev
Image caption Казакстан Республикасынын архивинен табылган архив документинин фрагменти. Анда Пишпек уездиндеги Чыгыш Сокулук волостунун 1913 -ж. Пишпеков Шамбет деген улук (старшина) жөнүндө сөз болууда (РК БМА. Ф. 44. Оп.1.Д.21014. Л.2).

Кыргыз топоними «Бишкек» калыбына келтирилгенден кийин филолог Ишен Айтмамбетов өз түшүндүрмөсүн берген. Ал бул аталыш "Пешгох" деген - фарс тилиндеги эки сөздүн бирикмеси. 1. пеш - алды, маңдайкы, алдыңкы бөлүк (перед, передняя часть). 2. гох - орун, жай (место, жилище, обитатель). Бирикменин мааниси боcого же төрдөгү орун дегенди берет дейт. Көрүп тургандай бул ой жалпысынан С. Умурзаковдун айткан түшүндүрмөсүнө жакындап барат. Өзүнүн ой жүгүртүүсүнүн акырында Ишен мырза эмнегедир "пешгох" (тажик-фарс сөгү) кыргызча, эшик төр деген маанини берет деп бүтүмгө келген.

Дагы бир көз карашты географ Темиркул Эшенкулов тарабынан комчулугубузга, түрколог, тилчи Сагалы Сыдыковдун бул топоним байыркы түрк тилинин негизинде түзүлүп, алтайлык (ойроттордун Д.С.) биштек - деген сөзү жалгыз же Жетим-Тоо манисин түшүндүрөт экен, ал кийин кыргыз тилине «бишкек» деп кабыл алынган имиш деген божомолдоосун жарыялаган. Акыркы көз караштын авторлору ойроттор-монгол тегиндеги бөтөн элдин өкүлдөрү болгондугун жана Чүй өрөөнүнүн чегинде келгин калк катары бир аз убакыт, болжол менен 30—40 жыл гана жашашкандыгын көңүлдөн чыгарып коюшкандай. Ошондуктан бөтөн тилдүү, чет элдик - душмандар катары бул аймактагы эзелтеден жайгашкан жана сакталып келген түрк тилиндеги калктын жерлеринин аталышын кайрадан өзгөртүп ат коюга аракеттенишкени чындыкка жакындашпайт. Анан дагы, ойрот сөзү «биштек» - кыргыз тилине «бишкек» болуп кириши, каткалаң үнсүз «т» тамгасынын «к» болуп өзгөрүшү да алардын аргументтеринин ишенимсиз экендигин далилдейт.

Беш көнөкпү же Улуу Ыйык Тообу?

Тарыхчы Таабалды Акеров да бул аталышты чечмелөөгө аракет кылды. Башында ал кымыз куйган челек - «көнөк» деген аталышта айыл негизделип, кийин буга кандайдыр түшүнүксүз жагдайдан «беш» деген сөз кошулуп «көнөк» бекчиликке (ээлик - мамлекетче - Д.С.) айланып «бешбек» (орусчасы - пять союзных бекств) болуп калган десе, андан соң, XVII - кылымда жашаган енисейлик кыргыздардын уруу жетекчиси Бошхок Котон ысымдуу адамга байланыштырган көз карашынан дагы баш тартып, аягында «Бишкек» мааниси: бийик бийиктик тоо (чындыгында инибиз булар каттама бир түшүнүктөр экенине көңүл бурбай койгонсуйт - Д.С.), же башкача айтканда ыйык бийик тоо (орусчасы священная великая гора) деп бул аталышты Байтиктин боз (кээ бир адабияттарда бас же пас - жапысыраак мааниде делип жүргөнү да бар - Д.С.) бөлтөгүнө (дегинкисинде ал тоо жакынкы тоолорго салыштырмалуу анча деле бип бийик боло албагандай - Д.С.) байланыштуу экендигине макул болуу менен, мурунтадан айтылып келе жаткан биздин Ыйык Тоо (святая гора) делинген аныктамамыска жакындаштрып - Улуу Ыйык Тоо (священная великая гора) деп тактоо киргизүүгө аракеттениптир.

Академик Владимир Бартольдун макаласынан 1893-1894-жж. Чүйдөн көргөн Пишпек-Ата делген чеп жөнүндөгү сүйлөмүнүн фрагментинин сүрөтү. Сүрөттүн автордук укугу doolotbek saparaliev
Image caption Академик Владимир Бартольдун макаласынан 1893-1894-жж. Чүйдөн көргөн Пишпек-Ата делген чеп жөнүндөгү сүйлөмүнүн фрагментинин сүрөтү.

Кыргызстандык аймактаануучу В. Петров биздин көз карашты колдо менен, Чүйгө VII кылымда келип кеткен Сюань-цзан деген кытай саякатчысы азыркы Байтиктин боз бөлтөгүнүн төмөн жагында "Цзяньдан" - Миң булак же суу (орусча котормодо: Тысячи ручей) деген жерде абасы жагымдуу, салкын болгондуктан түрк каганы ар жыл сайын ысык аптаптан эс алып турат экен деген, россиялык тарыхчы кытай таануучусу Людмила Боровкованын кызыктуу маалыматын келтириптир. Айтмакчы, азыр Бишкектен түштүк тарапка сапар алганыбызда, Мамлекеттик резиденциядан бир аз өтө берерде, жолдун сол жагында мазар "Миң булак" деген, жол белгини көрө аласыздар. Ал эми бул аймактын кыргызча "Чоң арык" деп аталышы да бекеринен болбосо керек. Анткени "чоң" деген сөздүн бир өтмө мааниси "ыйык" экени муну ырастайт.

Бишкек - Пишкухтан тамырланган Ыйык Тоо!

Менин оюмча, «Бишкек» топонимдин негизин байыркы кыргыз же перс сөз айкашы - пишкух түзөт. Ал төмөнкү сөздөрдүн комбинациясы болушу ыктымал.:

1. Пиш - перс тилинен которгондо (орус тилинде - перед, передняя часть) кыргызча алды алдыңкы бөлүк деген маанини берет. 2. Пиш - байркы түрк сөзү - башкаруучу, өкүмдар (орус тилинде - повелитель, князь) экендиги да кызыгууну жаратат. Мында деле, улуулук, ыйыктык маани бар да. 3. Пишани - байыркы түрк же перс сөзү - биринчи вариантта - маңдай, чеке (орус тилинде - лоб), экинчиси - бакыт (орус тилинде - счастье). Айта кетчү нерсе, белгилүү тюрколог В.Радлов ушул эле сөздү кара кыргыздарга таандык деп белгилөө менен бешене деген түрүн орусча - прекрасный деп которуп берген. Азыркы кыргызча-орусча сөздүктүн түзүүчүсү К. Юдахин аны бешенелүү - счастливый, приносящий счастье деп которгон экен. Анын тагыраак мааниси кыргыз тилинде бактылуу, кут берүүчү же ыйык дегенди берет. 4. Кух - байыркы түрк же перс сөзү - тоо деп которулат.

Ушуга байланыштуу байыркы түрк же перс сөзү "кух", кыргыздын «кубарыңдын куу чокусу» деген ылакапта сакталып калгансыйт. Анткени, куу сөзүнүн бир мааниси да адамдын башы, анын чокусу же бийик нерсени, жерди туюнтат эмеспи. Маселен: Куча - Кытайдагы Турфан тоолу аймагындагы шаар, Алайкуу тоосу, Куувакы ашуусу деген Кыргызстандагы аталыштар да муну ырастайт.

1916-жылы Санкт-Петербургда басылып чыккан «Материалы по обследованию туземного и старожильческого хозяйства в Семиреченской области» (Пишпекский уезд Т.VII) аттуу китептеги Мамбет Пишпек жана Аманбек Пишпектер жөнүндөгү маалыматтын сүрөтү. Сүрөттүн автордук укугу doolotbek saparaliev
Image caption 1916-жылы Санкт-Петербургда басылып чыккан «Материалы по обследованию туземного и старожильческого хозяйства в Семиреченской области» (Пишпекский уезд Т.VII) аттуу китептеги Мамбет Пишпек жана Аманбек Пишпектер жөнүндөгү маалыматтын сүрөтү.

Ошентип, байыркы түрк же перс сөз айкашы «пишкух» кыргыз тилине пишкек же бишкек (маселен: кек деген бөлүгү кекирейген адам - өзүн өзгөчө бийик сезген киши) деп кирүү менен биринчи учурда мааниси боюнча: алдыңкы, маңдайкы тоо (чоку), же тоонун алдыңкы бөлүгү, бет маңдайы дегенди түшүндүрөт, экинчи учурда - бактылуу, ажайып, сүйкүмдүү тоо, же болбосо көбүнчө диний ишенич мистикалык, символикалык мүнөздөгү - бакыт алып келүүчү, дөөлөт тартуулоочу ыйык тоо деген түшүнүк берет.

«Байтиктин боз (бас) бөлтөгү» - өзгөчө, кереметтүү тоо!

Бул маңдайкы, бакыт алып келүүчү ыйык тоо болуп азыркы Бишкек шаарыбыздын түштүк чет жагында жайгашкан баарыбызга белгилүү «Байтиктин боз (пас) бөлтөгү» деп аталган тоо эсептелиши да толук мүмкүн. Себеби ал чындыгында эле алыстагы бийик тоолор кыркасынан жана оң жактагы тоо кырканын алды жагына өзгөчө бөлүнүп жайгашкан, б.а. бийик тоолордун негизги массасынан алдыга чыгып турат.

Калмак тилинде "боз" - орусча -"серый", кыргызчада - "ак боз ат", " боз үй", "боз торгой" деген аталыш сүйлөмдөр бар - маңызы ыйыктыкы билдирет да . Калмакча "болдг", монголчо - "болдог", - орусчага которгондо - "холм, бугор", кыргызчада - төбө же тоо. Жалпылаганда боз төбө (серый холм). Бул сөздүктөрдөгү маалыматтар да "Байтиктин боз (пас) бөлтөк тоосу" чыны менен өзгөчө тоо экендигинен кабар бергенсийт. Муну жогоруда келтирилген россиялык тарыхчы кытай таануучусу Л. Боровкованын бул тоонун ойдуңундагы "Миң булак" мазары жөнүндөүгү маалыматтары да ырастайт.

Пишпек шаарынын герби. Сүрөттүн автордук укугу doolotbek saparaliev
Image caption Пишпек шаарынын герби.

XIX кылымдын ортосунда ушул аймакта "Пиш тюбе" деген айыл жайгашканын өзбекстандык тарыхчы, прфессор Хайдарбек Бабабеков белгилегени да өтө кызыктуу. Бул балким, жакын арада эле кыргыздардын арсында пайда болгон Бишкектин түшугүндөгү "Таш дөбө" айылы, жогорудагы сөздүн өзгөртүлүп айтылышы сыяктанат. Анткени бул аймакта, үйлгөн таштан пайда болгон дөбө деги эле жок экен. Биринчисинин мааниси да "Ыйык дөбө" же баягы эле Ыйык тоо.

"Джуль" - чөлбү же "жолбу"?

X кылымга таандык араб чиновниги Абдул Фарадж Кудами ибн Жафардын маалыматында Чүй өрөөнундөгү он чакты ар кандай айылдардын (шаарлардын) арасында "Джуль" деген чоң айыл бар экендигин эскерет. Тарыхчылар Василий Бартольд, Александр Бернштам, Петр Кожемяко, Владимир Галицкий жана Валентина Горячевалардин пикирлеринде бул айыл азыркы Бишкектин аймагында жайгашкан. Аталган окумуштуулар "Джуль" дун мааниси кыргыз же түрк сөзү "чөл" деп такташып - орусчасы "степь" деп ачыкташышат экен. Менин пикиримде, бул ой жүйөөсүз сыяктанат, анткени ал жакта чөл - суусуз, кургактык баскан жер - жок экени белгилүү. Тагыраагы «Жол» болгонсуйт, сыягы, Улуу Жибек жолундагы шаар дегенди туюнтат.

Мындай ой жүгүртүүбүзгө төмөндөгү маалымат түрткү береет. VIII кылымга таандык байркы тибет булагында, Тибет мамлекетинин коңшүлары болгон "сегиз түндүк жерлердин (мамлекеттердин)" арасында борбору "Шу балык" аталыштагы чепте "Жол теңриге" сыйнган түрктөр жашашат делинген. Балык - эски түрк же уйгур тилинде (балчыктан жасалган, чамгырдан же чоподон курулган) шаар деген маанини берет. Менин баамымда Шу - Чу же Ча, бул Ала-Тоодон (Ала-Арча капчыгайнан) ылдый түндүккө карай аккан "Ала - Арча" суусу, байыркы түрктөр ча деп сууну атаганы белгилүү. Бул суунун (гидронимдин) мааниси да менимче - алабула болгон, же ак-ала дарак эмес - ыйык суу. Бул суунун дагы бир аталышы - "Ала Мүдүн" - "мүдүн" монголчо дайра, суу экени муну ырастайт. Балким араб чиновниги Чу же Чаны өз тилине багындырып жазган чыгар. Окумуштуу Сергей Кляшторнуйдун пикиринде "Жол теңири" түрктөрдүн экинчи даражадагы "Көк Теңири" ден кийинк сыйынуучу Кудайы болгон жана ошол эле тибеттик булактарда, аны "кара атчан жолдордун кудайы" делгенин маалымдаган. Башкача айтканда соодагерлердин колдоочусу катары эсептелинген. Орто кылымдагы кытай жана араб булактарында Чүй өрөөнүндөгу шаарларга чет жерлик көп соодагерлер кербендери менен келишип соода-сатыктарды жүгүзүшкөндүтөрү жөнүндө маалыматтар айтылат.

Фрунзе шаарынын герби. Сүрөттүн автордук укугу doolotbek saparaliev
Image caption Фрунзе шаарынын герби.

Ал азыркы Бишкек шаарынын аймагындагы «Жал» кичи айылынын атында сакталгансыйт. Кебетеси, аталган шаардын ал кездеги жашоочулары шаарга жакын турган кийин "Байтиктин боз бөлтөгү" аталган тоонун үстүндө, ар кандай коомдук иш-чараларды өткөрүшүп, Кудайга сыйынышып, кутту, бакыт алып келүчүү ыйык тоо катары эсептешкен сыяктуу.

Орто кылымдан бери эле Чүйдө Кудай жашаган ыйык тоо бар делиптир

Жогоруда келтирилген VII кылымда Чүй өрөөнүндө болуп кеткен кытай саякатчысы Сюань-Цзандын чыгармасындагы, азыркы "Байтиктин боз бөлтөгүнүн" жанындагы "Цзяньдан" - Миң булак мазары жөнүндөгү маалыматты ырастаган кошумча даректер да бар. Алсак, X кылымда жазылган кытайдын "Тан династиясынын тарыхы" деген эмгекте, Чүй өрөөнүндө жашаган, "он ок элинин (Батыш түрктөрдүн- Д.С.) каганы, Суяб (болжолдуу азыркы Токмок ш.) шаарынын батышындагы "Цзяньдан" аталыштагы тоодо, адатынча улуктарды жана аскер жетекчилерин дайындайт", делет. Мындан кийин, анда, ошол эле аймакта, «Цяньцюань" - Миң булак (орусча котормодо: Тысячи ручей) бар, "түрк каганы ысык аптаптан сактаныш үчүн, жыл сайын келип эс алат. Бул жерде колго үйрөтүлгөн, мойундарында конгуролор менен шакекчелер илинген бугулар (орусча: олень) жашашат" делген.

IX кылымдагы араб диний ишмери, тарыхчы Ат Табаринин кабарында Навикаттын (азыркы Бишкектин чыгышында 30 км. да жайгашкан орто кылымдагы шаар) жанында хакандын ээлигиндеги тоо жана жайыттар жайгашкан, булар өкүмдардын коругунда, анткени жоокердик жүрүш учурунда аны камсыз кылмак үчүн сакталууда. Дагы бир жеринде ал ыйык тоо деп берилген жана ага карай жаанын жебелери атылаары белгиленген. Ал эми XI кылымда жашаган газналык географ Абусеид Гардизинин жана X кылымда жазылган белгисиз араб автордун "Худуд - ал Алам" (Ааламдын чектери) чыгармасындагы маалыматтар боюнча Чүй өрөнүндө Узун-Агачтын жанында түрктөр ант алуучу тоо жайгашкан, алар анда Кудай жашайт деген ишеничте. Жогорудагы маалыматтардан көрүнгөндөй, орто кылымдан бери эле Чүй аймагында ыйык тоо бар болгондугуна ынанабыз.

Ушундан улам, пишкух - бакыт же ыйык тоосу деген түшүнүк түрк, анын ичинде кыргыз жана өзбек тилдерине кирген топонимдин маанисин тагыраак чагылдырат деп ойлоймун. Буга дагы бир далил - ал Өзбекстандын чегиндеги Кендир-Тау тоосунун жанында, ХIX кылымдын башталышына таандык орус тарыхый булактын маалыматы боюнча, Пишкент (азыркы учурдагу жазылышы - Пскент) аттуу шаар, жанында Пишкем (Пскем) суусу агып тургандыгы. Биз билгендей, кем - байыркы түрк (кыргыз) тилинде суу, дайра, (мисалы: Улуукем, Кичи-Кемин, Чоң-Кемин ж.б.), ал эми кент - шаар, дегенди түшүндүрөт. Андыктан, жогорудагы аталыштарды маңдайкы шаар жана маңдайкы суу деп которуунун кажети жок, туура (логикалык) ой жүгүртүү анын маанисин бактылуу же ыйык деген түшүнүккө көбүрөөк жакындатып турат, демек анын бакыт алып келүүчү ыйык шаарды жана бакыт (ыйык) суу же дарыя дегенди билдирээрин далилдейт.

Бешбалык эмес, Пишбалык же беш эмес - пиш, ал ыйктыкты туюнтат

Орто кылымдардагы уйгурлардын мамлекетинин борбору Чыгыш Туркестандагы Караходжонун жанында «Бишбалык» (кытайчасы - Бейчин, Бейджин) аталышта дагы бир шаар болгондугун илимпоздор жакшы билишет. Айтмакчы, XV кылымда жазылган Абд ар-Разак Самаркандинин "Матла ас - Садаин" деген эмгегинде, Пишпалыктык сулуу кыздардын эмир Темирге тартууланганы айтылат экен. Мындан биз, бул шаардын башталышындагы аталышы Пишбалык экендигине ынанабыз. Жөн жерден аны башкача Ордобалык (борбор шаар) дешкен эмес чыгаар. Көпчүлүк тарыхчылар ушул шаардын аталышын көбүн эсе Бешбалык (Пятиградие) деп жазышат, бирок, беш шаар бир өрөөндө негизделип кийин кошулуп кетиши күмөндүү экенин, россиялык кытайтаануучучу А. Малявкин белгилейт, ал аны мамлекеттин негизги (главный) шаары деген япон окумуштуусу Т. Абени колдойт. Демек, ушул шаардын аталышынын мааниси да менимче бакыт же ыйык шаар дегенди билдирет. Төмөндөгү маалыматтар да муну ачыктайт. Ферганада XIX - кылымда өзбектердин миң уруу бирикмесине тийешелүү «Бишкапа» (менимче котормосу: пиш - ыйык, капа түркчө - дарбаза) жана «Бишкапакуи» (көй - түркчө - айыл, демек ыйык дарбазалуу айыл) аталыштагы айылдар болгон экен.

1927-жылдын 7-ноябрындагы Пишпектеги демонстрация . Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption 1924-жылдын 7-ноябрындагы Пишпектеги демонстрация.

Ал эми Кыргызстандын аймагында бизге азырынча белгилүүлөр: Ала-Букада жана Таласта - «Беш-Таш» (айтмакчы, XIX - кылымдагы булактарда Кетмен-Төбө менен Таласты бөлүп турган тоо бөксөсүнүн Биш-Таш деп жазылышы жолугат экен, ал эми ошол эле тоо ашууну жергиликтүү калк Ак (Ыйык) - Таш дегени өтө кызыктуу), Базаркоргондо - «Беш-Бадам», Лейлекте - «Беш-Кенд», Сузакта - «Беш - Бала», Өзгөндө жана Жумгалда - «Беш-Терек» айылдарынын аталышынын мааниси да сан өлчөмүн билгизбестен, (пиш) ыйык деген түшүнүккө жакындашат, анткени бул жерлерде көбүн эсе мазарлар жайгашышканы белгилүү.

Ал эми Чүйдөгү «Байтиктин боз (бас) бөлтөгү» тоосунун түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан «Беш-Күнгөй» айылынын аталышын - беш күнгөй деп которуу - маңызсыз экени талашсыз. Бул топоним деле бурмаланган үч сөздөн куралган өңдөнөт. Беш - пиш - ыйык, күн - кух - кек - тоо, гөй - көй - айыл. Мааниси - ыйык тоонун жанындагы айыл же ыйык күнөстүү айыл).

Ирандын Луристан деген аймагында «Пишкух» аталыштагы тоо азыр да бар экендиги өтө кызыктуу. Ал эми Түркменстанда дагы бир тоонун аталышы «Пиштаг» - мунун котормосу да бакыт тоосу.

Пишбек баатыр жөнүндөгү тарыхый даректер

Айрым «тарых билермандагрынын» уламыштарга таянышып «Бишкек» - бул ХVIII кылымдын ортосунда Чүй өрөнүндө жашаган белгилүү кыргыз баатырынын ысым-аты деп көрсөтүүлөрү, бери дегенде жаңылыштык болуп эсептелет. Бул жөнүндө өзүнчө атайлап иликтөөдөн кийин, кенен сөз кылсак болчудай.

Фрунзедеги өкмөт үйү. 1939-жыл. Сүрөттүн автордук укугу мамлекеттик архив
Image caption Фрунзедеги өкмөт үйү. 1939-жыл.

Азырынча айтаарыбыз, биринчиден, ал баатырдын ысым-аты кыргыз элине таандык ысым-ат коюунун мыйзамдарына ылайык Бишкек эмес Пишпек, же тагыраак Пишбек деп аталышы лаазим. Баарына маалым болгондой, кыргыздар ысым-ат коюу өнөкөтүнө өзгөчө маани беришкен, ал тургай фаталисттик (баланын келечек тагдыры менен байланыштырган) ишенимде болушкан. Пишбек антропоними көпчүлүк кыргыз ысым-аттарына мүнөздүү эки бөлүктөн туруп: Пиш (Биш) - бактылуу, бек - бийлик ээси же төрө дегенди түшүндүрөт. Толук мааниде бактылуу бийлик өкүмары дегенди берет. Бактылуу же ыйык тоонун жанында төрөлгөн баланы мындай атоо кыргыздарда кадыресе көнүмүш болуп саналат (маселен: Жумгалбек, Нарынбек, Таласбек ж.б.).

Экинчиден, мен ХVIII кылымдан - ХХ кылымдын башына чейинки кыргыздарга тиешелүү документтер менен бирдикте 1916-жылы Санкт-Петербургда басылып чыккан «Материалы по обследованию туземного и старожильческого хозяйства в Семиреченской области» (Пишпек жана Пржевальск уезддери VII-VIII т.т.) аттуу китепке киргизилген он миңдеген кыргыз ысым-аттарын карап чыктым. Мында биз Бишкек ысым—аттуу адамды кезиктире албадык. Ошол эле кезде Ала-Арча колотунда (урочище) Чыгыш-Сокулук болуштугундагы № 3 жана № 4 айылдарында солто уруусунун түлөберди уругунан Мамбет Пишпек (тагыраагы - Пишбек) жана Аманбек Пишпек аксакалдарынын ысым-аттары белгиленген. Казакстан Республикасынын архивинен жакында табылган архив документинде (№3 - сүрөт) Пишпек уездиндеги Чыгыш Сокулук волостунун 1913 -ж. Пишпеков Шамбет деген улук (старшина) жөнүндө кызыктуу маалыматтар жолугат экен.

Айтмакчы, 1966-жылы жазуучу Ш. Үметалиев 82-жаштагы Молдокул Өмүрзак уулу Пишпеков менен кезигишип сүйлөшкөн. Ошондой эле Таластагы кыргыздын саруу уруусунун генеологиялык санжырасында Өмүрдүн уулу Пишпек ысым-аттуу адам жолугат. 1893-1894-жж. Чүйгө келген даңазалуу чыгыштаануучксу академик Владимир Бартольд өзүнүн макаласында уездин борбор шаарынын чыгыш тарабында жаңы мезгилдерде пайда болгон когондун калдыктары "Пишпек-Ата" жөнүндө сөз кылат. Кыргыз тарыхчысы Б. Солтоноевдин ХХ кылымдын 30-жылдарында жазган «Кыргыз, казах тарыхы» жыйнагынын кол жазма вариантында солто уруусунун белгилүү баатыры Пишпек деп берилген.

Деги эле, кыргыздардын солто уруусунан чыккан Жоочалыштын урпактарынан болгон XVIII кылымда жашаган делген Бишбек баатыр жана дагы бир ушундай бурмаланган Бишкек лакап ысымдуу Эркөбөк уулу Бутак баатыр - аксылык саруу уруусунун өкүлү, ошондой эле таластагы саруу урусунан Баркы уулу Бишкектер жөнүндө бир да жазма (орус, кытай, өзбек, уйгур) тилдердеги булактарда азыркыга чейин маалыматтар жок экендигин, ушул мезгилди көптөн бери изилдеген адис катары, так айта аламын. Күмөндүү уламыштарга негизделген кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун "Бишкек баатыр" га арналган чыгармалары, накта акыйкаттуу изилдөөлөрдү баамдашкан, көпчүлүк окуурмандарды ынандырбаганы белгилүү. Демек, Бишбек баатырдын тарыхын жаңыдан илимий негизде тарыхчы адистер тарабынан даректүү жазма булактардын же болбосо жок дегенде ынанымдуу тарыхый ыкма менен изилдениши, мезгилдин талабы экендигин баса белгилеймин. Азырынча, менин кабарымдагы уламыштардын малыматтары жана айрым архивдик даректер боюнча, ал XVIII кылымда жашаган эмес сыяктанат, солто уруусунун эл башчысы 1838-1840 жж. өлгөн Канай Түлөберди уулунун замандашы болгон делет экен. Ошентип, даңазалуу кыргыз баатырынын тарыхын тагыраак изилдеп чыгып, татыктуу иштерин далилдеп туруп - Бишкек ысымы менен эмес, Пишпек (Пишбек) баатыр деп, тагырак атап эстелигин койсок акыйкаттулук болчудай.

Жогорудагы маалыматтар Пишпек же Пишбек антропоними кыргыздар арасында кадыресе көнүмүш болгонун айгинелейт, ал эми Бишкек деген ысым-ат кездешпегенин ырастайт. Ушундан улам ХХ кылымдын башына чейин «Бишкек» антропоними - адам аты катары калыптана алган эмес деп толук айта алабыз.

Пишбек баатырдын ысымын борбор шаарыбыз 48 жыл алып жүргөн

Демек, «Пишбек» антропоними бир аз өзгөртүлүп «Пишпек» деген антротопонимге (адамдын ысымынан аталган жер) айланган (ал 1878-жылдын 29-апрелинен, 1926-жылдын 26-майына чейин, алгач Россия империясынын Токмок жана Пишпек уездинин, андан соң Советтик Кыргызстандын борбор шаары катары 48 жыл турган) жана бишбек (тагыраагы пишбек) аттуу кыргыздардын солто, саруу урууларындагы уруктардын аталышы «Бишкек» - «Бакыт же Ыйык тоо» топонимден пайда болгон аталыштар экендигине ынанабыз.

Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев - Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, профессор.
Image caption Дөөлөтбек Бекиш уулу Сапаралиев - Бишкек гуманитардык университетинин кафедра башчысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери, профессор.

Жыйынтыктап айтканда, КР борбор шаарынын аталышы адамдын ысымы эмес, ушул Борбордук Азия аймактарындагы, өзгөчө көчмөн элдердин шаарларга берилүүчү традициясына ылайыкталып коюлган аталышы - "Бишкек" - "Ыйык Тоо" экенинен күмөн санабашыбыз керек. Бул Бишкек шаарынын тумары же символу болуп бүгүнкү күндө бизге белгилүү «Байтиктин боз бөлтөгү» экендигинен кабар берип, нукура мааниси бакыт алып келүүчү куттуу ыйык тоо экенин так билип, элибизге жана келген конокторго да көтөрүңкү паанайда, сыймыктануу менен айта жүрүшүбүз керек экенин унутпайлы. Жана да аны ыйык жай катары көзүбүздүн карегиндей аздектеп сактоону эсибизден чыгарбообуз абзел. Анткени, акыркы мезгилде бул тоонун батыш тарабы кертилип, топурагы ар кандай курулушка колдонуулуда.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.

Тектеш темалар