100 айым: Эр жүрөк медайым
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

100 айым: Эр жүрөк медайым

100 айым өнөктүгүнүн алкагында Би-Би-Си адаттан тыш аракет жасаган чыгаан аялдар менен жолукту. Мадина Иминова 2010-жылы 7-апрель күнү ок атылып жаткан "Ала-Тоо" аянтын кесип өтүп, атайын даярдыктагы аскерлерге жеткен.

Медайым ок атышууну токтотууга аракет кылган. “Бирок ок чыгарууга буйрук бергендер менен жолугуу аракетимден майнап чыккан эмес”, - дейт Мадина Иминова.