"Тарых барактары": Аксы окуясын эскерүү
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

"Тарых барактары": Аксы окуясын эскерүү

2002-жылы 17-мартта Аксыда милиция күчтөрү тынч жүрүшкө чыккан демонстранттарга ок атып, алты адам курман болгон.

Бишкекте саясий ачкачылык учурунда укук коргоочу, активист Шералы Назаркулов курман болгон. Ушул окуядан кийин өлкөдө саясий абал курчугандын үстүндө болуп, акыры 2005-жылы Акаевдин бийлигинин кулашына алып келди.

Тарыхчы окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдокасымов Аксы окуяларынын тарыхый маанисине токтолушат.