Евразиялык жаз майрамы - Нооруз!

  • 20 март 2017
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргыз кыздары, кыргыз бийи

Евразиялык жаз майрамы - Нооруз күн менен түн тогошкон 21-мартта белгиленет.

Кытайдан Балканга чейинки аймакта диний ишеними жана маданияты ар башка болгон элдер бул күндү белгилейт.

Map of Nooruz
Image caption Ноорузду майрамдаган мамлекеттер

Адам баласы жаздын келишин үч миң жылдан бери майрамдап келет. Жаздагы күн менен түндүн теңелиши байыркы Месопотамиядагы астрономиялык эсептер негизинде такталган деп айтылат.

Бир миң жыл мурун мусулман илимпоздору Нооруз күнүн тактап, изилдеп көрүшкөн. Хорезм аймагынан чыккан Абу Райхан Бируни, ирандык Омар Хаям жана кыргызстандык Махмуд Кашгари изилдөөлөрү жана арифметикалык эсептери аркылуу Нооруздун так күнүн аныкташкан.

Children taking part in Nowruz celebrations in Hami (Kumul), Сүрөттүн автордук укугу Xinhua agency
Image caption Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык аймагындагы Нооруз маанайы

Жаз майрамы байыркы цивилизациялар тарыхынан тамыр алат. Байыркы замандан бери адам баласы ай менен күндүн кыймылына назарын салып келген. Алар табияттагы өзгөрүүлөрдү түшүнүүгө аракеттенишкен.

Нооруз жөнүндө кыска тасма

Фарси тилинде Нооруз - жаңы күн дегенди билдирет. Илгертен бери ал Афганистан менен Иранда Жаңы жылдын башталышы деп таанылган. Бара-бара Ноорузду белгилөө Ирандын маданияты жана салты менен жуурулушуп калган. Зороастризмде жаздын келиши жамандыктын үстүнөн жакшылыктын жеңишин билдирет. Алар үчүн Нооруз эң маанилүү майрам. Ирандын Езид провинциясында бир кыштактын тургундары байыркы салттарды кармоого аракеттенип келет. Би-Би-Си Фарси кызматынын кабарчысы Али Аттар Зороастриялык динде Нооруз учурунда кандай жөрөлгөлөр болгонун айтып берди.

Зороастризмде Нооруз эң маанилүү майрам

Афганистанда Талибан бийлиги алдында отко жалынып, Кудайга акаарат келтирген ишеним катары Ноорузга тыюу салган. Өтө консервативдүү динчилдер азыр деле Ноорузду сынга алат. Буга карабай, Дыйкандын күнү деп аталган Нооруз көп афгандыктардын сүйүктүү майрамы.

Кабулдагы мечит
Image caption Кабул шаары, Афганистан

Он миңдеген ирандыктар Нооруз майрамын эркин маанайда белгилөө үчүн чектеш Арменияга, Азербайжанга келип турган. Өткөн жылы Армения ирандык туристтер үчүн виза талаптарын жеңилдеткен соң, Арменияга келген ирандыктардын саны кескин көбөйдү. Ал эми быйыл ирандык туристтерди Нооруз учуруна Грузия кабыл алат окшойт. Би-Би-Синин кабарчысы Райхан Демитри Грузиянын баш калаасы Тбилисиге барып ирандыктар Ноорузду ал жерде кандай белгилейт экенин көрүп келди.

Тбилисиде Ноорузду тоскон ирандыктар

Советтер Союзу таркагандан кийин Борбор Азиянын жаңы мамлекеттеринин башчылары исламдык салттардын кайра жанданышына өтө сак мамиле кылышты. Анын оордуна алар диний эмес байыркы салт болгон Нооруз майрамын кабыл алып, Орусиядан көз каранды эместиктин, маданий өзгөчөлүктүн майрамына айлантышты.

Өзбекстанда Нооруздун маданий өзгөчөлүгү бар. Советтик бийлик учурунда Ноорузга ырым-жырымдарга ишенүү катары тыйуу салынган. 90-жылдардын башында Нооруз кайрадан майрамдала баштаган жана бул майрамдын артында аялдар эң негизги күч болуп келген. Би-Би-Си Өзбек кызматынан Гулсевар Замон байыркы салтты сүрөттөп берет.

Өзбекстанда сүмөлөк кандай жасалат?

Нооруз майрамы мурдагы СССРдин курамына кирген мамлекеттерде ири өзгөрүүлөргө туш болду. Улуу Жибек Жолунда жайгашкан өлкөлөрдүн тургундары байыркы Нооруз майрамын белгилеп келишет. Нооруз СССР ураган мамлекеттерде кимдигин аныктаган майрамга айланган.

Миң жылдык тарыхында Нооруз майрамы көп жерлерде жаркыраган маанайдагы окуя болсо, айрым жерлерде саясий талаптар коюлган демонстрацияларга айланган. Жакынкы чыгыштагы күрд коомчулугу Ноорузду өз ураандарын чакыруу күнү катары белгилейт.

Iraqi Kurds Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ирактык күрддөр от менен тоого чыгууда. Багдад, Ирак

Араб өлкөлөрү ичинен жалгыз Ирак гана Ноорузду ЮНЕСКОнун Адамзатка таандык маданий мурас тизмесине кошуу боюнча кайрылууга кол койгон. Илгертен бери Нооруз Ирактын аймагында майрамдалып келген. Ирактын соңку тарыхында Ноорузду күрттөр, араптар, түркмөндөр, езиддер ошондой эле христиандар, сунит жана шийит мусулмандары да белгилешет.

men danicing Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Ирактык күрддөр "Дабкка" Нооруз бийин бийлеп жатышат. Акра, Ирак

Ирактын Күрдистан аймагынын тургундары Ноорузду айылдар менен шаарларда көчөгө чыгып шаңдуу белгилешет.

Children in a doorway Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кичинекей күрд кыздар Ноорузду майрамдоодо. Акра, Ирак

Адатта, Нооруз жакындар жана достор менен жолугуп көнүл ачкан, жана көзү өтүп кеткендерди эскерген учур. Кылымдар бою Нооруз жаңы келе жаткан жыл жакшылыктын жылы болушун тилеген майрам болуп келген.