Султан Жумагулов: "Кыргыз кызык эл экенбиз"
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Султан Жумагулов: "Кыргыз кызык эл экенбиз"

Би-Би-Синин "Насыйкат" адабий берүүсүнүн кезектеги мейманы жазуучу жана журналист Султан Жумагулов болду. Жакында бул кесиптешибиздин “Кыргызча жашоо бормуласы” деп аталган жаңы китеби чыкты. Анда совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болуу, эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушун чагылдырган аңгемелери, сатиралык чыгармалары кайрадан топтолуп жарык көрдү.