Италия мигранттарга портторун жапкан жатат
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Италия мигранттарга портторун жапкан жатат

Италия Жер ортолук деңизи аркылуу каптап келип жаткан мигранттарга ээ боло албай жатканын билдирип, Евробиримдикке жардам сурап кайрылды.

Эгер жардам болбосо, деңизде кырсыктап чөгүп жаткан мигранттарды куткаруучу кемелерге портторун жаап кое турган эскертти. Мындай кемелер негизинен ар кайсы өлкөлөрдүн гуманитардык уюмдарына таандык. Бирок куткарылган мигранттар Италиянын жээгине гана түшүрүлүүдө.

Италиянын Евробиримдиктеги өкүлү Маурицио Массари биримдиктин жетекчилигине өткөн жумада жазган катында кырдаал колдон чыгып баратканын билдирген. Италиянын премьер-министри Паоло Джентилони европалык башка мамлекеттер бул көйгөйдү көрмөксөн болуп жатат деп айыптады.

Түндүк Африкадан деңиз аркылуу Италияга келген мигранттардын саны соңку төрт күндө эле он миңге чыкты. Ал эми жыл башынан бери Италияга келгендер 73 миңди түздү.