Юпитердин эбегейсиз чоң кызыл тагы изилденүүдө

Сүрөттүн автордук укугу NASA/JPL-CALTECH/SWRI/MSSS
Image caption "Жуно" мейкиндик аппараты Юпитердин Түндүк уюлун сүрөткө түшүрдү

НАСАнын өзүн-өзү башкарган мейкиндик кемеси Юпитердин эбегейсиз чоң кызыл тагын же планетада жүз жылдан бери уланып келген бороон-чапкынды изилдеп, ал эмне себептен башталганын жана структурасын аныктамакчы.

"Жуно" аттуу мейкиндик аппараты Жер планетасынан 2011-жылы учуп чыккан. Илимий космостук аппарат 1830-жылдан бери байкоого алынган сырдуу бороонду биринчи жолу жакын барып иликтейт.

НАСАнын "Жуно" атуу мейкиндик аппараты 12 ай мурун Юпитердин атмосферасына ийгиликтүү кирген. Андан бери мейкиндик аппараты Күн системасындагы эң чоң планетага 53 күн сайын жакын учуп келип, изилдөө иштерин жүргүзүп жатты.

Эми "Жунонун" баардык техникалары, анын ичинде видео камерасы Юпитердеги жүз жылдан бери уланып келген бороон-чапкынды изилдемекчи. Учурда мейкиндик аппараты планетадан 9 миң чакырым аралыкта учуп бара жатат.

"Жуно" миссиясынын башында турган окумуштуу Скот Болтон изилдөө иштери бороондун сырын ачат деп үмүттөнүүдө:

Сүрөттүн автордук укугу NASA/HANDOUT
Image caption НАСАнын өзүн-өзү башкарган мейкиндик кемеси

"Бороондун артында эмне турат? Анын энергия булагы кандай жана кантип жүз жылдан бери уланып келе жатат? деген суроолорго окумуштуу катары жооп тапкым келет. Албетте, көптөгөн теориялар бар. Эми "Жунонун" техникаларын колдонуп, бороондун булагын аныктоого аракеттенебиз. Ал аркылуу анын кубаттуулугун дагы түшүнсөк болот. Муну менен жөнөкөй суроолорго жооп табалы деп жатабыз".

"Жуно" миссиясы Юпитер туралуу мурдагы теорияларды эмитен эле жокко чыгарды. Мисалы, планетанын магнит талаасы мурда жоромолдонгондон дагы жогору болуп чыкты.

Тектеш темалар