ГЭС курулушунун кел-кели келдиби?
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

ГЭС курулушунун кел-кели келдиби?

Чехиянын компаниясы Кыргызстанда курулушу токтоп калган Жогорку Нарын каскадын жана бир катар чакан ГЭСтерди кура турган болду. Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча 2012-жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөттөрү макулдашууга кол койгон эле. Бирок бул келишим Орусия тарап каражат тартыштыгын айткандан кийин келишим бузулган.

Би-Би-Си Электр станциялары акционердик компаниясынын каптиалдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шабыралиев менен эксперт Расул Үмбөталиевди чакырып, ушул маселени талкулады.