Усэйн Болт: сегиз жолку Олимпиада чемпионунун карьерасы 9,58 графикада

Usain Bolt

Усэйн Болт тарыхтагы эң мыкты жөө күлүк деп аталат.

Ямайкалык атлет Лондондо өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионаттан кийин спорттон кетем деп билдирди. Би-би-си аны эмнеге "легендардуу" спортчу катары аты чыкканын жана ага кантип жеткенин 9,58 графада көрсөтөт.

1

Болт тарыхтагы эң күлүк атлет. Ал 100 метр аралыкта үч жолу рекордду жаңыртты. Спортчу биринчи жолу тогуз жыл мурун жаңы рекорд койгон.

Болт жердеши Асафа Пауэллдин (9,74 секунд) дүйнөлүк рекордун 2008-жылы жаңырткан. Болт 100 метр аралыкты 9,72 секундда жүгүрүп келген. Ошол эле жылы Бээжин шаарындагы Олимп оюндарында спортчу 100 метрди 9,69 секундда келип, өзүнүн рекордун жаңыртты.

2009-жылы Берлин шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта 9,58 секундда жүгүрүп, жаңы рекорд койду.

Биринчи дүйнөлүк рекордду, жаңы түзүлгөн Эл аралык жеңил атлетика федерацияларынын ассоциациясы (IAAF) 1912-жылы Стокгольм шаарында каттаган. Андагы мелдеште америкалык Дональд Липпинкотт 100 метр аралыкты 10,6 секундда келген.

Айтылган аралыкты он секунддан аз убакытта биринчи жолу Жим Хайнс 1968-жылы жүгүргөн. Бирок биринчи рекордду бир секундага кыскартуу үчүн дээрлик бир кылым талап кылынды - ага Болт жетишти.

2

Ал көп мелдештерде атаандаштарынан тезирек жүгүргөн. IAAFдин маалыматы саналуу гана сандагы спортчулар 100 метр аралыкты улам 10 секунддан аз убакытта жүгүргөнүн көрсөтөт.

Жим Хайнстен кийин 124 гана эркек спортчу аралыкты 10 секунддан аз убакытта жүгүргөн.

Ал эми айтылган дистанцияны 9,78 секунддан аз убакытта бир ганан Болт, ямайкылык жердештери Йохан Блейк менен Асафа Пауэлл - АКШлык эки спортчу Жастин Гэтлин менен Тайсон Гей (графикада белгиленген) жүгүрө алган.

Болт болсо тогуз жолу аралыкты 9,78 секунддан аз убакытта жүгүргөн.

3

Албетте, Болот бир гана 100 метр аралыкта жарышкан эмес. Ямайкалык спортчу 200 метр мелдештерди дагы мыкты жүгүрөт. IAAF 1977-жылы автохронометр колдоно баштагандан бери Болт эки аралыкта дүйнөлүк рекордду жаңырткан жалгыз адам.

2008-жылы Бээжин шаарында өткөн Олимпиада оюндарында Болт 200 метр аралыкты 19,30 секундда жүгүрүп, 12 жыл мурун Майкл Жонсон (19,32 секунд) койгон рекордду жаңырткан. Андан соң Берлин шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта 200 метрди 19,19 секундда жүгүрүп келген.

4

Ал өзүнө ишенген спортчу.2017-жылкы Лондон шаарындагы Дүйнөлүк чемпионаттан тышкары, Болт 2008-жылдан кийин ар бир Олимпиада жана Дүйнөлүк чемпионатта катышкан жарыштарында биринчиликти алган.

2016-жылы Риодогу Олимп оюндарында Болт үч алтын медал алып (100 метр, 200 метр, 4x100 эстафета) - тарыхта "өлбөс-өчпөс" даңга бөлөнгөн адам болдум деп белгилеген.

Болт 2008-жылы эстафета мелдешинде утуп алган медалынан айрылган. Ага Ямайка командасындагы Неста Картердин канында козуткуч табылганы себеп болгон. Картер Спорт боюнча Арбитраждык сотко арызданган.

Атлет карьерасында 2017-жылы болгон Дүйнөлүк чемпионатта коло медал алган жана 2011-жылы Түштүк Кореяда жарышты эрте баштаганы үчүн дисквалификация болгон. Башка баардык мелдеште алтын медал алган.

5

2008-жылдан кийин, Болт 2012-жылы өткөн Ямайканын Улуттук чемпионатында 200 метр аралыкта жердеши Блейктен артта калган.

Блейк 100 метр аралыкты дагы уткан. Болт карьерасында беш гана чоң чемпионатта 100 метр аралыкта жеңүүчү аталган эмес.

Гэтлин, Кристиан Коулман, Пауэлл жана Гей 100 метр аралыкта Болттон биринчи келип, чемпион болгон.

6

Болт чынында абдан тез жүгүрөт. Ал 100 метр аралыкта дүйнөлүк рекорд койгондо 10 метрди 0,81 секундада жүгүргөн - ал саатына 44,51 км барабар - же чаап бараткан күлүк аттын ылдамдыгына тете.

Бирок ямайкалык атлет 100 метр аралыкты күүлөнүп жүгүргөндө 9,58 секунддан дагы тез келген. Мисалы, 200 метр аралыкта дүйнөлүк рекорд койгондо (19,19 секунд), ал акыркы 100 метрди 9,26 секундда жеткен. Ал эми 2015-жылы 4x100 эстафета жарышында Болт 8,65 гана секундда финишке жеткен.

Бирок травмалардан кийин жана жашы өткөн сайын Болттун көрсөткүчтөрү дагы өзгөрдү. 31 жашка чыккан Болт 2016-жылы 100 метр аралыкты 9,81 секундда жүгүрдү жана 200 метр аралыкты 19,78 секундда келди. Ал мурдагы көрсөткүчтөрүнөн жай болгонуна карабастан, эки жарышта тең алтын медаль алган.

7

Болт кантип укмуштудай тез жүгүрөт? Суроого так жооп жок, бирок Journal of Human Kinetics аттуу журналга чыккан Крыштоф жана Меронун изилдөөсүндө - Болттун 195 см. бою ага жарышта артыкчылык бергенин жазышкан.

Жеңил атлетикада бойдун өтө узун болгону тескерисинче кемчилик катары сыпатталат. Себеби мелдеш жаңы башталып, спортчулар жерден бүт күчү менен түртүнүп чыгып, күүлөнүп жатканда бою узун атлеттер салыштырмалуу жайырак кыймылдайт.

Бирок окумуштуулардын айтымында, жарыштын жарымында "Болттун бою узун болгондуктан, анын бир кадамынын аралыгы өтө чоң болуп, спортчу өтө тез ылдамдыкты көбүрөк убакытка кармай алат жана ылдамдыкты азайтуу убактысы дагы башка спортчуларга салыштырмалуу жайырак".

8

Болттун бир кадамынын орточо аралыкы 2,47 метр. Демек, ямайкалык спортчунун кадамынын орточо аралыгы башка атаандаштарына салыштырмалуу 20 сантиметрге көбүрөк. Ошол эле учурда Болттун жарыштагы кадам шилтегени өтө тез.

Айтылган факт атаандаштары үчүн өтө коркунучтуу комбинация. Болт жарыштын башында жайырак жүгүргөнү менен, атаандаштарын тез эле кууп жетет.

Крыштоф жана Меронун изилдөөсү ямайкалык спортчу 100 метр аралыкты 41 кадам шилтеп өткөнүн тапкан. Ал эми анын атаандаштары орточо эсеп менен алганда 45 кадам шилтеп дистанцияны жүгүрүшөт экен.

9

Бирок Болт жарышты салыштырмалуу жай баштап жатпайбы? Атлет атаандаштарын тез эле кууп жетет.

Чынында Болттун реакциясы мелдештин башында жайырак. Ямайкалык спортчунун Олимпиада жана Дүйнөлүк чемпионаттарындагы (2011-жылы болгон фальстартты эске албаганда) реакциясынын орточо көрсөткүчү 0,158 секундду түзөт. Анын атаандаштары жарышты 0,149 секундда баштаган (орточо эсеп менен алганда).

Бирок Майкл Жонсондун айтымында, Болт мыкты жарыштарында атаандаштарынан калбай тез баштайт. "Видеолорду кайталап көрсөк, мелдештин соңку 30 метринде Болт башка атлеттерден калган жок. Бою абдан узун спортчуларга бул өтө сейрек көрсөткүч", -деди Жонсон.

Дүйнөлүк рекорд койгондо Болт жарыштын башынан аягына чейин баарынан тез жүгүргөн. Биринчи 20 метр аралыкта эле атаандаштарынан оозуп кетип, андан кийин күүлөнүп алганда эч кимди жеткирген эмес.

Бирок 2017-жылы Лондондогу Дүйнөлүк чемпионатта Болттун реакциясы 0,183 секунд болду - бул башкаларга салыштырганда 0,031 секунд жайырак.

9,58

Болт бир гана жөө күлүк эмес. Анын "чагылган Болт" позасында тургандан баштап, атлет мелдеш учурунда дагы көп тамашалаганды жакшы көрөт. Мисалы, Бээжин Олимп оюндарында болжолу менен "бир миң" чикен-наггетс жегенин жарыялаган. Болттун тамашөкөй маанайы, аны күйөрмандарга жакындатты жана даңкка бөлөдү.

Албетте, финишке жеткенден кийики аракеттерин карап, ал өтө эле "мактанат" деген сындар дагы арбын. Бирок жалпысынан Болтту күйөрмандар жакшы көрөт.

Атак менен бирге демөөрчүлүк мүмкүнчүлүгү дагы өсөт эмеспи. Forbes журналынын маалыматына таянсак - Puma, Mumm champagne, Advil жана башка компаниялар Болтко демөөрчү болуп, ал 2016-17-жылы 34,2 миллион доллар киреше алган. Журнал атлетти эң бай 100 спортчунун катарына кошкон.

Бирок Болт байлыгы менен бөлүшүп келгени дагы маалым. Спортчу кайрымдуулукка көп акча которуп, өзгөчө өзүнүн Ямайкадагы мектебине жардам берет.

Спорттон кеткенден кийин Болт көлөкөдө калабы? Атлет "эс алып, турмуштун ырахатын көрөйүн", -деп билдирди.

Андан соң Жеңил атлетика боюнча уюмдарда ишке чакырылса керек.

Арийне Болт спорттон кеткенден кийин, анын жоктугу сезилет. IAAF уюмунун жетекчиси лорд Коу, жакында Би-би-сиге берген маегинде: "Биз анын тамашөкөй мүнөзүн сагынабыз. Биз жаркыраган касиети бар атлеттерди көргүбүз келет", -деп айткан.

Чынында Болттун "жаркыраган" адамдык сапатын эч кандай график түшүндүрө албаса керек.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Тектеш темалар